Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Ме-н айт-тым коркпо деп. Ал кор-коркту...
-М-м-мен ай-ай-тайын, - деп келип бечара аял шолоктоп ыйлап жиберет. Жаздыктан кайрадан баш көтөрүп:
- М-м-ен айт-там. Бир-бир к-кар-а сый-кыр күй-күй-өөмдүн мээмээ-син буз-буз-ду. А-а-а-а-ны, - деп келип кайрадан ыйлайт.
-А-а-а-а-ны буд-да бол-болдуң де-птир. Кү-кү-күйөөм и-и-ишен-ди. Ме-н буд-да-мын деп ы-ыл-дый сү-сү-күткө түштү. Ке-ке-келемиш көп...
***
Ордосарайдын бардык кызматкерлерине Мани Ясо менен сүйлөшүүгө тыйуу салынган. Бул тартип өзгөчө Лхасанын мэри Панчен-лама өлгөндөн кийин катуу көзөмөлгө алынды. Мурда Мани Ясо жок дегенде тамак бергендер менен же болбо со посто турган сакчылар менен бир-эки ооз аркы-беркини сүйлөшө калчу. Азыр болсо алардын бири да ооз ачпайт, Мани Ясо суроо берсе ийиндерин куушуруп, баштарын чайкайт да турат. Лама Тойбанын да, Лхасанын мэринин да өлгөндүгүн Мани Ясо Далай-ламанын гана жеке өзүнүн оозунан укту. Өкүмдардын айтымында ал эки маркумдун тең трагедиясында Далай-лама менен Мани Ясонун кымындай да тиешеси жок. Экөө тең күтүүсүз кырсыктан улам каза тапты. Экөө тең өз үйлөрүндө, бала-чакасынын колунда өлүп отурбайбы. Далай-лама үчүн мындай оңтойлуу жагдай миң алакет кылса да табылат беле? Албетте табылбайт болчу. Ошон үчүн бул окуяларды Мани Ясого айтып атканда кабагын бүркөмүш болгон менен, ичинен мулундап турганын ката албады. Анын үстүнө Мани Ясого өтө ыраазы болуп турганын жашыргысы деле келген жок. Эмнеге жашырат эле?!
Бирок, көздөрү күлмүндөп, ичинен кудундаганы менен Далай-ламанын сүйлөгөнү башка чыгып атты:
- Лхасанын ламалар чөйрөсүндө бул эки адамдын өлүмү тууралуу ар кандай сөздөр жүрүп атат, - деди ал Мани Ясонун бөлмөсүнө дагы бир жолу өзү келип,
- А кээ бир кеңкелестер бул ишке биздин да тиешебиз бар деген ушактарды таратышы мүмкүн.
- Кимдин? - деди Мани Ясо жүзүн ала качып, терезени карап сүйлөгөн өкүмда рынын сөзүнө түшүнө бербей.
- Биздинчи. Менин жана сиздин. (Далай-лама акыркы күндөрү Мани Ясону «сен» эмес «сиз» деп калган. Анын себебин ал ыйык Миларепага шылтаган болчу).
- Тиешебиз бар да, -деди Мани Ясо ага таңкалыштуу карап.
- Эч кандай! Экөө тең өз ажалдарынан өлүштү. Болгондо да экөөнүкү тең өлүмдү өздөрү тилеп алышты. Тибет элине жамандык издесең дайыма ошентип жазасын аласың! Жараткан өзү жазалайт. Ошондуктан сиз билип коюңуз, касиеттүү Миларепа, өлгөндөргө биздин тырнактай да тиешебиз жок.
-Экөө тең кара сыйкырчы Додайдын нускамасындай болуп өлүшкөнү мени аябай кайгыртты, улуу таксыр! Мани Ясо байкабай эле ошентип койду эле Далай-ламанын көзүнөн чаары чыга түштү.
-Мен сизге дагы бир жолу айтам. Сиз экөөбүздүн да, кара сыйкыр Додайдын да бул өлүмдөргө эч тиешеси жок! Бирок мен сиздин дагы беш душманыңыздын эгосун күчөтпөдүмбү. Алар эмне болот?
-Менимче алар дагы өз ажалдарынан өлөт болуш керек. Мынабул экөөндөй эле.
- Демек, биз билинбей эле калат экенбиз да.
- Анан эмне дейсиз! Андан жакшы утуш барбы бизге?
- Утушпу? Мани Ясо ойлонуп калды. «Эмне үчүн утуш? Ушуну да утуш дешке болобу? Ким утуп атат, ким уттуруп атат? Бирок алар тибет элинин душмандары. Тибет элинин дагы беш душманы жакын арада жок болот. Балким өлбөй калышаар. Балким тигил экөө чын эле өз ажалдарынан өлгөндүр. Ким билет. Көрө жаталычы...»
Далай-лама кеткенден кийин Мани Ясо көпкө дейре терезени карап тура берип кайрадан Лама Цуну эстеди. Сыртта, Поталанын чатырынын кырында көгүчкөндөр учуп конуп өз турмушун өткөрүүдө. Далай-ламанын айтуусу боюнча Лама Цу көп жылдык сүкүттө отурат. Кызык. Эмне үчүн жандан артык көргөн атасы Мани Ясого бир ооз бир нерсе айтпай туруп сүкүткө отуруп алды? Анын максаты деле жок эле андай. Сүкүт жөнүндө мурда жок дегенде бир ооз айтат эле го...
Көгүчкөндөр кайдадыр уча качышып анан кайра келишти. Бирок баягы ордуна эмес, башка кырга отурушту. Бир нерседен корккондой түрлөрү бар. Баары текши майпаңдашып бут оодарыша оң жакка жылып кетишти. Кыязы булардын да жакын эле колтугунда аңдып турган душманы бар окшоду. Балким мышыктыр...