Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Тынч отуруп бериңиз. Мен сизди куткарышым керек, - деди Мани Ясо устатынын дем алуусу менен кошо анын психикалык чөйрөсүнө кирип жатып. Андан соң ал ак сыйкырдын кыска мантрасын санскрит тилинде алтымыш алты жолу күбүрөп окуду да көз алдында отурган адамдын «эго сезимин» кармады...
***
Лама Дондуптун ахвалы кандай болоору эртеси күнү билинмек. Ошон үчүн Мани Ясо таңды таңатканча оюнан кетпей кыйнаган суроолор менен алпурушуп чыкты. Биринчи эле суроосу өзүнүн кара сыйкыры жөнүндө болчу. Анын бул терс касиетке ээ болгону чынбы же калппы? Өткөндөгү Баян-Хара-Ула тоосундагы үңкүрүндө сүкүттө жатып алып кара сыйкырчы Додайдын кыйкырып айткан сөзү кулагынан кетпейт:
«Эми көрүп ала бергиле Мани Ясоңорду. Канчалаган адамдардын баш сөөгү анын баскан жолунда томолонуп жатаарын!» деп кыйкырган болчу ал. Додайдын ошол каргаша сөзүндө чындык барбы же жокпу?
Далай-лама өкүмдар болсо «чындык жок» деп жанүрөп ишендирип келет. Анын айтуусунда өзүндө да, Мани Ясодо да эч күнөө жок. Өлгөндөр өз ажалынан имиш. Бирок ошол эле учурда «Тибеттин душмандары» биринен сала бири жайраганда Далай-ламанын көзү күлүңдөп, Мани Ясого өзгөчө ыразы. Ошентип өкүмдардын ички туюму бир башка, эмнегедир айткан сөзү бир башка.
Мынакей эми Лама Дондуптун ахвалы кандай болоор экен? Эгерде ал кара сыйкырдын чеңгээлинде кала берген болсо, мурдагысындай кызматкерлерин үстүнө киргизбей, өзүн жогору ала чаап, көрүнгөндөн «өлтүрүп коёт» деп шек алып, кыскасы дени соо адамдай иш кылбастыр. А эгерде бүгүн оңолуп, Лама Дондуп өзүнүн баягы тубаса кулк-мүнөзүнө келе баштаса анда кара сыйкырдын ага таасир эткени да, анан андан кутула баштаганы да айгине.
Мани Ясо саатын караса - жети. Далай-ламанын иши башталып калган эле. Тез барып ага көрүнүш керек. Ошондо ал айтат Мани Ясонун эмне кылаарын. Кээде аны көшөгөнүн артына отургузат, а кээде түз эле жанына алып, келгендер менен сүйлөшө баштайт Далай-лама. Анткенинде да себеп бар - жигиттин гримделген үчүнчү көзү абдан эле дааналап карабаган кишиге азыр көп байкалбайт.
Бирок бүгүн Мани Ясонун өкүмдарга карата ичтеги мамилеси эмнегедир өзүнө да түшүнүксүз болуп өзгөрүп, ага баргысы келбей турду. Буга дейре ал үчүн эч кынтыксыз аброй болуп келген Тибеттин эң башкы ламасы, мамлекеттин да, элдин да башчысы эмнегедир жигиттин көңүлүн тартпай калды.
Ошон үчүн ал тез кийинип чыкты да жогору эмес, төмөнкү кабаттагы Иш башкаруучунун бөлмөсүн көздөй жөнөдү. Лама Дондуп ишине келе элек экен. Ал түгүл кире беришиндеги полицай да жок. Мани Ясо бираз айланчыктап турду да бурчтагы орунга отура кетти. Далай-ламага кечигип атса да болбой Лама Дондупту күткүсү келди.
Ошол, Иш башкаруучунун кире бериш бөлмөсүндөгү жалгыз отурган дымыраган тынчтыкта ал өзүн биринчи жолу кандайдыр бир кылмыш кылган адам катары сезип кетти. Кудум азыр полицайлар кире калып, колуна кишен сала калчудай. Мани Ясо шекшинип эки жагын каранып койду, сырттагы, коридордогу дабыштарга катуу кулак түрө баштады. Мынакей биринчи дабыш угулду. Баскан кадам дал өзүн көздөй жакындап келатат.
- Ом, мани падме хум! – деди шарт кирип келген полицай Мани Ясону көрө коюп шашып.
Ордунан тура калган Мани Ясо да ага шашыла салам берди да кызарып кетти.
- Мага мырза Дондуп керек эле.
- Мырза Дондуп ооруп калды, үйүндө.
-Мен анын ден соолугун көрүшүм керек. Үйүнө алпарыңыз! Полицай эч сөз айтпастан алдыга түшүп жөнөдү.
***
Лама Дондуп бийик салынган төшөгүндө жаткан экен. Мани Ясону көрөөр менен ал өйдө турмакчы болуп обдулду эле жигит ийнинен басып токтотуп калды:
- Ден соолугуңуз кандай, Дондуп ата?
- Мен ооруп калдым. Бирок мени баары бир өлтүрө албайсыз, Мани Ясо! Ойлобонуз мени бир алсыз байкуш экен деп. Андай эмес! Мен деген...
Мани Ясонун башы шылк дей түштү. Көкүрөгүндө бороон жүрүп кеткенсиди. Атаганат! Устатынын авалын ондой алган эмес экен да! Эми эмне болот!? Эмне болот эми? Көрсө, өзүнүн кара сыйкырын өзү кайтара албайт турбайбы!
Мани Ясо эмне кылаарын билбей алдастап калды да Лама Дондупту тикемандай карап туруп үчүнчү көзүн жаба кийген топусун башынан сыйрып алды.