Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Лама Тойба өзү болсо ал күндөрү Далай-ламага катылгандай эле албууттанган кайрат менен үйбүлөсүндөгү бир чатак маселени чече албай алпурушуп жүргөн. Кептин баары төрт баланын энеси, жаштайынан баш кошкон аялында эле. Мурда сүйлөшкөн убаданы бузуп, энеси эң кичүү кыз-күйөөсүнө үйлөрүн сатууга улуксат берип коюптур. Кыз-күйөөсү Лхасадан элүү чакырымдай алыс, атактуу Сэра монастыры жайгашкан шаарчада турушчу. Лама Тойба балдар жаңы үйлөнгөндө ошол жерден татынакай, жаңы салынган үч бөлмөлүү үй сатып берген.

Адепки жылдары күйөө бала монастырда электрик болуп иштеп, кызы көбүнчө үйүндө эле. Кичинесинде бирдемеден жүрөгү түшүп, кыз бала нерв жагынан биртике ооруулуу болуп калган. Кыялы чатагыраак, өз дегенин бербеген кыз болуп чоңойду. Кыязы, аялуу деп эркелетип атышып ата-энеси өзүлөрү ошого жет кирди көрүнөт. Лама Тойба ал кызын дегеле койнунан түшүрчү эмес. Тогуз жашка чыкканча атасынын алдына отуруп тамак ишчү. Энеси болсо көпкө дейре балтыр эти толбой, илмейип арык чоңойгон кызынын көзү менен тең айланып, берээрге ашын таппай турчу. Анан ошол кызы кайдан-жайдандыр күйөө таап алыптыр. Бала айлынан келип Лхасадагы техникалык окуу жайын бүтүп аткан экен. Экөө бирин-бири жактырып калган болот. Анда Лама Тойба, мындайча айтканда, Тибеттин каржы министри болуп турган кези.

- Мен сага бир жаңылык айтайымбы. Кызыңдын боюнда болуп калыптыр. Төрөйүмбү же алдырып салайымбы деп атат? Кандай дейсиң атасы? Лама Тойба бир күнү жумушунан чарчап келсе аялы ушинтип алдынан чыгып отурбайбы.

- Койчу? - деди Лама Тойба таңыркап. Менин кенедей музоочугум ошончолук чоңоюп калыптырбы? Төрөсүн албетте, - деп жооп берди Лама Тойба.

Эрке кыз болсо атасынын төрүндө көз жарганга жетише албай калды, себеби аны күйөө бала ай-күнүнө жеткен кезде өз ата-энесиникине алып кеткен болчу.

Аяктан бала аман-эсен, сопсонун эле төрөлгөн экен, бирок тибеттиктердин эски салты боюнча жаңы төрөлгөн баланы «жашоого кудурети барбы же жокпу» деп кышындагы агып аткан муздак сууга салганда өпкөсүнө суук тийип чарчап калган болчу наристе. Лама Тойба ошондо кудаларына бир жинденди:

- Минтип отурса тукум калбайт булардан. Чыгарып алам кызымды!, - деп кайгырганда аялы болбой койгон. Рас, жаштар кийин дагы бир перзенттүү болушту. Анысын да какшаган муздак сууга салышкан экен аман калыптыр. Кийинчерээк күйөө бала негедир арак иче баштады. Өзү тыржыйган арык неме, дегеле ичкенди көтөрө албайт, ошого карабай күндө мас. Ошону уккандан кийин Лама Тойба экөөнү ажыратып, кызымды үйгө алып алам деп көп аракет кылды. Бирок, адамың түшкүр баш катырган бир табышмак эмеспи кызы болбойт тырышып. Мас күйөөсүнөн өлүп ажырашпаса, тирүү ажырашкысы жок. Анын үстүнө бержактан кыздын энеси да болбойт: «Экөө бирин-бири сүйөт экен» дейт.

- Сүйсе эмне күндө арак ичет?! - деп Лама Тойба маселени нечен жолу кабыргасынан койду, бирок балдарды ажырата алган жок. Мына эми ошол күйөө бала үстүндөгү кайнатасы үлөштүрүп берген үйдү сатып туруп аялын баласы менен Чыгыш Тибеттеги Кхама деген шаарга көчүрүп кетет имиш.

 Бул кабарды мурунку «соо» аблында укса Лама Тойба балким макул болот беле, азыр болсо тимеле жиндеп кете таштады.

- Ошол ийне жеген иттей кирбийген акмак менин кызымдын үйүн сата коёт бекен, ыя! - деп ал аялына бир тийди.

Ушуну ойлоп чыгарган үчүн мен ал мастын мойнун жулам! «Мен барайын, кой сен барба» деп аялы аябай чырылдады. Эри жулунганда үйүнөн чыгарбай кадимкидей алдын тороп, кармашканга чейин барды. Лама Тойба таптакыр болбоду. Көгөрүп атып такси алды да, Сэра монастырын көздөй жулунуп, жалгыз өзү жөнөдү.

Экөө тең элүү жашка чыгып, отуз жыл эрди-катын болуп жашап, дегеле Лама Тойбанын мындай кыялын үч уктаса түшүндө көрбөгөн аялы сезди, бу кетиши менен күйөөсү бир шойкомду баштаарын. Күн мурун эле буулугуп ыйлап да алды. Бир туруп күйөөсүнүн артынан жөнөгүсү келип кетти эле, бирок эмнегедир анткен жок. Өзүнчө эле жалгыз бурчка тыгылып, заманасы куурулуп, оорулуу кызынын, небереси менен күйөө баласынын амандыгын тилеп атты. Ошолордун бирин Лама Тойба майып кылып койбогой эле, жаратканай!

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.