Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 

***

 

Такси келип үйдүн алдына токтогондо короодо ойноп жүргөн үч жашар бала сыртка чуркап чыкты. «Таята» деди ал машинадан чыгып өзүн көздөй чоң-чоң арыштап келе жаткан кишини сөөмөйү менен көрсөтүп.

Андан ары баланы каруусуна көтөргөн Лама Тойба дарбазаны ичинен тарс жаап үйгө кирип барды. Күйөө бала адатынча мас болуп ирегеде жаткан экен. Кызы кайдадыр көрүнбөйт. Лама Тойба үч бөлмөнү кыдырып чыккандан кийин колундагы небересин жерге койду да, күйөө баласын ойгото баштады. Ары түртсө былк этпейт, бери түртсө быш этпейт, өлүктөй сулк жатат күйөө бала. Лама Тойба ачуусу менен желке чачтан алып туруп башын полго бир урду эле ошондо анан жан кирди окшойт

 - У, акмак, өлтүрүп коём! Тийбе мага! - деди башын көтөргөн бойдон булдурактап.

 Лама Тойба күйөө баласынын мынабул кебетесинен ушунчалык жийиркенди. Эски кусунду жыттанып, чалажан бакадай тырбайып жаткан немени кантип гана койнуна катып чоңойткон, боор эти менен тең эрке кызы күйөө кылып алганына ушунчалык ызаланды да жанагы жасаганын кайра бир кайталады. Бирок бу сапар жини менен полго тигинин башын катуураак урду. Ошондо анан күйөө бала таш тийген жырткычтай айкырып-кыйкырып тура баштады. Мас оюнда ал аялын сабамак болсо керек, көзүн ачпай туруп эле жанындагы бирөөнү ыргай таяктай катуу согончогу менен тээп калды.

 Дал ошол тушта Ламанын кызы сырттан кирип келген болчу. Колунда бир кесик нан, бир бөтөлкө сүтү бар экен. Аларын тигиндей койгучакты күйөөсү турду да кайнатасын көрбөй эле аялын барып чачтан алды. Лама Тойба артынан жетип кармагыча болбой кыз бала күйөөсүнөн эки муштум жегенге үлгүрдү.

- Эй, айбан, бери кара! - деди Лама Тойба күйөө баласына кыйкырып. Андан соң элүүдөгү күчкө толгон зор киши ырбыйган арык немени башка көзгө чаап сабай баштады. Күйөө баланын мурдунан кан кетти. Үчтөгү небереси бир бурчта бакырып атат. Аңгыча кызынын нерви бузулуп чаңыра баштады. Болгондо да ал күйөөсүнө болушуп, атасын тытмалап жүрөт.

Баары бир тең ошол эч нерсеге арзыбаган бир арсыз-күнсүз мас немеге кызынын болушканы Лама Тойбанын жанына батып кетти окшойт.

-Экөөң тең окшошкон наадансыңар! Чыккыла үйдөн! - деп экөөнү тең сыртка кууй баштады.

Оо, колдорунан эч нерсе келбейт деген жүдөмүштөрдү ошондо көрүп ал. Экөө тең сыртка чыкмак түгүл килейген Лама Тойбанын өзүн түртүп салчудай. Тарамыштай тырышып күйөө бала, андан өтүп кызы калтырап-титиреп өң алаттан кетип алган.

- Мактанган атаң ушубу?! Лама деген ушундай болобу! - деп канжалаган күйөөсү аялына бакырып атат. Биртике солуга түшүптүр. Айтор үйдүн ичи сапырылып ызы-чуу. Бержактагы баланын боору эзилип атканы менен эчкимдин иши жок.

Тибет интеллегенциясынын ичиндеги эң абройлуу ламалардын бири болгон Тойбаны миңдеген жөнөкөй адамдар үлгү тутчу эле. Өзүн дайыма зыңкыйтып бийик кармап жүргөн, эл улуу деген инсан моминтип бала-бакырасы менен тытышып атканы эч бир акылга сыйбаган таңкаларлык нерсе эле. Бирок ошону Лама Тойба өзү таптакыр сезбеди. Анын көкүрөгүнө кирип, биротоло орноп алган бир жалаңгычтай «Мен» бүткүл эсакылынын туткундап алып коё бербей атты.

Кармаш күчөдү. Демейде эле үлп эткен желге нерви козголуп кетчү Ламанын кызы азыр эми таптакыр эсин жоготуп, атасын үйдөн түртүп чыгуунун аракетинде. Күйөө бала болсо кайнатасын жыга чапкысы келип, үй ичинен бирдеме издейт. Азырынча колуна эч нерсе илинбей атат. Ошол кезде Лама Тойба түшүндү окшойт, бул экөөнү эзели кууп чыга албасын шарт жулунуп ички үйгө өтүп барды да терезеде жаткан мынабул каргыш тийген үйдүн документтерин алып чөнтөгүнө салып алды.

- Жараткандан мен силердей балдарды тилеген эмесмин! - деди анан ал же нишке жеткен кишидей үнүн чечкиндүү чыгарып.

- Мен үчүн силер жоксунар! Силер үчүн үй жок!

Ошентип ал кетмекчи болуп сыртты көздөй бир кадам шилтегенде эле бетине бир таштай катуу суюктук жаба урулду. Суюктук адегенде муздак эле, бирок бетине тийээр менен өрт болуп күйүп кетти.

- Ааа-аг! - деди чоң эле киши аргысыздан отура калып бетин басып бакырып. Анткени эки көздү оюп түшкөн уунун күчү ошончолук эле.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.