Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
«Урматтуу Лама Дондуп! Мени колдогунуңузга ыраазымын. Ошентсе да алсыздык кылдым. Далай-ламага каршылык көрсөтө албадым. Бирок анын адилетсиз буйругун аткарбаганым – менин жеңишим» деп Лама Дондуптун атына кушкат жазат да дайынсыз жоголот.
Кушкат болсо кандайдыр Лама Дондуптун өзүнө эмес Далай-ламанын колуна тийет. Өкүмдар иш башкаруучусунун чакырып алып кушкатты колуна берет, - бирок бир ооз лам деп сөз айтпайт. Сөз айтпаган менен Далай-ламанын ичи кирдеп, мамилеси бузулуп калганын Лама Дондуп ошол окуядан эртеси эле сезди. Сезген менен кылаар айласы жок эле. Лама Дондуп чындыкты калп деп айта алчу эмес.
Ошондон көп өтпөй Мани Ясо «тибеттин душмандарынын» кара тизмесинен Лама Дондуптун ысымын көргөндө өтө танкалган. Бирок өлкөнүн саясаты менен таптакыр иши жок жаш жигит, улуу таксыр Далай-ламанын «тизмесине» а деп бу деп пикир айта алат беле? Албетте айткан жок. Ал түгүл бир кездеги өзү жакшы көргөн мугалими тибет элинин душманы экенин укканда түнү бою катуу бушайман болгон. Кадимкидей кайгырган. Кийин анын «Эго» сун күчөтүп отурганда эч нерседен шек санабаган Лама Дондуп адатынча Мани Ясо берген суроолорго жообун жүрөгү эзилип, жигитке жакынсып сүйлөп берген. Кептин чыны мугалими Дондуптун «Эго» су тизмедеги жети кишинин ичинен эң пасы экен. Мани Ясо ошондо мугалимин дагы бир ирет жакшы көрүп алган ичинде. «Байкуш Дондуп устатым эми кандай тагдырга туш болоор экенсиң» деп аяп койгон аны.
Мынакей, Мани Ясо ошол устатынын босогосуна бүгүн кайрадан шашып келди. Кире бериште карасурунан келген, өңү серт бир полицай отуруптур. Ал Мани Ясону тааныды, ордунан тура калды, бирок Лама Дондупка кирүүгө болбойт, ал кабыл албайт деп дароо кесе сүйлөдү.
- Лама Ясо, же болбосо Миларепанын түгөйү келди деп айтыңыз! – деди Мани Ясо үнүн кескин чыгарып. Ошентсе полицайдын айласы кете түштү. «Баары бир кабыл албайт» дегендей ишарат жасап ийнин куушурду.
-Сиз, адегенде айткан сөздү аткарыңыз!
Бу күндөрү Мани Ясо өзүнүн ким экенин толук түшүнүп калган болчу. Лхаса эмес, бүткүл Тибетке, бүткүл Тибетке эмес, анын чегинен алыс кеткен анын Миларепа аты канча жасырышса да болбой алыска угулуп калган болчу. Ошондуктан жигит керек учурда чечкиндүү сүйлөгөнгө үйрөнө баштаган. Өзгөчө Потала ордосарайындагылар анын караанын эле көргөндө нес болуп катып калышат. Ыйык Миларепанын кайра жаралган түгөйү бир эсеп болсо, Мани Ясонун өзүнүн бойкелбети, сүрү, баскан-турганы бир эсеп. Чынар теректей шыңга бою солкулдап, кызыл күрөң лама чапанынын узун этектери кадамы сайын серпилип, чанагына терең чөккөн каректери алдынан чыккан адамды жалтантат.
Белгисиз себептер менен бир да адамды үстүнө кийирбей аткан Лама Дондуп Мани Ясону кабыл алмай болду окшойт. Бирок ал ыйык Миларепага эңкейип таазим кылаар менен, анын кайра жаралган түгөйү Мани Ясого дароо доомат айтып кирди. Көздөрү чачыладай кызарып алыптыр.
- Далай-лама экөөнөр адегенде бирди жайладыңар, андан кийин дагы бирди.... А бирок мени жайлай албайсыңар, айтып коёюн. Мен Лама Тойбадай же болбосо Лхасанын мэриндей аксак кийик эмесмин! Мени экөөнөр кууп жете албайсыңар!
Мани Ясонун дароо каны бетине тээп чыкты. Көрсө Далай-лама экөөнүн жашыруун деп жасап аткан иштерин Лама Дондуп апачык эле билет турбайбы! А бир киши билген сырды калгандар билбес болуптурбу?! Демек элдин баары эле билет экен да. Жашыруун эч нерсеси жок турбайбы!
- Урматтуу Лама Дондуп....
- Жо-жок. Мени сиз, касиеттүү Мани Ясо, алдай албайсыз. Сизди деген мен окуткам, эсиңиздеби? А бирок мен сизди кара сыйкырга окуткан эмесмин. Мен сизди жер үстүндөгү адилеттик үчүн күрөшсүн деп окуткам. А сиз болсо эмне кылып атасыз?!
- Урматтуу устатым, Лама Дондуп....
- Эми келип алып мага өзүңүз кол салмак болдуңузбу? Мага канча жолу киши жибердиңер «өлтүр Дондупту» деп. Мен болсо бирөөнү да кабыл алган жокмун. Билемин да силердин кыянат кылаарыңарды!
Лама Дондуп Мани Ясону сүйлөтөөр эмес. Жигит улам аракет кылса улам кагып туруп алды. Мурда жибектей созулган жопжоош кишинин «Эго» су башынан ашып, боюна батпай өрт жалын болуп күчөп аткан кези экен. Ошон үчүн Мани Ясо шашып калды. Лама Дондуптун эгосун мурунку өз абалына келтирүүгө аракет кыла баштады. Антейин десе Лама Дондуп бир ордуна токтобой, тура калып, отура калып, тескери айланып кетип, Мани Ясого колун кезеп таптакыр тынчыбады. Жигит канча аракет кылса да тигинин дем алуу ыргагына кире албайт. Ошондо айласы кеткен Мани Ясо устатын саамга гипноздоп коюга аргасыз болду. Эсин жогото түшкөн Лама Дондуптун заматта көздөрү сүзүлүп, өзү болсо ордунан жылбай отуруп калды.