Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
***
Арадан туура үч күн өткөндөн кийин Лама Тойбанын өлгөндүгү тууралы кабар газеталар менен радио-телевидениеден элге кабарланды. Кабардын бардык түрлөрүндө «күтүлбөгөн кокустуктан» деп бүдөмүк берилгендиктен эчким ага ишенбей, анын артынан ондогон божомолдор эл оозунда желдей учуп Тибеттин бардык кокту-колотторуна тарап кетип атты.
Бир гезит жазды: «Лама Тойба табышмактуу жагдайда түнкатып Сэра монастырына барып, ошол жерден күйөө баласы колдуу болуп өлгөн. Күйөө баласы азыр суракта. Тибет органдары бул саясий өлүмдүн артында ким тургандыгын изилдөөдө» деп. Ким турмак эле? Бештен белгилүү да!» дешип муну окугандар дароо Далай-ламанын өзүнө «таш ыргытышты».
Дагы бир гезит жазды: «Лама Тойба Сэра монастырында дарс окуп аткан кезде бир фанатка дакини кылып бетине уу чачкан экен, жаралуу болгон ламаны ошондон алып чыгып Лхасанын госпиталына апкелаткан кезде жолдо жүрөгү токтоп өлгөн» деп. Аны окугандар да дароо эле кабарды жиликтей коюшту: «Ал фанатканы ким ишке салганы оркоюп эле көрүнүп турбайбы...»
Эл оозунда жүрүп аткан айындарды жокко чыгарган расмий билдирүү кийи нирээк чыкты. Ал боюнча алганда: «Лама Тойба үйбүлөлүк иштери менен Сэрадан алыс эмес жерден үй сатып алып жашап аткан кыз-күйөөсүнө барган. Ошол үйдө кандайдыр бир кокустуктан кызынын колунан түшүп кеткен уу ламанын бетине төгүлгөн. Лама ал жерде өлгөн эмес, жарат гана алган. Андан соң күйөө бала кайнатасын Лхасадагы госпиталга жеткирип келатканда жолдо жүрөгү инфаркт болуп, бир аздан кийин жан берген. Демек, мындай болгон соң Тибет бийлигинин бул өлүмгө эч кандай тийешеси жок. Ошон үчүн Далай-ламанын артынан ушак тараткандар өлкөнүн душмандары болуп эсептелет...»
Полицияда суракта отурган күйөө баланын көрсөтмөлөрүнө негизделген мына ушул маалымат Потала ордосарайына куп жакты. Ошон үчүн өкмөттүк маалымат органдары бул кабарды көбөйтүп үстөккө-босток таратып атты.
Андан соң бир айдын ары-берисинде эле кеп Лама Тойба жөнүндө болбой калды. Кеп эми башкада эле. Теке айынын акырында, дем алыш күнү Лхаса шаарын кайрадан бир үрөй учурган суук кабар аралайт. Бу сапар чуу борбор шаардын мэри, Панчен-ламасы тууралуу чыкты. Өзүнүн эле шаардагы үйүндө, ылдый, подвалына кирип жатып алган жеринен кырк эле жаштагы Панченди келемиш чычкандар кемирип жеп кетиптир. Ой, тукумуң кур! Мындай окуя Тибет эмес жер үстүндө качандыр бир болгонун кулак уккан эмес, көз андан бетер көргөн да эмес.
Атасы эртең мененки тамакка чыкпайт, түшкүгө да чыкпайт. Бул эмне болду деп кечки тамакка караганда балдары подвалга түшсө Панчендин сөөгү эле калыптыр дейт шалдырап. Көргөн көздөрүнө ишенишпейт. Балким башка бир кишинин сөөгү шаардын өлүкканасында шылыгандан кийин апкелип ташташканбы, балким атабыз биз жокто сыртка чыгып кеткенби деп балдары көргөн көздөрүнө түк ишенбейт. Караңгы төрдө жаткан сөөккө бара алышпай коркушат да, дарбаза кайтарып турган полицайды чакырышат. Ал түнкү фонариги менен келип караса кош жаздыктап салынган парча төшөгүндө чын эле Панчен-ламанын сөөгү жатат. Полицай аны баш сөөгүнөн тааныйт. Баш сөөгүндө сербейип муругу калыптыр. Калганын арс чычкандар таза мүлжүп кеткен экен. Ошол муруттан кийин анан расмий түрдө полиция чакырышат. Сөөктү өйдө, жарыкка алып чыгышса Панчен-ламанын өзү!
Бул шумдуктуу окуяны басма сөзгө Лама Тойбаныкындай кылып нары-бери удургутуп берүүгө болбойт эле. Анткени баардыгы тең так, даана - Панчен-лама өз үйүнүн подвалында эс алып жатканда аны келемиш чычкандар жеп кеткен. Болду. Башка бир ашык сөз жок. Ошон үчүн сенсация издеген бардык гезиттер, радио-телеканалдар айла жоктон окуяны бирөнчөй берип жатышты. Тиякка-бияка буруп жиберүүгө эч илинчек табылбады.
Ошентсе да, Панчендин сөөгүн өрттөп ийгенден кийин, оо эки-үч ай өтүп калганда үч баланын энеси, маркумдун жесири бир менчик гезитке интервью берет:
- К-к-к-үйөөм өл-тү-тү-рүп ке-ке-тет деп коркту, – деди ал болуп өткөн, түшкө киргис коркунучтуу окуядан кийин кекечтенгени жоюлбай.