Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Жана ылдыйтан, төшөгүндө жатып караганда үстүндөгү полицай Барласка тимеле зор көрүнгөн. А көрсө кыдыңдап жорго баскан кичинекей арык неме экен. Ал эми атактуу Жохан храмынын панчени андан да арык неме болуп чыкты. Дегеле бүткүл Тибет бою семиз киши бар экени күмөн. Топоздун кылаңыр майы салынган куурмак чай менен арпа көжөдөн башка тамакты өмүрүндө самап көрбөгөн эл.

- Ошол жерге отуруңуз! – деди бөлмөсүнө кирген Барласты көрө коё денеси дүркүрөп кеткен панчен шашкалактап. Ошентип ал жалгыз көздүү карасур жигитти не бар не жок дегенсип өзүнөн алыс отургузду. Андан соң ал бир даарга дейре же сөз баштай албай, же Барластын жүзүнөн көзүн ала албайт. Нес болуп эле далдырайт. Кыязы алдында отурган адам таптакыр күтүүсүз болуп чыккандай.

- Сиз чакыртыпсыз. Мен сүйүнүп кеттим. Анткени сизге кире албай жүргөм.

- Айта бериңиз, айта бериңиз, - деди панчен шашылып. Ал Барластын тибетче так сүйлөгөнүнө ыраазы боло кетти окшойт. Бирок эси чыгып корккону дагы эле билинип турду.

- Мен сизден Мани Ясону көрүшкө улуксат алайын дедим эле.

- Улуксатпы?! Оо, анда...

- Ал менин бир тууган иним. Кыргыз!

- Билем, билем.

- Улуксат бересизби?!

- Албетте. Бирок...

- Эмнеге бирок?!

- Албетте улуксат беребиз. Бирок...

- Эмне үчүн бирок, түшүнбөйм.

- Мен сизге айта албай атам. Шаштырбасаңыз.

Барлас панченди таңыркай карады да тынчып, үңкүйүп калды. Акыры панчен эсине келди окшойт, эки билегин жеңинен чыгара серпип, боюн түзөй отурду да, олуттуу түр менен мындай деди:

- Биз сизди өтө жооптуу маселе боюнча чакырдык эле. Ошон үчүн менин каршымдагы бош бөлмөдө бираз күтө турсаңыз деп өтүнөм.

Барлас эч нерсе түшүнбөй ийнин куушурду да, панчен көрсөткөн бөлмөгө өтүп отуруп калды.

- Кадырлуу Цу, – деди панчен андан кийин Лама Цуга телефон чалып, мага келип кетпесеңиз болбой калды. Сиздин өтүнүч боюнча Барлас деген монахты чакырттым эле. Бирок бул маселени мен өзүм жалгыз чече ала турган эмесмин.

-Ыя? Келсеңиз көрөсүз.

Панчен-лама Цуну эшигинин оозунан тосуп алды да мойнун созуп кулагына шыбырады: «Мунуңуздун өтө эле түрү суук экен».

- Ошончо элеби? Мен аны көргөн эмесмин.

- Азыр өзүңүз көрөсүз. Менин чочулаганым, эки айдан кийин Далай-ламага алпарасыз Мани Ясону. Ошондо улуу көсөм мындай түрү суук немени көрүп калса капа болбос бекен. Сиз экөөбүзгө нааразы болуп жүрбөсүн?

- Көрөлүчү.

-Тигил бери кирсин! - деди панчен эшик оозунда турган полицайга.

Кандай неме кирээр экен деген ой менен Лама Цу ачык эшикти абдан кызыга карап турду эле аңгычакты жүрөгү болк дей түштү. Барлас босогодон бир аттап кирип эшикти бүтүндөй тосуп калган эле.

- Мынабул орундукка отуруңузчу, - деди эрксизден шашылган Лама Цу Барласка тигиндейдеги орунду көрсөтүп. - Сиз менен таанышсак деген оюбуз бар. Каршы болбойсузбу?

- Кандай айтсаңыз макулмун, – деди Барлас жалгыз көзү менен тигил экөөнү тике карабаска аракет кылып.

- Ден соолугуңуз кандай? Эч жериңиз оорубайбы?

- Эч жерим оорубайт.

- Жашыныз канчада?

- Тибетче алганда карып калдым окшойт. А бизде кыргызда отуздагы адамды али жаш деп коёт, – деди Барлас ылдый карап күлүп.

- Албетте, жашсыз. Күчкө толуп турган чагыңыз... Бирок бизде жаш кары деп канчага чыкканына карата айтпайт...

Жохан Храмынын эки жетекчиси бир саат бою Барластын ичи-койнун бүт аңтара сураштырган соң аны кайрадан коңшу бөлмөгө чыгарып жиберишип өзүлөрү унчукпай тынып, ойлонуп отурушту.

Бул маселе чынында эле терең ойлоно турган иш болчу. Үч эле күн мурда Жохан храмында эки полицай Тибеттин коргонуу кызматкерлери тарабынан камакка алынган. Ал мындай болду.

Мани Ясонун үчүнчү көзүн каныктыруу үчүн Лама Цу экөө храмдын эл чубап кирген эшигинин тушундагы атайын айнек кабинада отурушкан болчу. Мани Ясо кирип келаткан адамдардын мээрин айтып турат, а Лама Цу болсо анын жандырмагын үйрөтөт. Ошентип алар күнүгө эки сааттан иштешчү. Үч күн мурда эшиктен бир кара беретчен полицай кирип келатканда Мани Ясо айтты:

- Бул полицайдын мээри кочкул күрөң анан чачыранды экен.

- Кандайча чачыранды экен?

- Кадимки эле суу чачыраган сыяктуу. Көлмөдөгү сууну бир нерсе менен чапканда чачырайт ко, ошол сыяктуу. Анан төшү ылдый салаалап кочкул күрөң нур бараткансыйт.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.