Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
Бүгүн эле Жохан храмында болгон полицайдын бардыгын сиз экөөбүз ооздогу айнек кабинага отуруп алып карап чыгабыз.
- Жосайдын мээри жаман болгон менен өзү жакшы киши болчу. Мага таттуу нерселерди көп алперчү.
- Качантан бери? Эң башынан бери элеби?
- Башында мени жаман көрчү.
- Кеп ошондо уулум. Душмандар муну кийинчерээк колго алышкан. Кийин сатылды. Анын мээр нурун мага убагында айтып калдыңыз. Болбосо кечикмекпиз. Эми уулум, ишке киришели. Бүгүн саат үчтө бардык полицайлар табынуу залын көздөй чубайт....
Мына ушундай иш өткөн жумада болгон. Табынуу залына чубаган полицайлардын көпчүлүгү демилгесиз, өз гана жанын баккан, чабал касиеттерин көрсөтүп, азганатайы бозомук жарык мээрин көрсөткөн. Бирок ошол аздын ичинен да темирдей эркти, коркунучтан кайра тартпас шер мүнөздү көрсөткөнү болбой туруп алды. Ошондо Мани Ясо санаа тарткан устаты Лама Цуга минтип турбайбы:
- Урматтуу Цу ата. Сиздин самаганыңызга туура келген бул храмда бир киши бар. Бирок ал полицай эмес.
- Ким ал?
- Ашканага тезек ташыгыч.
- Тезек ташыгыч? Лама Цу биртоптон кийин башын көтөрдү.
- Сиз аны менен ашканада таанышкансыз го?
- Ооба. Жашаган жерине да чакырып бүт таржымалын айтып берген. Ал да мендей Кыргызстандан болот экен. Мээр нуру жакшы. Бирок ойлогон ойлору окулбайт. Анткени бети бүт тырык-мырык. Лама Цу баланы угуп бираз кабатыр болду:
- Чоочун адамдардан сак болушуңуз керек Мани Ясо. Сиз башка бир да полицайдан тезек ташыгычтыкындай мээрди көрө алган жоксузбу?
- Көрө алган жокмун, ата.
- Анда эмесе көрөлү тезек ташыгычты. Жаш адамбы өзү?
-Жашын билбейм, ата. Өзү кикбоксинг боюнча Европа менен Азиянын чемпиону болгон экен. Ушундан кийин Лама Цу панченге телефон чалып анан ал Барласты өзүнө чакырткан болчу.
- Сиз айткандай түрү өтө эле коркунучтуу экен, - деди Лама Цу панченди карап.
- Эмне кылабыз? Мани Ясонун айтуусунда бул адамдын мээри шоолаланып, денеге жакын жагы мала саргыч чалып турат экен. Демек таза киши. Кикбоксинг боюнча Азия менен Европанын чемпиону имиш. Кебетесинде турат.
- Аты жөнүн толук айтса балким мен тааныйм муну, – деди панчен ышкыбоздонуп. -Мен кикбоксиндин күйөрманымын да. Өзүм да биркезде Тибеттин чемпиону болгом.
- Баса ошондой, - деди Лама Цу панченди баштан аяк сынай карап күлүп.
-Анда эмесе чакырып сүйлөшөлүбү? Өзү тибет тилин мыкты үйрөнүп алыптыр...
***
Көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин, Тибеттин коргонуу комитетинде Барласты атайын сынактардан өткөрүп келишип, акырында Мани Ясого жолуктурушту. Барластын эңсегени ушул эле. Адилетти кадимкидей сагынып, ага жансакчы болуш үчүн эмес, көбүнесе аны көрүш үчүн баарына тең макул болуп жүрүп отурду.
Жалаң ошол үчүн тиги дүйнөдөгү Анжеласына кетмегин да токтото турууга бел байлаган. Мен ал жакка биротоло кетем. Түбөлүккө барам. Ошон үчүн эки үч күндүн нары-бериси жок деп өзүн-өзү көндүргөн. Анын үстүнө биротоло жансакчы болуп иштеп калаарын анын өзүнө дааналап деле айтышкан эмес. «Сынактан өтөсүз, Адилетке жолугасыз. Калганын көрө жатабыз» деп коюшкан.
- Мен өз иним Адилетке жолугуш үчүн эмне үчүн тапанча атып сынак беришим керек?! – деп көп сынактын биринде ал комитеттин офицерине тикелей суроо койду эле ал жигит эмне деп жооп берээрин билбей жаман болду.
- Жогор жактын буйругу ушундай, – деп кутулайын деди эле Барлас офицерди чыканактан алды:
- Айтып коюңуз эми мага, мен шпион эмесмин го?
- Билсем айтат элем. Билбейм. Бизде тартип ушундай - полицайлык кызматка даярдангандардын бардыгы бизден сынактан өтүшөт.
- Охо-хо - деп Барлас эзиле күлүп алды. Жалгыз көздүү полицайга жетишет экенсиңер. Бүткүл дүйнөгө шылдың болбойсуңарбы.
- Тапанчаны жакшы эле атат турбайсызбы.
- Полицай дегендин өңү-түсү болуш керек. Жалаң тапанча менен эмине кылам? Мисалы мен ушул кебетемен уялып өзүм иштеген храмдын монахтарына көрүнбөй качам.
- Көп сүйлөбөйлү. Макулсузбу?
- Сага жакпай калдымбы?!
Барлас акыр түбү Адилетке жолукмай болгонуна чындап толкунданып, Лама Цунун бөлмөсүнүн алдында турду. Бул жерге аны жардамчы Дей ээрчитип келген.