Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Мен деген өлбөс Лама Цунун жанына барып отурам! Ал экөөбүз...
Мани Ясонун көздөрү алайып чыкты. Анткени сүйлөп аткан Лама Дондуп тун мээр нуру кызыл кочкул болуп алпылдап, өтө катуу оорунун энергиясын чыгарып жатты. Денесине жакын жерлери кара киргил, Мындай мээр нур менен көпкө узашка мүмкүн эмес эле. Ошон үчүн Мани Ясо устатын кайра бир жолу гипноздоп, кайра бир жолу эгосун өзгөртүүгө далалат кылды эле андан эч нерсе чыкпады. Лама Дондуп гипнозго моюн сунбаган абалга жетип калган экен. Анын бардык болгон эсидарты эле Лама Цуга барып такалып атты: «Лама Цунун жанына барып мүрзөгө чогуу отурам... отурам... отурам...»
- Мен сизди Цу атамдан кем көрбөйм, Дондуп ата! Бирок ал сүкүттө жалгыз отурат да! Ага жолтоо болбош керек!, -деп Мани Ясо Лама Дондуптун ойлорун окуп жатып аны менен сүйлөшүүгө аракет кылды эле, устаты тескери карап жатып алды.
- Сиз анын каттарын окуган эмессиз, деди Дондуп ошол тетири караган тейде күңкүлдөп.
-Кимдин каттарын?
-Мен гана билем ал каттар жөнүндө! Мен!
- Айтып берсеңиз Дондуп ата? Мани Ясо Дондуптун жанына тизелеп отура калды эле нарыда турган полицай «жакындаба» дегенсип күрсүнүп койду.
-Айтып берсеңиз Дондуп ата. Ал эмне деген каттар?
- Айтпайм! Ректор Дели экөөбүз гана билебиз! Бирок ал качып жүрөт. Коркот себеби. А мен коркпойм! Ушу мени Далай-Ламадан коркот деп турасызбы?! Лама Дондуп мойнун кескин буруп Мани Ясону кекээр карады.
-Жок, антип ойлобойм, ата.
-Мен сизден да коркпойм Мани Ясо! Мейли кара сыйкырчы Додайдын түгөйү боло бериңиз! Миларепа эмессиз! Бирок мен сизден кенедей да коркпойм!
- Коркпонуз, ата. Мен сизди куткарышым керек. Сиздей болгон дагы үч адамды куткарышым керек! Мага жардам бериңиз, ата!
- Эч кандай жардам күтпө менден! Мен деген!...
Дал ошол ирмемде Мани Ясо устатын гипноз менен кармаганга үлгүрүп калды. Бир нече секунддан кийин Лама Дондуп тынчыды, көшүлүп уктап да кетти.
***
Мани Ясо тизелеп отурган тейде ордунан козголбоду. Лама Дондуп дени соо эмес авалда болсо да жигитти чоочута турган сөздөрдү айтканы ага катуу тийди көрүнөт. Айтпадыбы! «Сиз Миларепа эмессиз, сиз кара сыйкырчы Додайдын түгөйүсүз!» деп айтпадыбы. Бул эмне деген сөздөр?! Лама Цу ушундай болсун деп бүт өмүрүн бейпайга салды беле? Анын өмүрүнүн максаты, тилеген тилеги, күйгүлтүгү ушул беле? Ыйык Миларепа кайрадан жаралып адилеттик үчүн күрөшөт деп Лама Цу кирпик көзүн какпай, түнү уйкудан калып жүргөндөгү көйгөйү ушул беле? Дегеле кедериң кеткен бул кара дүйнөдө кимге ким ишенет? Айткылачы, о адамдар! Кимге ким ишенент?! Же көр дүйнө ушуну менен оңолбос, түзөлбөс, агарбас болуп бүткөнбү?! Жарык барбы алдыда? Эгерде Мани Ясо эрезе жетип алып жараткандан алган өз ак шыбагасын минтип кара көө менен өзү боёп отурса, минтип бийлик өкүмдарынын камчысын чаап, акты ак дебей отурса, анда ким аргасыз чылага чөгөлөгөн кембагалды колтугунан өйдө жөлөйт? Ким?
Жакындан бери ичтейиндеги, айталаада жалгыз калган жолбун итче улуй баш таган ушул кунарсыз ойлорун Мани Ясо башынан чууртуп отуруп алды эле, Лама Дондуптун, жанатан бери анын бетин тытам деп жулунуп аткан кызы артынан айкырып ийди:
- Жоготуш керек бул кара сыйкырды! Эгер атам айыкпаса мен муну үйдөн чыгарбайм! Дакини кылам! Денесин иттерге салып берем!!! Үңкүйүп, тизелеп отурган Мани Ясо арка жагындагы угулган уудай ачуу сөздөр өзүнө карата айтылып атканына адегенде ишенген жок.
Ошентсе да моюн буруп аркасын карады. Бойго жеткен бир, жаш чырпыктай солкулдак кыз эки бети жошолонуп ыйлап турат. Эгер аны полицай эки колдоп тосуп турбаганда түз эле келип Мани Ясонун бетине асылчудай.
-Кайра алгын кара сыйкырынды! - деди кыз Мани Ясого жулунуп.
Мани Ясо өңалаттан кетип, бопбоз болуп ордунан араң турду. Колго тушкөн кылмышкер катары айтаарга эч сөз таппайт. Мына дал ушул жерде ал өзүнүн чын эле кылмышкер экенин өзү даана сезген болчу. Адамжанды ушунчалык мазес кылып ким жараткан? Акыл-эсиң толуп ташып турган кезде, өткөндөгү улуу йогдун кайра жаралган түгөйү болуп турган кезде, ак-каранын баардыгын түшүнүп турган кезде бирөө сазга жетелесе сазга барып тыгылганың кандай эй, Мани Ясо! Миларепа эмес эле, жөнөкөй адам атын актай албаган кеңкелес Мани Ясо! Жигит башын жерге салып, атасы үчүн чыркырап күйүп аткан, отко түшкөн кыздын астында толук бойдон чөгүп турду...