Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Мен Дей деген кайырчы жигиттин тууганы элем. Агамды издеп таппай жүрөм, – деди Мани Ясо.

- Кайсы Дей?

 - Бир жыл боло элек силерге кошулганына. Узун бойлуураак арык. Аты Дей. Өңү сары жигит.

«Аа, Дадема жалап жабышып аткан неме турбайбы» - деди кайырчы аял ичинде, бирок Мани Ясого мындай деп жооп берди:

- Мен өзүм да жаңымын. Тааныбайм эчкимди.

- А Дадема деген ким, айтсаңыз?

- О, ал деген биздин тора. Аны кайдан тааныйсың?

- Ал кишиге бере турган аманатым бар. Ага мени жолуктуруңуз. Мани Ясо дагы он сомдук акча таштады да кайырчы аялдын жүзүнө тигилди: «Жолуктурам деп балээсине каламбы ал жалаптын».

- Өзүң эле жолук. Эртең таңертеңде күнчыгыш дарбазага келет. Ошерге барсаң табасың

- Рахмат, апа. Эртеси Мани Ясо күнчыгыш дарбазага жете электе эле, алыстан Дейди тааныды. Канчалык самсаалата кайырчынын кийимин кийинсе да анын көзгө тааныш тыкчыйган арык, тарамыш денеси билинип турду.

- Ом мани падме хум, – деди Мани Ясо Дейдин маңдайына түз келип, Ал чоң кара аял балпайып отурган колясканын артында турган экен. Мани Ясону көргөндө Дейдин жапкак көздөрү алая түшүп эки колу менен башын мыкчый калды:

- Кантип коркпой жүрөсүң?! – деди андан кийин ал Мани Ясону өзүнө тартып шыбырап. Бул базарда жалаң эле Далай-лама экөөң жөнүндө сөз болуп атат.

- Эмне деген?

- Лама Тойбанын балдары сени өлтүрөбүз деп издеп жүрүшөт турбайбы. Полицайлардын бардыгы сени издеп атышат. Далай-лама ушундай буйрук бериптир. Сен эмне Поталадан качып кеттиң беле?

 - Керек болсо кайра барам, коркпо, Дей ага.

- Мен коркпойм, сен корккун. Эмне үчүн сени Лама Тойбанын балдары өлтүрүш керек? Аларга жамандыкты сен кылдың беле?

-Ал узун кеп, Дей ага. Андан көрө ректор Делинин кайда экенин билесизби?

- Билем.

- Кайда?

- Лондондо дейт. Будда монастырында пандит болуп иштейт экен.

- Ушул чынбы?

- Жакын иниси бизде кайырчы.

 - Тактайлыбы? Эгер чын болсо анда мен Лондонго тез барышым керек.

 - Эмне кыласың ректорду?

- Анда Лама Цунун мага жазган каттары бар экен...

- Ал каттар менде да!

Монах Дей кыйкырып ийе жаздап, коляскада отурган майып аялды көрсөттү. Кебетеси айласы алты кеткен кишиникидей эле. Мани Ясо Дейди акырын жеңден тартып нары чакырды:

- Бул аял силердин Таробу?

-Ооба. Бирок сүйлөшпө. Кыялы өтө чатак.

 - Каттарды сизден алып койду беле?

 - Ансыз болбойт да. Баарыбызды тең барымтага кармайт.

- Каттар кайда азыр?

- Таронун темир сандыгында.

- Кантип алабыз? Сандык кайда?

- Таронун жаткан жеринде, кайтарган киши бар.

- Ачсак болобу?

-О, анда эле оңбой калдык. Ичи толо алтын, күмүш...

-Анан кантип алабыз каттарды?

- Кечинде...

 

***

 

Кайырчылар түнөгүндөгү кыймыс эткендин бардыгы Таро Дамеманын маанайына жараша. Мына бүгүн бул короодо бир кичинекей жаңылык болуп турат. Монах Дей чоочун кишини ээрчитип келиптир. Келишкен жаш жигит экен. Не храмдын окуучусу, не монастырдын дин кызматчысы. Дей анысын эмнегедир ачык айтпай тайсалдатып атат.

- Анда эмесе бербейм каттарды! – деди Таро Дамема Дейдин шымынын алаасын таягы менен нукуп. Антсе, аялдан уялбаса да Мани Ясодон уялган Дей Дамемадан оолактады. Мани Ясо да эрксизден артка чегинди.

- Баскыла бери! Жакын келгиле! Эмне качасыңар? Же кыздыгыңар барбы? Таро Дамема жырык тиштерин арсаңдатып күлүп тигил экөөнү жанына чакырат. Кечки тамакка карата текши чогулган кайырчылар таросу менен кошо шаракташып күлүп, айтор түнөктө бүгүн – күлкү

- Мынакей каттарыңар! – деди таро Дамема сандыгынан үч катты алып чыгып.

- Жакын келип, ызаат менен кол куушуруп алгыла. Мегиле! Алаасын колу менен баскан Дей тарого жакындап келди эле:

- Жо-жо-жок. Сенин керегиң жок. Сеникин билебиз. Тигил жигит өзү келип алсын! - деди Дамема.

Айласы жок Мани Ясо дагы аялга жакындады эле Дамема шарт эңкейе калып Мани Ясону умасынан мыкчып алды:

- Ээй, катындар! Мунуку тимеле билектей зункуят. Кимиңер өбөсүңөр, келгиле тез! Ошентсе тээ нарыдан мастан кебетеленген бир аял чындап эле жүгүрүп келатат. Калгандар боорун тырмап күлүп атат.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.