Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Калп айтканың көзүңдөн көрүнүп турат!
- Ха-ха-ха! Муну мага бериң, Дамем-апа! Калп айткан неменин сазайын берейин!, - деп аңгыча бир тытык чапан, кара сакал кайырчы кыйкырып калды эле Таро Дамема аны таш менен төшкө бир урду.
- Сен арак ичкениңди койбосоң ордуна мына ушул жаңы жигитти коём да, өзүңдү ит куугандай кууп жиберем, уктуңбу? Дамема ошентип кыйкырды да Дейге көзүн кысып койду. Дей ага жооп кылып ыржайып күлөйүн дегиче болбой Дамема кайра сустая түштү:
- Сенин кайырчы болууга кандай, эмнең бар? Алты саның аман экен. Өлүк чаппайсыңбы барып!!
-Албай коюшту. Баргам.
- Кайдан чыга калган немесиң өзүң?
- Мен эч убакта калп айтып көргөн эмесмин Дамем-апа. Жохан храмында ардактуу Лама Цунун жардамчысы болуп туура жыйырма бир жыл иштедим. Лама бу дүйнөнү таштап кетти, кийин храмдан иш беришкен жок. Жатаканага болсо кала албадым.
- Эмне, ууру кылдың беле?
- Эч убакта ууру кылып көргөн эмесмин Дамем-апа.
- Калп айтат! – деди баягы кара сакал кайрадан кыйкырып. Бирок бу сапар ал Дамема таш алгычакты чолондоп бир буту менен секирип барып түркүккө жашынып калды.
- Мага бериң, мындай калпычыны тонкойтуп алып...
Аңгычакты Дамема соктурган таш түркүккө барып тарс дей түштү.
- Бас жаагынды, ичкич донуз!! Дамема дагы бир ташты алып аңдып турду эле кара сакал түркүктөн чыкпай койду.
- Ата-энең үй-бүлөөн барбы? - деди анан ал кайрадан Дейге кайрылып.
- Эч кимим жок. Өзүм болсо «сары шапкечен» монахмын.
- Катын албадынбы?
- Эч качан.
- Хе-хе, - деп Дамема күлүп койду да мындай деди:
- Сен анда мага жардамчы болуп тур азырынча. Алдагы жылтыраган бетиңди көрсө полицай сени баары бир иштетпейт. Ансыз да мага дооматы көбөйүп баратат алардын. Өзгөчө полицай башчысы Церендин.
- Ал деген Далай-ламанын атайын койгон кишиси. Ал түгүл тууганы болот. Ошон үчүн сенден коркпой атат Дамем-апа! - деди ошол кезде кадим жезкемпир кебетеленген бир, Таро Дамемадан алда канча улуу кайырчы кемпир.
- Менден Далай-ламанын тууганы тургай, өзү коркот! - деп кыйкырды Дамема кемпирге жооп берип.
- Полицайдын башчысы Церен деген Далай-Ламанын тууганы эмес. Ал деген Жохан храмынын ректорунун күйөө баласы. А ректор деген Далай-лама менен бирге окуган. Ошон үчүн Дамем-ападан коркпой атат, – деп дагы бир чүрүшкөн кемпир тактоо киргизип калды.
- Ал ректоруң деген өзү качып кеткен турбайбы.
- Панчен-ламабы? - Өзү, өзү. Мен аны кечээ жанымда туруп сүйлөшкөн эки кызыл чапан монахтан уктум. Экөө тең салабаттуу немелер экен. Мага бир сомдон акча таштап коюшуп көпкө кобурашып турушту.
- Ректор кайда кетиптир? – деп ошондо чыдабай кеткен Дей дагы сөзгө аралаша калды.
- Полиция издеп атат экен.
- О, койчу калпты шыпыртпай!
– Сен өзүң калпты шыпырткан! Мүрзөсүндө тирүү отурган ламаны карышкыр жеп кетиптир дебедиң беле, жеген эмес турбайбы!
- Мүрзөсү эңшерилип жатканын өз көзүм менен көргөм.
- Калп, көргөнүң! Кара чаар жылаансың сен! Таяк жете турган жер эле. Ошондуктан эки кайырчы кемпир бирин-бири беттен аткый турган болуп жакындаша баштаганда Дамема узун союлун экөөнүн ортосуна таштап койду да калгандарга кыйкырып буйрук берди:
- Тезирээк битиңерди карап алгыла! Күн ачылып баратат! Андан соң Таро Дамема кайрадан Дейге көңүл бурду:
- Эмне каткан дүнүйөң бар? Келе, алдыгы баштыгыңды бери бер, – деп Дейдин колтугундагы баштыкка сөөмөйүн сунду. Дей бергиси келбей кыстала түштү эле Дамема каткырып ийди:
- Ичи толгон алтынбы, же акчабы? Андай болсо ого бетер мага бер. Антпесең бир заматта алдырып коёсуң. Тетиги мас эле алып ичип салат, – деп ал кара сакал кайырчы жакты таягы менен жаңсап койду.
-Айтып коёюн жаш жигит. Эгер бизге кошулсаң толук бойдон менин колумда болосун. Менсиз эч нерсең жоголбойт, менсиз эч нерсе таба албайсың менсиз ачкадан өлөсүң менсиз жашооң жок деп эсепте. Менден бир тыйын, бир тоголок арпа жашырчу болсоң мынабул отурган аттуу-баштуу кайырчылардын көзүнчө эле өзүм жазанды берип коём. Мынакей, сенин алтын каткан баштыгың менин колумда, - деп ал делдейип сөз угуп турган Дейдин колундагы баштыкты эңкейип алып койду.