Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Мына бүгүн үчүнчү күн. Мани Ясону Далай-лама баягыдай эле өзүнүн арка жагына жашырып отургузуп койгон. Өспүрүмдүн милдети - Далай-ламага кирген арбир адамдын мээрин карап, анын эмне ойлоп турганын, ичинде кандай жашырын сырлары бар экенин тигил кеткенден кийин өкүмдарга айтып бериш. Миларепа жөнүндө кудаякы, азырынча эч кандай сөз жок, Далай-лама атүгүл аны эстеп да коёру күмөн. Анткени ал эмнегедир өтө шашылып атты. Бир эле күндө ондогон кызматкерлерин чакырып, бирден-бирден суракка алып, бүтүргөн ишин сурап, кайрадан тапшырма берип, айтор ар кимисинин ичегисине дейре аңтарып-теңтерип, колдон келишинче бардыгынын түпкүрдөгү сырсандыгын ачып алышка далбастайт.

Мани Ясого ал бирде тибетче, бирде англисче суроо берип, ошондой эле эки тилдеги жоопту өзүнүн дептерине илгиртпей жазып алып жатты.

- Мына азыр бир лама кирет мага. Ушуну үчүнчү көзүң менен өзгөчө кунт коюп карагын. Сен экөөбүз тибет эли үчүн иштеп атканыбызды унутпа, Ясо мырза, - деди Далай-лама көшөгөнүн артына, Мани Ясо отурган далдага өзү өтүп келип. Кебетеси өспүрүмгө аябай ыраазы болгондой. Күрөң-сары узун халатынын этегин улам сылагылап, төбөсүндөгү ошондой эле түстөгү топусун күзгүгө улам оңдоп кийип алып, кезектеги кызматкерин кабыл алганы шашат.

- Сага «лама» наамын ыйгарууга буйрукту мен өзүм чыгарам, - деди бу сапар Далай-лама тактысындагы жибек жаздыгын көздөй баратып.

 

***

 

Эшиктен жаңы кирген кезектеги кызматкер узун бойлуу, кубакай келген арык киши экен. Кийген кийими Далай-ламаныкынан эч айырмасы жок. Ал босогодон аттап киргенде эле жылмайды эле, башынан ийнине дейре туюк кийип алган кулакчан топусу, кыязы синтетика аралашкан кездеме болуу керек, мээр нурун бирде сары-кызыл, бирде күрөң-кызыл кылып чалгыртатып туруп алды. Ар бир адам баш кийимин алып кирсе жакшы болот эле деп кечээ да, мурдакүнү да Мани Ясо Далайламага айткан, бирок ал эмнегедир андай буйрук бербей атат. Себеби белгисиз.

Кирген адам Далай-ламага улам жылмайып сүйлөгөнү менен таптакыр ага ишенбей, атүгүл жаман көрүп, жактырбай отурганын Мани Ясо дапдаана көрдү да, бейпайга түшө баштады. Анкени тигил адам, аты Лама Тойба экен, Далай-лама менен азыр болсо азыр эле кармашып, кызыл чеке болгондон кайра тартпай, сыртынан баш ийкегени менен ичинде: «Сени ушул такка сунуш кылып чуркаган мен өзүмдүн «лама» атыма көлөкө түшүрдүм», - деп жаалдана баштады. Бир кезде ал Далай-ламага мындай деди:

- Урматтуу таксыр! Сиз өткөн жумада каржы департаментине жетекчи кылып дайындаган Лама Дондуп ишти толук алып кете алат деп ишенесизби?

Далай-ламага ушул суроону койду, бирок өзү болсо ичинен «Сенин кадырынды дал ошол түшүрөт. Мейли тезирээк түшүрсүн. Андан кийин биз сен жөнүндө кайрадан ойлонобуз», деп турду.

Далай-лама болсо ага мындай деп жооп берди:

- Таксыр Тойба. Лама Дондупка мамилеңиз жаман экенин билем. Бирок мага иш керек да. Иш! Сиз экөөбүз бир турсак дондуптар эмне кыла алат?

- Аныңыз туура, бирок дегинкиси сак болуңуз, - деди да ичинен «Далай-лама XIV кайтып келмеинче ушул кемпай менен сүйлөшүп да кереги жок экен. Мен Индияга кете берейин, эмне болсон ошо бол!» - деди да кетүүгө улуксат сурап.

Далай-ламага башын эңкейтти.

Бүгүнкү кабыл алынгандардын эң акыркысы ушул Лама Тойба экен. Аны чыгарып жиберээр менен Далай-лама Мани Ясону өзүнө чакырды.

- Кана. Таксыр физиогоном! Айтып берчи азыркы келип кеткен сандырактын ички ойлорун.

-Жаман экен, – деди Мани Ясо Далай-лама көрсөткөн жаздыкка отурбастан тикелей туруп.

- Билем жаман экенин. Бирок толук айтып берчи.

Мани Ясо болгонун болгондой айтып бүттү эле Далай-лама ордунан тике тура калды: «Индиягабы?! Далай-лама он төртүнчүбү?! Мен кемпай бекем буга!? Охоо! Көпкөнүн кара кечилдин! Менин аркам менен көөп жүргөнүн билбейт! Индияга баргызам мен сени! Мен турганда... сениби! Карасаң муну, сандырак!» деген ачууну Мани Ясо анын жүзүнөн окуду да оңтойсуз жер карап калды.

 

***

 

Арадан толук эки ай убакыт өткөндө Лама Цу өзүнүн туюк жабылган иш бөлмөсүндө жападан жалгыз ыйлап отурду. Эч убакта ойлогон эмес, моминтип курагы сексенге келгенде жаш баладай жашык болуп балбырап кетем деп. Ушуга өзү бир чети таңкалат, бир чети уялат. Тибет коомунда, өзгөчө ламалардын жогорку чөйрөсүндө, Цунун даражысындагы адамдар темирдей бекем, таштан катуу мүнөз менен жүрбөсө болобу?

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.