Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 - Аларда ысык да?

- Африка. А бул биздин дропа туугандарыбыз болсо кырк градус суукта жашашат. Мына биз азыр жайында баратабызбы? А дропалар турган жерде кыш.

- Ылдый, жылууга түшүшпөйбү?

 - Түшпөй калсын, алар ошол азыр турган жеринен эч жакка жылбайт. Бизди кайра Сириуска алып кетишет, ошон үчүн ордубуздан жылбайбыз дейт.

 - Качан алып кетет экен?! Мани Ясо Лама Бусменди чыканактан мыкчый калды.

- Кеп ошондо. Булардын жерге келгенине быйыл 991 жыл болду. Анткени, дропалардын илгертен келаткан айтымдарында, булар «Чоң дөбөт» жылдыздар тобундагы кичи Сириус планетасында жашашкан. 1014 жылы Жерге конуу учурунда космикалык корабли кыйрап, дал ушул Баян-Хара-Ула тоосунда калып калышкан. Эми, өзүңүз ойлоп көрүңүз касиеттүү Миларепа, буларды ким, качан кайра алып кетет?

- Жалаң үмүт менен ушунча кылым жашоого болобу? - деди Мани Ясо таңыркап. Үмүт деген эч убакта үзүлбөсө керек. Атадан балага өтүп келе берет тура.

- Мен дропалар менен сүйлөшсем болобу? Тибетче билишет да ээ? Билишет. Өздөрүнүн да тили бар. Мен сизди дропалардын башчысы Лур-ган-ла менен тааныштырсам болмок. Бирок биздин быякка келаткандагы максатыбыз башка, билесиз да аны?

- Билем. Бирок дропалар менен сөзсүз сүйлөшүм керек.

 -Далай-лама улуксат берген жок. Мани Ясо эмне дээрин билбей кыйлага унчукпай келди да:

 - Эмне үчүн улуксат берген жок? - деди.

- Биздин максат башка, урматтуу Миларепа. Аны өзгөртүүгө менде бийлик жок.

-Дропалар менен сүйлөшүүгө дегинкиси тыйуу салынабы?

 - Мен алардын изилдөөчүсүмүн. А сиз, касиетүү Миларепа булар менен сүйлөшүүгө убакыт таппайсыз го дейм.

- Эмне үчүн?

- Биринчиден, булар чоочун киши менен дароо эле сүйлөшө коюшпайт. Экинчиден, сиздин убактыңыз өтө тар. Аңгычакты Джип «Мерседес» калдандап отуруп кырга чыга түштү эле, ары жагы түптүз жайык экен.

- Баян-Харага келдик, - деди Лама Бусмен кубанбай эле кейигендей үн менен. Дал ортосунан туптунук кашка суу аккан көк жайыктын төр жагында, төш таянган кырка-кырка топурак үйлөр Мани Ясого адегенде Кыргызстандагы күмбөздөр сыяктуу көрүнүп кетти. Бирок, жакындаган сайын ошол «күмбөздөрдөн» иттер үрүп чыгып, учуп жүргөн сыяктуу салмагы өтө эле жеңил балдар чуркап, атүгүл жыгач челектерге суу көтөргөн аялдар көрүнө баштады.

- Ушуларбы дропалар? - деди Мани Ясо машинанын айнегине жабышып

- Быякта дропалардан башка жан жок. Башка планетадан келген адамдарды көрүш үчүн Джипте отургандардын бардыгы уйкуларынан ойгонуп, көздөрүн бакырайтып калышкан болчу.

- Хе-хе, буларыңыз бизге кол салбайбы? - деди жансакчы Чоро не бар не жок дегендей тапанчасын кармалап.

- Эч убакта кол салбайт. Бирок менден башкаңар сыртка чыкпай тургула. Түшүндүрөйүн.

Ошенткен соң Лама Бусмен машинадан түшүп барып белкырчоосунан келген кичинекей чоң баш кишилер менен чыканактарын тийгизип учурашты да сүйлөшө кетти. Мани Ясо ошол тушта чекесин байлаган жибек тасманы чечип, дропаларга үчүнчү көзүн ачты эле, эч кандай мээр көрүнгөн жок. Ал улам арытан келип топко кошулуп аткандарды үңүлүп карайт, бирок дропалар негедир мээрин көрсөтпөдү. «Ички энергетикасы жабык болуш керек» деп болжоду Мани Ясо.

Аңгычакты майда балдар келип Джипти курчап калышты эле полицай Чоро бетибашын кыйшаңдатып алар менен ойной кетти. Дропанын балдары майда саргыч тиштерин ырсайтып күлгөндө сүйрү көздөрү таптакыр эле жабылып калат экен.

Аздаң соң Лама Бусмен кайрылып келип машинага отурду да, айдоочуга кол жансады.

 - Дропалардын айлынан өтүп, дагы сааттык жол басат экенбиз, - деди ал Мани Ясого кайрылып, Мани Ясо адатынча унчуккан жок. Бирок, жаңы устаты Бусмен эмнегедир өтө кабатыр болуп, бул жакка келгенине нааразы экенин ал тээ небактан эле байкап келатат. Анын көздөрүн тике карап туруп ичиндеги ойлорун даана окуп алайын десе Бусмен ошону сезгенсип, Мани Ясодон ар дайым жүзүн ала качат. Анын үстүнө Мани Ясо өзү да өтө эле зарыл болгондо гана бирөөлөрдүн жүзүнө үңүлбөсө, башка учурларда адамдарды тике карагандан качат. Качмак түгүл айбыгат. Кадимкидей айбыгат. Бирөөлөрдүн ички сырсандыгын аңтаргандан көрө, анын капкагы жабылуу турганы жакшы экенин Мани Ясо тез түшүндү. Анткени ар бир сырсандыктын ичи толтура «акыр-чикир».

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.