Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 Экинчи жана үчүнчү каттарымды ачпагыла. Анын маалы качан келээрин өзүм билгизем...»

Лама Цу

Мани Ясо окуп бүткөн кагазынан көзүн албай биртопко отуруп калды.

 - Бул кат сизге да жазылган экен, –деди анан ал эки бүктем кагазды Дейге сунуп. Дей окуп чыгып эле дароо чечимге келди:

- Туристтик бюрого барып Манас көл маршурутуна жазылышыбыз керек. Экөөбүздү бир туртопко кошуп жиберет.

Эмне үчүн туртопко кошулушубуз керек?, - деди Мани Ясо таңыркап. - Антпесек кантип аякка жетебиз? Үч күндүк жол.

-Жетебиз. Анда эмесе уктайлы. Калганын эртең көрөбүз.

- Ушул сурубуз менен Манас көлгө барсак тонуп өлөбүз. Эртең базардан жылуу кийим алалы, - деди Дей уктап баратып кобурап.

Түн бир оокумда мейманкананын ресторанында мушташ чыкты окшойт. Чуру-чуу түшкөн эл сүрмөтоп болуп дал кароолчунун эшигинин алдына чейин келишкенде Дей чоочуп ойгонду. Ордунан атып туруп эшикти ачайын десе сыртынан бек. Жакалашкан, коколошкон эркектер келип алардын эшигине урунуп атат. Жука каалга бычырап кетчүдөй.

Дей коркконунан Мани Ясо жакка секирип өттү. Караса Ясо таптакыр былк этпей, колун жаагына койуп, бир капталына кынайган тейде уктап атат. Оо кечте, адеп жатканда эле ушул тейде кыйшайган болчу. Жигиттин өңү эшиктин үстүндөгү айнектен түшкөн күңүрт жарыкта жаны жок сымал акшапак. «Баракелде уйкуна» деди Дей Мани Ясонун маңдайындагы үчүнчү көзүн дааналап көрмөкчү болуп үңүлүп. Саал эле билинээр билинбес, бармак басым так бар экен. «Балким бу көзү уктап атканда да көрүп койбосун» деген өз оюнан Дей өзү чочуп нары качты.

Аңгычакты эшик шарактап ачылып, кароолчу кирип келди да бурчтагы жөлөнгөн күрөгүн ала коюп кайра кетти. Ошонун баары болуп атса Мани Ясо кымындай бир тоготуп койбойт, былк этпейт. Мушташкандар сүрүлүп сыртка чыгып кеткендей болду, кароолчунун бакылдаганы эми ошол жактан угулуп атты.

Дейдин болсо уйкусу качкан. Ал тер сасыган жуурканды буттарына жаап алып дубалга жөлөнүп отурду. Эки көзү Мани Ясодо. «Ушундай да катуу уйку болот экен ээ» деген таңыркоо менен отура берип Дей таң супа салган кезде гана көзү илинди. Эртең менен караса Мани Ясо жок. Ордунан туруп кетиптир.

- Уйкундун катуулугуна там бердим, — деди Дей Мани Ясо бөлмөгө кайра киргенде.

-Катуу уктайт бекем? - деди Мани Ясо күлүп.

- Укмуш. Түндөгү калаймакан мушташтын бирин да уккан жоксуңбу? - деди Дей таң калып.

 - Мушташ болдубу?

- Оу, болгондо да кырылып калышты окшойт. Мани Ясо Дейди карап оңтойсуз жылмайып турду да, анын башын айлантпас үчүн чындыкты айтууну эп көрдү.

- Түндө мен Баян-Хара-Ула тоосунда болдум. Кара сыйкырчы Додайга жолугайын деп барсам ал киши өлүм алдында жаткан экен. Тилден калыптыр.

 - Эмне, эмне?! - Додайдын жардамы керек эле мага. Бирок жолум болбоду.

- Кара сыйкырдынбы? Эмне керек эле?

- Төрт адамдан кара сыйкырды тез алып салыш керек болуп атат.

- Анынды билбейм, бирок түнү бою мына бул эле матрацта жатпадыңбы, Мани Ясо!? Мен сенден көзүмдү албадым го. Анан кандайча?

- Жанагы мушташты укпай калганым ошол, Дей ага. Мен бир эле убакта эки-үч жерде боло берем. Анын сиз экөөбүзгө пайдасынан башка зыяны жок. Туурабы?

 Дей көзүн жүлжүйтүп, жигитке ишенкиребей башын ийкегенсиди. Бирок, баары бир шекип калды - Баян Хара тоосуна дейре үч күндүк жол да, — деди анан кайрадан Мани Ясонун калпын кармагысы келип.

- Мен мурда бир сапар болгон жериме кийинки барышта кыйналбайм, Дей ага. Кааласам дароо эле ошол жерде болом. Бул да болсо Лама Цу атабыздын эмгеги. Кандай дейсиз?

- Лама Цу сени Кудай кылып салган турбайбы, анда.

- Андай эмес. Цу атабыздын бир гана максаты бар. Ал мени дайыма адилеттик үчүн күрөшсө дейт. А мен болсо жаңылып, жолумду таба албай жүрөм. Ал түгүл тескери кеттим...

Дей Мани Ясонун капаланып наалыганын этибарга алган да жок, түшүнгөн да жок. Болгону ал жигитке суктанып да, таңыркап да карап турду.

- Анда эмесе Манас көлгө барам десең азыр эле барып калат турбайсыңбы? - деди анан.

 -Жок. Адегенде бир көрүп алышым керек. Андан кийинкиси оңой. Бу сапар сизди ээрчип эле барам.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.