Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Эми эч кайда кете албайсың Бул баштык сенин күрөөң.
- Ичинде алтын жок. Бирок өтө кымбат каттар бар эле, деди Дей кызарыптатарып,
- Эмне каттар? Айт чынынды! Дей уурусун карматкан кишидей жалдырады.
- Тытып сал андай каттарды! Эгер кадимки кайырчы болом десең тытып кутул андай жүктөн. Эмне, аманат каттар беле?
- Ооба. Ээсине сөзсүз беришим керек.
- Шпион эмессиңби ыя сен? Таро Дамема Дейди таягы менен көкүрөккө түрттү Андай болсо азыр качып жогол. Дароо полицайга карматам.
- Жо-жок, Дамема-апа! Шпион эмесмин. Бол десе да болбойм!
- Ха-ха! Акчаны көп берсечи.
- Мен бул өмүрүмдө биротоло кайырчы болоюн дедим Дамем-апа.
- Аны убакыт көрсөтөт. Кайырчы болуш ар кимдин эле колунан келе бербейт, жаш жигит. Ал үчүн темирдей эрк керек. Эгер сыноодон өтсөң мен сени жалаң бай монастырларга, ак сөөк, көпөстөр иштечү жайларга садага сурап барчу топко кошом. Ошондо өз көзүң менен көрөсүң кайырчы деген эмне экенин. Ага чейин эч нерсе түшүнбөйсүң
- Бир гана жалынганым, каттарымды жоготпосоңуз экен, Дамем-апа
- Көрөбүз...
***
Үстүнө кайырчынын чапанын кийген монах Дей Лхасанын өлүкканасын көздөй жанүрөп шашып баратты. Жүрөгү жолдун өрдүгүнөн эмес, көбүнчө коркконунан түрсүлдөйт. Коркунуч болсо бу турмушта боло жүргөндөй дайыма эки жактан тең көкүрөгүн кысат. Биринчиден ал кимдир бирөө өзүн таанып койбосун деп кыпылдайт. Таро Дамема сый катары берген, бакшыныкына окшош, салаасалаа тытык тумакты көзүнө баса кийип алган, бирок өзүн кудум жылаңач бараткандай сезип конулдайт. Кимдир бирөө тааныгысы келсе жөпжөн эле таанып койчудай. Анын үстүнө ал өзү качып чыккан Жохан храмын алыс эмес жол менен кыйгап баратат. Храмдагылар аны чуу салып издеп атса керек да. Далай-ламага керек каттарды алып качкан кишини кантип эле издебей коюшсун. Сөзсүз аны полиция шимшип атат. «Кызык, - деди бул ойлорду ойлоп бараткан кечээги монах, бүгүнкү кайырчы Дей, – мен го мен. Кичинекей кишимин, а биздин ректор эмне болгон? Эмне үчүн ал качып кетет? Түшүнсөм буюрбасын. Балким мен үчүн Далай-лама аны күнөөлөгөндүр? Кылмышкер Дейди таба албаганың үчүн сени жазалайм десе, ошондон коркуп качып кеттиби? Түшүнсөм буюрбасын!
Иши кылып, эмнеси болсо да Таро Дамеманын калкасына барганым ондой берди болду. О, кандай күчтү аял ыя? Менсиз биринди да полицая камай албайт деп кыйкырып атпайбы. О, кандай күчтүү аял. Анык Таро!»
Дей жыты саңырсаган өлүкканага жетип, андан соң солго бурулуп, шаардын «мүрзөсүн» көздөй бет алды. Мүрзө деген аты эле болбосо он чакты эле томпойгон боз топурак. Анын эки-үчөө Лхасалык мусулмандардыкы, бирөө орустуку, алтоо кытайлардыкы, анан кечээ коюлган Лама Цунун топтон алысыраак, тектирде турган жалгыз мүрзөсү.
Ошого жеткенде Дей тимеле ээгинен шорголоп кеткен терин тытык тумагы менен бир аарчыды да артын карады. Караса кууган эчким жок.
А Лама Цунун мүрзөсү болсо, теңир жалгап бүтүн эле тургансыйт. Эмнеси болсо да боз топурактын үстүнө Дей өзү тизип койгон кызыл таштар аман, ордунда өндөнөт.
Дей тектирди айланып мүрзөнүн аркы бетине барды эле жүрөгү шуу дей түштү. Мүрзө соооо эмес экен! Аркы бети казылып, топурагы эңшерилип, Дей өзү жасатып, быякка көтөрүшүп келген арча табыттын чекеси чыгып калыптыр. Дей Лама Цунун дал өзүн көргөндөй болуп тизелей калды. Колдорун өйдө кылайын десе титирейт.
«Лама-ата» деди анын ички сезимдери бакырып, «Сиз табытта барсызбы же жоксузбу?» Жооп болгон жок, бирок Лама Цунун табытта, өз ордунда, кадимкидей лотос порумун жазбай отурганын Дей сезди. Акырын табыттын чекесине колун тийгизди эле арча жыгач жылуу сыяктанды, «Анда ким минтип эңшерип салган мүрзөңүздү, Лама-ата?» Лама Цудан дагы да жооп болгон жок.
Дей жылаңач колдору менен бош топуракты кайра ордуна шилеп, таптап, мүрзөнүн ачылган жерин кайра жаап, ордунан турду. Кайрадан ээгинен суу шоргологонунан аарчыса тер эмес көз жашы экен. Өзүнүн көз жашын көргөндөн кийин Дейдин ого бетер мууну бошоп, алкымдары туз куйгандай ачышып кетти. «Лама-ата...»