Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Мына ушундай ара жолдо турган Тибеттин азыркы жетекчиси бала кезинен баштап диний, оккульттук билим алганы менен көзү ачылып, сыйкыр касиетине жетпеген соң акырындап отуруп материалисттик, атүгүл кытайлык, коммунисттик көз карашка оогон, азыр болсо көбүнчө ошол нукта иштеп, аракет кылып жаткан кези эле.
Бирок, канча кылса да нукура буддачыл адам катары анын кан-жанына сиңген идеалдары баары бир байыртан бирин-бири улап келе жаткан ыйык, касиеттүү Далай-ламалар. Өзгөчө Бешинчи Далай-лама.
Мына, азыр да ал Далай-ламалардын ичинен эң таланттуу, билимдүү реформатор катары эли-жери үчүн албан эмгек кылган «Улуу Бешинчинин» бийиктиги 20 метр келген алтын айкелинин алдында үч жолу жүгүнгөн соң кирбийип, өзүн өтө эле кичинекей сезип турду. Бул айкелди жасаш үчүн убагында төрт тонна алтын сарпталган экен. Уутилин жанган кээ бир тибеттиктер «ошондон бери казынада алтын жок итке минип отурабыз» деп атадан балага айтып келет. Улуу Бешинчинин тушунда Тибеттеги болгон бардык монастырлардын, храмдардын окуу усулу таптакыр жаңыдан уюштурулуп, борбордук негизги эки дин окуу жайы жаңы ачылып, өлкөдө толук бийлик реформасы ишке ашып, биринчи жолу эл каттоо өткөрүлүп, жеңил салык тизими киргизилип, айтор өмүр бою жалгыз чапанчан жашап өткөн көсөм жетекчи өзү окшогон жарды журту үчүн жанын аябаптыр.
Дал ошол Бешинчи Далай-ламанын аракети менен 1645-жылы Тибет тайпасынын эң бийик төрүндөгү Марпори тоосуна такай дүйнөдө архитектуралык түгөйү жок, кайталангыс Потала Ордосарайынын курулушу башталган.
Мына ошол Ордосарайда, арадан жүздөгөн жылдар өткөн соң биздин адабий каарманыбыз, Тибеттин утурумдук Далай-ламасы өзүнүн Улуу бабасынын «алтын жүзүн» тирмейип көпкө тиктеп турду.
«Ом мани падме хум! Мен сиздин түздөн-түз тукумуңуздан болом, ата, Сиз аны билесизби? Мен сиздин кайра жаралган түгөйүңүз болом. Буга мен сизди толук ишендирейинби? Угуп турсаңыз. Сиз 1682-жылы капысынан о дүйнө салып кеткениңизди сиздин уулуңуз, менин түздөн түз бабам Санчжягацо он алты жыл бою эчкимге жарыя кылбай жашырып келген. Антишке көп себеп бар эле. Эң негизгиси коркунуч. Эгер сиздин көз жумганыңызды Цин династиясынын манжурлары укса Тибетти ошол замат басып алышмак. Анткени алар Тибет бийлигин, сизден башкага ыраа көрмөк эмес. Сиздин өтө бийик аброюңуз гана аларды баскынчылыктан айбыктырып турган. Экинчиден, сиздин кайра жаралган түгөйүңүздү ошол катаал кырдаалда дароо таба коюш өтө кыйын болчу. Эгер жаңылыш болуп калса, анда өлкө башына зор мүшкүл түшмөк. Үчүнчүдөн, сиздин жок экениңизди билишсе мынабул Потала Ордосарайын салып жаткан жүз миңдеген адамдар ошол замат тарап кетмек.
Мына ушуларды туура ойлоштурган менен бабам Санчжягацо Сизди, Улуу Бешинчи Далай-ламаны «көп жылдык сүкүткө отурууга бекинди» деп аргасыздан жарыя кылган да өлкөнү өзү башкарууга мажбур болгон. Ошондо менин бабам отуз жети жашта эле. Мен дагы азыр туура отуз жети жаштамын. Дал келип турганын караңыз!
Ошон үчүн суранам, Калыстыкка жол ачкын деп, о менин улуу бабам Бешинчи!
Эгер антпесиңиз Лхастын азыркы лама төбөлдөрү мени, сиздин түздөн-түз кайра жаралган түгөйүңүздү, издегиси да тапкысы да келген жок.
Менин ордума «Улуу Бешинчинин» түгөйү деп азыркы Лама он төртүнчүнү таап келишкен. Ал болсо кыйын күндөрдө элин душман колуна таштап коюп качып кетти. Тибет эли бүтүндөй аны азыр «Качкын лама» дешет, «Далай лама» дебейт. О, менин улуу бабам калыстыкка жол ачкын! Өзүңдүн түздөн-түз тукумун алдыңа келип жалбарып турат. Мен дал өзүңдүн жолуңа түшүп, тибет элинин курсагын тойгузам, бизнести, сооданы өнүктүрүп, элдин байышына кеңири жол ачтым. Ошонумду көрө албаган душмандарым көбөйдү. Алар мени: «сен тибеттин ыйык жерлерин бүтүндөй ыплас жаман туристтерге тебелеттин, лама дининин касиеттүү кутун качырдың дешет. А мен аларга: «тибеттиктер ХХІ кылымда өнүккөн башка элдер сыяктуу, курсагы ток, кийми бүтүн жашасын. Андан кийин динин, окуусун өнүктүрсүн» дейм. Кимибиз туурабыз, о улуу бабам? Калыстыгынды айтып адилеттикке жол ачкын! Суранамын сенден жалдырап...»