Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Эгер бул үйдөгү капилет трагедия андан ары, дал Мани Ясонун өзүнүн көзүнчө уланбаган болсо, балким жигиттин сезимине мүмкүн дагы да жетпес беле? Ким билет! Адам деген, айтпадыкпы, ушунчалык мазес жаралган пенде! Кыздын ачуу чаңырыгынан кийин Мани Ясо эмне кыларын таптакыр билбей калган кезде Лама Дондуп өзү уйкудан ойгоно кетти:

- Мен... мен..., – деди ал тили булдурактап, күрмөөгө келбей жатып,

- Мен Лама Цуга кетем.

 -Цу деген өлгөн адам, ата! Эки жыл болду!, – деди кызы атасына кыйкырып.

- Өлгөн эмес дейм! Барам!

-Тантыраба, ата! Ал деген өлгөн

-Анда мен дагы өлөм! Анан барам!

 - Ата дейм! Кызы жанына келгиче болбой Лама Дондуп кандайдыр бир күч менен ордунан серпилип тура калды:

 - Чыккыла үйдөн! Баарыңар кеткиле! Лама Дондуп кызын да, Мани Ясону да төштөн ары түртүп-түртүп жибериди. Ал үчүн өзүнүн жандай көргөн кызы менен жек көрүмчү Мани Ясо экөөнүн айырмасы жок болуп калган экен. Демек, оорунун ахвалы татаалдашып баратат. Кантип куткарууга болот? Ошол тушта көз алдында болуп аткан окуялардын жөн-жайын такыр түшүнбөй босогодо нес болуп турган полицай келип Мани Ясонун кулагына шыбырады:

 - Далай-лама сизди издеп, бардык полицайларга, посторго «тапкыла» деп буйрук бердирип атат.

- Түшүндүм, – деди Мани Ясо, полицайдын чыканагын кармап.

- Лама Дондупту айыктырмайын мен жөнүндө эч кабар бербегин!

Ошол замат Мани Ясо Лхасадан жүз чакырымча алыс турган Галден монастырын эстеди. Ал жерде ак сыйкырдын Бакшысы, атактуу йог жашачу. Лама Цу шакиртин бир сапар ал Бакшыга алпарып тааныштырган болчу. Ошондо эле Бакшы карылыкка моюн сунуп калган эле. Эми азыр ал кандай ахвалда болду экен?

Мани Ясо аз убактан кийин Бакшынын алдында отурду. Картаң Бакшы куу сакал, куу чач болуп төшөгүндө жаткан экен. Көздөрү чылпактап, көкүрөгү кышылдаса да бакшы Мани Ясону айныбай таанып:

- Сени кантип унутайын, балам. Бүткүл Тибет эли сенден үмүт кылып, карап турбайбызбы. Менин баамда ыйык Миларепанын жолун жолдой турган мезгилин келди, - деди киркиреген доошу менен.

 - Айтканыңызга рахмат, ата. Бирок мен сизге бир өтө кысталыш иш менен келдим. Өмүрүмдө чоң жаңылдым ата.

- Сен жаңылбайсың уулум. Жаңылтышты го.

- Кара сыйкырга чалындым. Жети адамды дубаладым. Экөө көрдө, бешөөнү куткарып бериңиз, ата. Антпесеңиз мен өзүм да жашабайм. Бакшы ошондо акырын мойнун буруп, Мани Ясону кычыктарына жаш толгон көздөрү менен ишенбегендей көпкө карап турду да эчкирип ыйлап жиберди:

 - Кандайча ошондой болду балам?! Менин алым жок да! Көрүп турбайсыңбы! Кары Бакшынын ыйын көргөндө Мани Ясо да өзүнүн көз жашын жашыра албай эңкейип, жер сүзүп калды.

- Эмне дубага отургуздун эле ал шордууларды?, - деди оо көптен кийин Бакшы унчугуп.

- «Эго»сун көбөйткөм.

- Эмне, эмне?

 - «Эго»сун. «Мен»ин... Мани Ясо сөзүн бүтпөй муунуп калды.

- Каргыш тийген Додайдыкы турбайбы!, – деди Бакшы жашы сооло түшкөн көздөрүн чакырайтып.

- Ким сени ага туш кылган?! Ошону көмүш керек! Ким ал?! Мани Ясо үнсүз. Далай-ламанын атын атай албады.

- Додайдын адамга кылган залалын жер көтөрбөйт ко дегем. Көрсө көтөрө берет турбайбы! Жер анык албан экен. Жер деген жер экен. Мен өмүр бою Додайдын кара сыйкырын жандырам деп жүрүп карып-арыдым. Акыры ал жеңди. Мен жеңилдим. Ошон үчүн моминтип төшөктө жатам. Тура албайм.

 - Додай жеңилди, ата. Ал акыркы үңкүрүндө жалгыз отурат, – деди жанатан бери унчукпаган Мани Ясо үнүн чыгарып.

- Кайдан ал жеңилет?! Ал кара сыйкырын элге тумоо тараткандай таратып ийген. Мен аны менен күрөшүп жүрүп чактым келбеди. Анан эми мына, сен келип отурасың...

 - Эгер ооруну бул жерге, сизге апкелсем болобу, ата? Картаң Бакшы жооп бербестен көпкө дейре ойлонуп жатты:

- Адамдарга ажал апкелген зулум Додайга акыркы күчүмдү салып көрөйүмбү? - деди Бакшы Мани Ясого кеңеш салгансып кыңайып.

- Салып көрүңүз, ата!

 - Эгер ушу сапар мен жеңсем, анда жеңиш меники! Эгер ал жеңсе, анда түбөлүк аныкы. Бирок менде күч аз, Мани Ясо. Анткени сен дагы азыр зулум тарабында туруп атасың

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.