Казат Акматов: Архат
ЭКИНЧИ КИТЕП
- Мен өзүм психологмун, - деп кыз оңтойсуздана.
- Аа, андай болсо түшүндүм. Сиз, мындайча айтканда, сүйүү боюнча адис турбайсызбы.
- Ошон үчүн мен сизди сүйүүгө чакырып атпайымбы. Эгер менин чакырыгымды кабыл алсаңыз анда сиз махабаттын падышасы болосуз. Өлүп кетейин, падышасы болосуз! Себеби сизде баардыгы бар. Өң десен - өң! Бой десең бой. Акыл десең - акыл! А эң негизгиси сизде кара сыйкырдын күчү бар. Аны менен сиз сүйүүңүзгө жолтоо болгон бардык адамдарды жолуңуздан алып коё аласыз. Керек болсо опоной гана жок кылып коёсуз! Опонойбу?
- Сүйүү деген аёону билбейт да. Керек болсо ал сокур, дүлөй. Ал жапайы күч! Адам өз махабатына жетиш үчүн баардык тоскоолдорду кыйратып өтүп кете алат. Өзгөчө сиз!
- Кептин баары «сокур», «дүлөй», «жапайы» экенинде болуп атпайбы...
-Дал ошондой, «сокур!». Кыз шарактап күлүп сөзүн улады:
- Мына, мисалы мен сизди сүйүп калсам эмне кылат элеңиз. Мени боздотуп, ыйлатып коюп кылчайбай кете берет белеңиз?
- О, бул сурооңузга жооп бериш кыйын. Анткени...
Мани Ясонун сөзү ушул жерден үзүлүп калды. Бөлмөгө Лама Дондуп кирип келген болчу, өтө камыгып алган экен:
- Урматтуу Миларепа, Ордосарайдан качып кетти деп сизди расмий камоого буйрук берилди!
- Билем, - деди Мани Ясо ордунан туруп.
- Сиз дубалаган эки генерал да түндө камака алынды.
- Эмне күнөөсү үчүн?!
- Бийлике каршы кутум уюштуруп атышкан имиш. Мани Ясо кайрадан орундукка отуруп калды.
- Бир айла кылыш керек го, - деди Лама Дондуп.
- Мен Дейди издеп табайынчы, Лама Цу атам белги берди. Каттары балким Дейде болуп жүрбөсүн?
- Каттары ректордо.
- Баары бир адегенде Дейди табайынчы. Дондуп ата үйүңүздө жөнөкөй монахтын эски-уску кийми жокпу? Мынабул намжар менен көчөгө чыгыш мүмкүн эмес экен.
- Эски кийим деген толо. Батса эле болду сизге. Бирок полицайлар баары бир таанып коёт ко.
- Тааныса камап коюшар. Андан аларга пайда жок.
- Сизди да генералдарга кошуп күнөөлөйбү деп корком.
- Баса, алардын азырынча камакта жата турганы жакшы, Антпесе бир кырсыкка учурашат.
- Ыйык Миларепаны камакка алдырууга кантип батынды билбейм?
- Ыйык эчким калбаса керек, ата. Өзүңүздүн иштериңиз жайындабы?
– Мени жумушуна кайра кой деп сиз айткан турбайсызбы Далай-ламага.
- Мен айтпасам деле коюш керек да, ата. Сиз эч кандай күнөө кылган жоксуз, туурабы?
- Күнөө деген ошол, уулум мен Лама Цуну сатпай койдум.
- Биздин өкүмдөр ушундай киши экен ээ?! Муну тез арада токтотпосо болбойт ко
- Ал иш сиздин кана колдон келет, Мани Ясо
- Кантип, «Эго»сун күчөтүппү?
- Сиздин колдо баардыгы бар, ыйык Миларепа.
-Мен сөзсүз Далай-ламага барып жолугам.
- Каматып салбаса экен.
- Чочубаңыз.
***
Билектери уркуйуп жеңинен чыккан, кыска багалегинен шыйрагы көрүнгөн, эски жаман чапанчан жигит Жохан храмынын коридорлорун аралап баратканда аркы-терки агылган элдин бир тобу эле көңүл буруп атты, бирок бири да атайын көз токтотуп карап, Мани Ясону тааныган жок. Ага көбүнесе жигиттин самсаалап көзүнө түшкөн айрык баш кийими себеп болду окшойт. Ошентип ал түз эле Дей жаткан караңы бурчтагы бөлмөгө барды. Барса чоочун бир монах ачат эшикти.
- Ом мани! Сизге дейре мында бир монах жигит жатты эле? -деди Мани Ясо колун бооруна көтөрүп.
- Мен жаңымын. Кошуналардан сураңыз. Кошуналары ырас эле болжолдоп айтып беришти Дейдин дайнын. Бирок даана эмес. «Шаардын борбор базарынын күн батыш дарбазасында кайыр сурап отурчу, бирок көптөн бери көрүнбөй калды» дешти. Болгон бүткөн кабары ушул.
***
Мани Ясо базарды бир күн кечке акмалады. Кайырчылар менен сүйлөшүп, Дейдин дайынын чегип көрсө оңой менен алардан сыр чыга койчудай эмес. Ынтымактуу журт болот окшоду. Анын үстүнө Мани Ясонун кебетеси аларды шекитти. Билектери менен шыйрактары акшыйып али чаң көргөн түрү жок. Жигиттин өңтүспөлү болсо кийген чапанына дегеле коошпойт. Ошонун айынан Мани Ясо бир күн кечке убара болду.
Акыры кеч бешимде, качан гана жанына күч келгенде Мани Ясо өзүнүн үчүнчү көзүн эстеди окшойт, беттерине каны дуу дей түштү. Өзүнүн ушул өзгөчө касиетин пайдалангысы келбей, адамдардын ички дүйнөсүн, ойлогон оюн окугандан качып жүрүп ал, сөздүн чыны, үчүнчү көзүн көп убакта унутуп койчу болгон. Качсам качайын, унутсам унутайын го, бирок момундай айла кеткен учурларда колдонбогон касиеттин эмне кереги бар деп ойлогон Мани Ясо самсаалап кабагына түшкөн топусун желкесин көздөй тегеретип кийди да кезектеги кайырчыга бетме-бет барып маңдайына жүйүртө басып отурду. Адатта кайырчылар алдындагы жоолукка майда тыйын түшкөндө баштарын көтөрүп койбойт. Качан гана чоңурак акча, же бүкүлү буюм түшкөндө «бу ким болуп кетти?» дегенсип, келмесин күбүрөп, өйдө карашат. Чачтарын атайылап саксайткансыган, кир манжалуу кайырчы аял Мани Ясону бу сапар аябай кызыгып тиктеп калды. «Мынча акча таштаган бу ким?» деген көз караш.