Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Баян-Хара-Ула тоолору кызыл жошолуу, тилке-тилке кеткен жарчалар экен. Ошол жарчалардын боорлору киши бою келген үңкүрлөргө бай. Кол менен оюп жасаган бул үңкүрлөр кайсыл замандардан бери келатканы белгисиз, бирок будда монахтары бул чөлкөмдү биздин эрага чейин эле өздөштүргөн.
Лама Бусмендин карачечекей кайнатасы, Тибет-Кытай аймагында кара сыйкыр боюнча атагы чыккан, бирок кийинки үч жылда карасыйкырдан баш тартып, «Бошонуу» жолуна түшкөн, ошол максатта бул жерге келип биротоло жалгыздыкка, сүкүткө оогон монах болчу. Бир кезде анын «сыйкырчы Додай» деген коркунучтуу аты ыйлаган баланы сооротуп, кара сыйкырдын күчүнө ишенген тибеттиктердин жүрөгүнүн үшүн алып турчу эле.
Сыйкырчы Додай, өз кезинде ыйык Миларепадан барып сабак алган, атактуу кара сыйкырчы Юнтон Тюгалдын мектебинин мыкты окуучусу, сыйкыр менен адамдарды дубалап оору кылган, акжолдон чыгарып адаштырган, кырсыка учуратып өлүмгө түрткөн. Керек болсо асманда добул чакырып, каршылашкан адамынын арпа, күрүч талааларын мөндүргө сабатып, тыптыйпыл кылган учурлары көп болгон.
«Мен ошол кылган иштеримдин баарына эрдемсип жүрүп асман көтөргүс күнөөнү мойнума үйүп алып, эми мынакей жан жараткан Улуу Жарык астында айыпкер болуп отурам» деген экен сыйкырчы Додай мындан үч жыл мурун үйбүлөсүн, бала-бакырасын, неберелерин чогултуп алып.
Анда Лама Бусмен Додайдын ортончу кызына жаңы эле үйлөнгөн. Кайнатасынын сырын жакшы да биле элек болчу. Бир гана көрүп калганы монах Додай кыялы чатак жан эле. Ошону Лама Бусмен жакшы билчү. Ошон үчүн ал кайнатасы жалгыз жаткан үнкүргө жакындап келген-кезде:
- Касиеттүү Миларепа, сыйкырчы Додайдын кыялы чатак адам. Ошон үчүн адегенде өзүм барып сүйлөшөйүн, – деди.
Үңкүрдүн оозу кирпич сымал таштар менен бекем бекилип, түп жагында гана бир тешик бар экен. Лама Бусмен үңкүрдүн оозуна келди да, ошол тешикке эңкейип аяр үн чыгарды:
-Додай ата. Мен келдим. Мен Бусменмин. Эч жооп болгон жок. Бусмен дагы үн чыгарды эле жооп болгон жок. Анда Бусмен жерден чүкөдөй таш алып үңкүрдүн оозундагы ташты тыкылдатты.
Ошон до анан баягы жалгыз тешиктен карыган адамдын тыртайган арык билеги чыга түшүп жерди нары-бери сыйпалады да эч нерсе таппаган соң кайра кирип кетти. Бусмен кайрадан аракет кыла баштады. Бу сапар ал тешикке жата калып катуу-катуу ышкырды.
- Ата! Мен Бусменмин. Тамак-аш апкелдим! Ошондо гана ичкериден кандайдыр ачууланган алсыз үн чыккансыды.
- Кереги жок тамактын. Эмне жанымды тынч койбодуң?! Сендей да акылы жок күйөө бала болобу? Коштошподум беле баарың менен!
-Мен сизге Далай-Ламадан кат апкелдим!
- Эмне өчү бар экен анын менде?! Мен бардык кылган күнөөлөрүм үчүн өзүмдү-өзүм жазалап жатпаймбы! Дагы эмне керек экен ага?!
- Катты өзүңүз окуп көрүңүз! Ошентти да Бусмен бир целлофан пакетти тешикке сунду. Пакетти алган монах Додай көпкө дейре үнсүз дымып калды эле бир кезде баягы пакет ошол эле бойдон сыртка кайра ыргыды.
- Ача албадым мунуңду! - деди ичкериден үн.
-Мен бул жерде бычак курчутуп отурган жерим жок! Лама Бусмен пакеттин бурчун кырча тиштеп атып араң ачты да, бүктөлгүн кагазды ичкери сунду.
- Улуу урматтуу Далай-ламага айтып кой, – деди көптөн кийин баягы алсыз өңдөнгөн үн жаалдангансып,
-Анын акысы бар, кимге кандай наам берсе. А менин «лама» наамын алууга акым жок! Айтып кой!
- Кечиресиз! - деди Бусмен кайрадан тешикке жата калып кыйкырып, мен катты окуган эмесмин. Эгер сизге лама наамы берилген болсо баш тарткан болбойт! Андай дегеле тибеттин тарыхында болуп көргөн эмес!
-Мен баш тартып аткан жерим жок. Алууга акысызмын! Далай-лама ошону билбейт бекен? Же сен да билбейсиңби менин ким экенимди?!
- Далай-ламанын буйругу эки болбойт, – деди Бусмен үнүн басаңдатып. Бирок анын оюнда башка нерсе туйлап атты. Ал Далай-Ламанын өзүнө берген жеке тапшырмасын аткарыш керек эле. Өлсө-тирилсе да аткарыш керек. Ошон үчүн Далай-лама ага ишеним көрсөтүп быякка жиберип отурбайбы.
- Катты аягына дейре окудуңузбу? – деди ошон үчүн ал үнүн дааналап кыйкырып.