Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 - Урматтуу Лама Тойба, сизди ишкердик жолугушууга чакырган камбоджалык соода фирмасынын өкүлү мырза Го Моу келгениңиз үчүн ыраазылык билдирет. Мүмкүн болсо сизди мырза Го Моуга толугураак тааныштыра кетейин. Ошентти да котормочу жигит Лама Тойбанын ата-тегин айтып келип аны астейдил мактай баштады.

Англис тилин сүйлөй албаган менен жакшы түшүнгөн Лама Тойба саал онтойсузданды, бирок өзү жөнүндөгү мактоолорду токтотууга азырынча киришпей отурду эле, дал ошол кезде Мани Ясо анын дем алуу ыргагына кошула кетип телепаттык жол менен ички дүйнөсүнө аралашты. Дагы бир аздан кийин котормочунун: «Лама Тойба учурдагы Тибет тарыхына зор таасирин тийгизе турган улуттук лидер» деген сөздөрүнөн улам тигинин ой тутумунда чындап эле «Мен» деген өтө сыймыктануу сезими пайда болду.

 Мани Ясо жылмайып отурган Лама Тойбанын дал ошол сезимин кармап алып үстүккө-босток жагымдуу чабуул жасай берди. Сөз арасында ал өзү дагы «Сиздей адам менен баарлашып отурганыма сыймыктанам» маанисиндеги күчөткүчтөрдүн агытып отуруп акыры Лама Тойбанын өзүнө болгон ишенимин толук ачууга жетишти.

Ошондон кийин гана ал монах Додайдын кара сыйкырын колдонуп, каршысындагы адамдын көкүрөгүнө мурунку «менин» алдаканча көкөлөткөн «Эго» сезимин биротоло, кайра чыккыс кылып бе кемдеди.

- Бармен! - деди ошондон кийин Лама Тойба өтө жайдарылана үн салып:

 - Шотланд вискисинен бери жөнөт! Мен, Лама Тойба, бүгүн Камбоджадан келген урматтуу коногумду сыйлайм. Бол тез! Андан кийин жолугушкандар өздөрүнүн «негизги» темасына өтүшүп, соода иштерин талкуулашты...

 

 

ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

 

Төбөсүнүн жарымы жок, эски сарайдын астындагы Лхаса кайырчыларынын жатагында бүгүн уу-дуу кеп козголду. Себеби күн жаап, баардыгы тең «иштерине» чыкпай калган. Кепти биринчи болуп булардын башчысы Таро Дамема деген эки буту жок, төрт чыгырыктуу жыгач тактада отурган, бети чаар, богоктуу толук аял өзү жөнөттү.

- Силер, баарынар билип койгула!, – деди ал аркай жерде томпоюп, чүпөрөкчапрактарга оронуп жаткан кайырчыларына кыйкырып:

– Эгерде базардын полицай башчысы биринерге келип дагы бир жолу кабыла турган болсо дакини кылып жиберем. Эки көзү агып түшүп, сокур болуп жатып калса мен күнөөлүү эмесмин. Айтып койгула ага! Уктунарбы?! Түштөн кийин, күн ачылса баарыңар ордуңарга баргыла. Ушул кабарды базардагы полицайларга четинен угузгула! Кабылбасын мага, жубарымбек! Биз, кайырчылар, Тибетте ыйык касиетке ээ экенибизди ал көпкөлөң унуткан окшойт. Биз деген кол тийбестик укукка ээбиз. Тибеттин мыйзамдарын окубайт бекен ал акмак! Мыйзамды менден кыйын билген эчким жок! Бизди деген будда Саки Муни өзү жалгаган! Менден бийсиз биринди полицай камай албайт!

Таро Дамема бакылдап бүткүчөктү баштарын чүмкөй жаткан кайырчылардын дээрлик баардыгы тең соксоюп өйдө болушту. Бети баштары шишиген, чачтары саксайган. Тээ алысыраакта ойгонбой жаткан эки-үчөөнү Таро Дамема жанындагы чүкөдөй таштардан ала коюп туруп уруп калды.

- Дамем-апа! – деди шыйрагына таш тийген монах жигит ооруганына чыдабай онтолоп, - мен сөздөрүңүздүн бирин калтырбай угуп жатпаймбы.

- Жакшы кайырчы сөздү жатып алып укпайт! — деди да Таро Дамема дагы бир таш алып туруп нарыда жаткан бирөөнү таамай шыйрака урду.

Бу жолку таш тийген киши монах Дей эле. Чоочуп кеткен неме ордунан ыргып туруп анан кайра отурду. Жакан храмындагы кырдырган чачы али өсө элек, кебетеси тысырайып, сулууча келген өңү бул жердин жатакчыларына деле бир коошпойт.

-Бас бери! Жаныма кел! – деди Таро Дамема Дейди өзүнө чакырып,

Сен кандайча менден улуксаатсыз кызыл дарбазага барып отуруп калдың?

- Сизден улуксаат алыш керек экенин билбепмин, Дамем-апа. Аны мага ушул жерден айтышты.

- Кечээ канча таптың? Эмне үчүн кассирге өткөрүп бергениң жок

- Беш сом пул, эки алма, бир кочуш күрүч.

 - Кайда аларың?

- Күрүчтү тэтигил жанымда жаткан монахка кечээ эле бергем. Эки алманы өзүм жегем. Беш сомдун үч сомуна кечээ кечте тамак ичкем.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.