Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Монах Дей өз бөлмөсүнөн өтө түшүп анан подвалга кирмекчи болуп баратты эле, ошо кезде аны бир зор күч этектен тарткандай токтотуп, атүгүл бөлмөсүнө зордоп кийирип салды. Ал эмне күч экени белгисиз, айтор кежигеси кежейип эле подвалга баргысы жок. Каттарга жологусу жок.

Дей бөлмөсүн ичинен илип алды да, өзүнүн көптөн берки кир, жыты буруксуган төшөгүнө көмөрүлүп жатып алды. «Таңкы табынуу бүтпөй турса экен» деп адегенде анын жүрөгү ошого кыпылдады. Ага болбой эле таңкы табынуу бүтүп, атүгүл атайын Дей уксун дегенсип тарагандар анын эшигинин дал түбүнөн бакашака сүйлөшүп өтүп кетип жатышты. «Андай болсо Панчен-лама мени унутуп, чакырбай коё турса экен» деп анын жүрөгү эми ошого кыпылдады. Турмушуң түшкүр ага да болгон жок.

Панчен-лама тезинен келсин деп атат! - деди үн.

Бул, албетте жардамчынын үнү. Атаганат, бул турмушту алдоого түк болбос! Монах Дей жаткан тейинде бүкүлү турду да үндүн күчүнө багынып илкип берди. Панчен-Ламада кишилер бар экен, ошого карабай эле ал Дейди «кирсин» деп коңгуроосун ачуулу басып-басып алды.

- Ал каттарды кармоого кандай акың бар?! Сен кимсиң анте тургандай?! Ал деген ыйык Миларепага арналган каттар! Эмне үчүн апкелбейсиң?! Ал каттардын мамлекеттик мааниси бар. Сен түшүнөсүңбү ушуну? Же түшүнбөйсүңбү?! Же мамлекеттик ишке тоскоол болоюн дедиңби?! Айт жообунду?!

Тигиндей бирукмуш бийик сөздөрдөн кийин монах Дей өзүн таптакыр жоготуп тургандыктан Панчен-лама: «Айт жообуңду!» деп дагы бир жолу кыйкырууга мажбур болду.

Ошентсе Дейдин капыстан өңү бузула түштү. Жаак эттери түйүлүп, бетинин чүкөсү чыга калды, бирок өзү баягыдай эле унчукпастан жер тиктейт.

- Эмне тилиң кесилдиби?! - деди Панчен-лама эмнегедир Дейдин өңүнүн кубарып кеткенин байкабай эле кайтадан кыйкырып.

Ошондо Дей токтоно албай калды. Ыйлап жиберчүдөй оозун кемшиндетип:

-Лама Цунун өзүнөн сурап алгыла каттарын! Ал көрүндө тирүү отурат. Эмне мени кыйнайсыңар?! -деп киркиреп жиберди. Андан кийин бөлмөдөн шарт чыга качты...

 

***

 

Далай-лама жеңил халатын үстүнө жамынып, ажатканасына кирсе, желелүү бурчта бир жөргөмүш түнкү көпөлөктү торуна түшүрүп алып өлтүрө албай арбаңдап чуркап аткан экен. Ары бир кетет, бери бир кетет. Уулуу тумшугун денесине матырайын десе жандалбас урган көпөлөк канаты менен каккылап жолотпойт азырынча. Күтө турайын десе жөргөмүштүн жаны чыгып, курсагы ач. «Табигат өзү дал ушундай жаралган. А менин тибеттик лама туугандарым ушуга каршы» - деди Далай-Лама: бирөө чымындай жаны үчүн, бирөө ач курсагы үчүн кармашып жаткан эки макулукка мыйыгынан жылмайып.

 «А бирок канчалык каршы болбогула, жердештерим, баары бир табигаттын күчү карама-каршылашта, талаш-тартышта. Талаш!!! Эң оболу тамак талаш. Анан жер-суу талаш... Бардыгы талаштан башталат, талаш менен бүтөт! Бүткүл дүйнө тарыхы - талаштардын тарыхы! Лама окуусу буга макул эмес. Ыйык Миларепа да буга макул болбогон. Көрөлү азыр эми Лама Ясо кандай дээр экен. Азыр заман башка, доор башка...»

Ошентти да ажатканадагы ордуна отуруп, Лондондо студент болуп жүргөндөгү адатынча, колуна кармай келген китебин ачты.

Эртең мененкисин ал дайыма Поталанын Кызыл сарайындагы узун залды кыдырып, Тибет тарыхындагы болуп өткөн Далай-ламалардын алтындан жасалган айкелдерин суктанып карап чыкчу. Бүгүн дагы ал адатынан жазган жок. Жер чийген узун парча халатын ийнине бош таштаган бойдон сегиз айкелдин улам бирин тирмейе тиктеп, оо кай замандарда өтүп кеткен адамдардын жүзүнөн, көздөрүнөн, ууртунан, жылмайуусунан, мостоюусунан, каш-кабагынан бийлик зоболосунун улуулугун, бийиктигин издейт, табат, таңыркайт, куштарланат, суктанат, акырында ичи өрттөнөт.

 Антүүгө себеп бар эле. Учурдагы бул Тибет жетекчиси өзүн Далай-лама деген бийик ат менен атай албайт, себеби ал саясий шартка жараша утурумдук гана, «жарандык жетекчи». Башкача айтканда, Далай-ламанын милдетин гана аткаруучу болуп дайындалган.

Демейдеги башка мамлекеттер сыяктуу «милдетин аткаруучу» болуп туруп андан ары Далай-ламанын кызмат ордун ээлөөгө жол жок. Анткени Далай-лама болуп төрөлүш керек. Антүүгө да мүмкүн эмес, себеби Тибеттин мыйзамдуу он төртүнчү Далай-ламасы көзү өтө элек, Индиянын Дхармсала шаарында саясий качкын болуп жашап турат. Ал адамды Далай-ламалык бийик даражасынан түшүрүп салуу да мүмкүн эмес, анткени ал Он үчүнчү Далай-ламанын реинкорнациясы болуп төрөлгөн, анысы өтө машакаттуу, татаал эрежелер жана жолдор менен далилденген.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.