Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 -Тарт колуңузду! - деп Мани Ясо шашканынан таронун колун силкип ийгенчекти Дей арытан келип Дамеманын наркы уучундагы үч катты илип кетти.

- Эй, жубарымбек! Келе бери каттарды! Келе дейм! Ал сенин күрөөн болчу. Кууп чыгам биерден! Таро Дамема айкырып-кыйкырып аткычакты Дей менен Мани Ясо алыстап кетишти.

-Ойаай! Самтыраган Дэй! Дамема эрсиз калабы? Кетпе! - деген бир кайырчы аялдын чарылдаган үнү акырында экөөнө чала угулду.

-Уятсыздар! - деди Дей жерге чыйт түкүрүп, колун шилтеп

 - Дей ага, сиз буларга кайра барасызбы же жокпу? Кандайча кайырчыларга кошулдуңуз, ошого таңмын!

- Ушулардын арасына кирип жашынып, сени күтүп жүрбөймбү. Мынакей каттарыңды колуңа тапшырдым. Атам Лама Цунун акыркы аманатын аткардым.

- Эми кайда барасыз? Храмгабы?

- Билбейм....

 

***

 

Лхасанын борборундагы эки кабат мейманкана «Дүнүйө» деп аталат. Ошонун түбүнө келгенде Дей апкаарып калды.

- Мени киргизбейт бу кейпим менен. Мани Ясо Дейдин кебетесин эми жаңы көргөнсүп чындап эле ойлонуп калды.

- Сенин кебетең да меникинен дурус эмес, деди андан соң Дей Мани Ясонун кийген эски тытык чапанын көрсөтүп.

- Экөөбүз окшошкон турбайбызбы. Кийген киймибиз бул. Баш калкалаар жайыбыз жок, – деди Мани Ясо күлүп.

- Талаада калбайбыз. Менде акча бар.

- Мен сизди эч качан акчадан кем кылбайм, – деди Мани Ясо Дейдин айтканына ыраазы болуп.

- Бирок бүгүн бир жерге түнөйлү. Кеч кирип кетти.

- Мен барып сүйлөшүп келеймби? Ошентип айтты да Дей мейманканага жылт кирип кетти. Бир аздан кийин кайра чыгып ал Мани Ясого мындай деди:

 - Кароолчунун жанындагы бөлмөгө жатасыңар дейт. Бирок акысы тигил кадимки эле номердикиндей экен.

- Макул дедиңизби?

- Макул бололубу?

- Анан эмне кылат элек? Жүрүңүз. Кароолчунун жанындагы шыпыргы, күрөк-сүрөк койгон бөлмөгө эки матрац, анча мынча төшөнчү кийрип алышып кароолчулар акча таап атышкан экен. Анысын мейманкананын кожоюну көрүүгө тийиш эмес ко. Ошон үчүн тигил экөөнү бөлмөдөн чыкпай жатасыңар деп сыртынан дароо бекитип коюшту.

 - Бизди ууру тутуп коркуп атышат, – деди Дей.

- Анысы турган нерсе деңизчи. Мани Ясо бутун чечип матрацка малдаш уруп отурду да чөнтөгүндөгү үч катты алып чыгып биринчисин ача баштады.

 - Биринчи деп номер коюлганы бар. Ошону ачып атасыңбы? - деди, нары карап ботинкасын чийе боосун чече албай аткан Дей.

- Ооба.

«Уулум Ясо!

Өзүм жазып аткан ак кагаздагы тамгаларды көрө албай кыйналдым. Көз жашым тоскоол болду. Ыйым өзүм жөнүндө эмес. Экөөбүздү тагдыр ажыратканы жөнүндө, окуубузду али бүтпөй, максатка али жетпей калганыбыз жөнүндө. Ыйым өзүм жөнүндө эмес. Ортого кара күчтөр киргендиги, Сизди ак жолдон чыгара тургандыгы жөнүндө. Мына бүгүн, ушул катты сиз ачкан күнү авалыңыз өтө оор, бараткан жолуңуз тайгак, акыры түбү адамзаатка каргаша.

Сиз, уулум Ясо ак менен караны, жаман менен жакшыны, жалган менен чындыкты, адилеттик менен адилетсиздикти, адал менен арамды али таасын ажырата электе жолубуз эки айрылды. Сиздин куракта буларды таасын ажыратыш өтө кыйын, анткени баардыгы аралашып, быткып калган. Агын чубасаң - кара чыгат, түзүн чубасаң - ийри чыгат, көбүн чубасаң азы чыгат....

Ошондуктан, уулум Ясо, сизди таштап кете албай, көрүмдө тирик менен өлүктүн ортосунда арабөк отурмакмын. Башка аргам жок - жанымды байлаган күмүш жиптин бир учун коё бербей сиздин алдыдагы тагдырды аңдып карап отурам. Сезимдеримдин теңи өлгөн, теңи сиз тарапка бурулган. Анда эмесе акыркы сабагымды угуңуз. Ал үчүн сизге Дей керек.»

«Уулум Дей!

Сиз экөөбүздүн көп жыл кайышып кылган эмгегибиз актала турган күн бар. Жараткан экөөбүздү ыйык Миларепага жөлөкчү болсун деп тандаган экен. Ошол вазипабызды унутпайлы, ошого ишенели, ошого ар бир кайра жаралган өмүрүбүздү арнайлы. Анткени ал максат – кишилерди адамга айланта турган улуу максат.

Эмесе, уулум Дей, Мани Ясону ээрчитип алдыга түшүңүз, Манас көлгө жетиңиз. Сиздин эстутумга ишенем. Жаш болсоңуз да мен менен бир кезде, ыйык Саки Будда өзү жашаган эски монастырга баргансыз. Эсиңиздеби, ошол монастырдын кире беришиндеги будданын чоң жалпак таштагы элеси. Ошол элестин оң тарабындагы үңкүр менен ылдыйлап жүрүп отурсаңар акыры Манас көлүнүн жээгине чыгасыңар. Ошол жээкте туруп сол жактагы тик аскага баш көтөрүңүз. Жыйырма кадамдай бийиктикте, жар бетинде кызыл таш турат. Ага сиз жете албайсыз. Мани Ясо өзү көтөрүлүп жетип ташты оң тарапка жылдырсын. Ал - үңкүрдүн оозу. Үңкүр болсо арылап жүрүп отуруп байыркы пергамент кол жазмалар сакталган жашырын бөлмөгө алпарат. Ошол кол жазмалардын катарынан 66.66.66. деген оромону таап ичин ачса эки бет нускама жазуу бар. Ал нускама менин колум менен жазылган. Жаш кезимде ошол үңкүрдө эски жазууларды жаңы Тибет алфавитине көчүрүп жазып эки жыл отургам. Калган иш ошол нускама боюнча жүрүш керек. Анда жазылган сүкүт жазуусу өтө кылдат, өтө так аткарылбаса аракет кылган киши өзү зыянга учурайт. Окулган катты дароо өрттөп салгыла. Жалгыз эскертээрим ушул.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.