Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Мани Ясо устатына бой тирешип, Потала Ордосарайынын тоодон түшкөн дайра сыяктуу кенен агылып жаткан таш тепкичтери менен ойдо көтөрүлө баштады. Тибетке келе электе ал жакыр киши деген кандай болоору менен иши жок эле.

Бул жакка келгени кээде-кээде, бирин серин айрык-сыйрык кийимчен, кайыр сурап жүргөндөрдү көрүп элес алчу эмес.

А бүгүн өспүрүм адегенде катуу чоочуп таңыркады. Далай-ламанын Ордосарайына келип мынчалык көп кедей-кембагалды чогуусу менен бир көрөм деп дегеле күткөн эмес. Тимеле ондогон жүздөгөн кайырчылар! Арасында төкөрлөр, сокурлар, буту-колу чолоктор, балдакчандар, тизелеп араң баскандар. Аларды аралап, майда соода кылып чай, суу сатып чуркагандар. Тумар, сөөктөн, таштан жасалган ар кандай ырым буюмдарын сунуп жабышкандар. Айтор Ордо сарайдын асты жайма базар сыяктуу кымкуут.

- Ата, - деди ал денесин билинээр-билинбес калтырак басып, бул эмне деген адамдар?!

- Булар, уулум, бүткүл Тибеттен келген кембагалдар. Эстей албай жатасызбы?

Булар Далай-ламаны бир көрүүгө келишет. Кайыр сурашпайт. Көпчүлүгү оору-сыркоолор. Поталаны ыйык жер катары көрүшүп, сыйынышат. Андан кийин нары капталда турган Шакпори монастырына барып дары-дармек алышат. Монахтар ооруларды карап дарылашат.

- Кембагалдар мынча көп экен деп ойлобопмун.

- Бүткүл жер жүзүндө ушундай, уулум. Өзгөчө Тибетте көп. Анткени динибиз байлыка, ичип-жеп, куунап жашоого чакырбайт эмеспи. Кембагал кедей болсоң да ак жашап, адилет жүр дейт динибиз...

Аңгыча тепкичтер ада болуп, экөө Ордосарайдын чоң кызыл каалгасына чукул келип калышты. Мани Ясонун баамында шыңкыя бой түзөп турган полицайлардын баары эле Лама Цуну таанышат экен. Көбү жылмайып, ага илберинки жолулап атышты. Так Поталын ичине кире берээрде гана Лама Цу артына кылчайды да, удаалаш келаткан полицай кийимчен Барласка «ушул жерден бизди күтүп алыңыз» деген белги берди.

Далай-ламанын иштеп жана жашаган жайы Ордосарайдын төртүнчү кабатында болгондуктан, ага дейре да таш тепкичтер менен көтөрүлүп барыш керек эле. Сексенге чыгып калган Лама Цу сырттагы тепкичтерди билгизбей басып өттү эле, Ордосарайдын ичине киргенде кыйнала баштады.

- Ата, мен көтөрүп алайынбы сизди? — деди Мани Ясо колтуктап келаткан устатын.

- Ошого күчүн жетеби? - деп Лама Цу энттикенин басып күлдү.

- Жетет.

- Андай болсо чыдап тур. Мени көтөрүп жүрө турган да мезгил алыс эмес, уулум.

Төртүнчү кабатка жеткен кезде Лама Цу оң тараптағы таш каалгаларды көрсөттү

- Мына бул «Ыйык инкорнациялар» деген зал. Ичинде буга чейинки үч Далай-ламанын ыйык айкелдери орнотулган. Кийин көрөбүз. Аңгычакты алардын алдын эбегейсиз чоң кочкул сары түстөгү көшөгө тосуп калды. Көшөгөнүн бир ыптасы ачылды эле устаты менен шакирти узунун кеткен чоң залга киришти. Залдын бийик капталдарында ачык боёктор менен тартылган дин темасындагы аркыл сүрөттөр, килемдер. Залдын сакчылары катары орнотулган жашыл ажыдаарлардын турпаттары. Кыркалекей коюлган жапыз столдордо тибет мифологиясынын эмальдан, фарфордон, мрамордон жасалган аркыл кудайларынын айкелдери...

Аңгычакты залдын төрүндөгү эшиктен кочкул кызыл чапанчан бир лама чыгып келди да Лама Цуну чакырып кетти. Жалгыз калган өспүрүм эми дубал беттериндеги сүрөттөрдү, турпат менен айкелдерди жакшылап карап, бул заңгыраган төбөсү бийик залда өзүн алсыз да, кичинекей да сезип, сүрдөп турду.

Бираздан кийин Мани Ясону Далай-ламага алып киришти. Өкүмдардын отурган тактысы береги оозгу залдан кичирээк, бирок абдан шөкөттөлгөн бөлмөнүн дал төрүндө экен.

Мани Ясо, устаты көп жолу үйрөткөндөй, эшиктен кире башын жерге салып жүрүп отурду да, тактыга үч кадам жетпей токтоп тизеледи, үч жолу жүгүнүп салам берди. Андан кийин каруусуна илинген жибек шарфты Далай-ламанын тизесине алпарып койду эле Далай-лама ага жооп кылып, Мани Ясонун мойнуна ошондой эле жибек шарф салды.

-Мына бул жерге, устатыңыздын жанына отура бериңиз, – деди, артты көздөй кетенчиктеп жөнөгөн өспүрүмгө Далай-лама.

Мани Ясо кош жаздыкка малдаш уруп отуруп жатып Далай-ламага көзүн көтөрдү эле ал өспүрүмдү ушунчалык жылуу көз менен тиктеп отурган экен. Анын көз карашында кубаныч да, таңыркоо да, ыраазылык да, баары тең бар эле.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.