Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Монах аны көргөндө секирип ордунан турат да, балапанды дароо койнуна катат. Кайра тирилген денесинин деми менен жылытып, бирок тамак берейин десе айланада топурак-таштан башка эмне болмок? Кескелдирик менен момолой сыяктуулар кишиге карматпай калсын. Ошондо монах балапанды өз денесиндеги сирке, бит менен баккан экен. Балапан чоңойгон сайын ал биттерине жалынат: «Э, кибиреген макулуктар! Силер да куу кекиртектин айласынан менин канымды соруп күн көрүп жатасынар. Ага мен кайыл элем. Бирок кечиримдүү болгула, заң ушундай экен, силерди мен мынабул бүркүттүн балапанына жем кылайын. Ошон үчүн менин канымды батыраак соруп, этимди жеп тезирээк ирдеңгиле, балапан тойгудай болсун.»

Ошентип монах тирүүлүктө күтүлбөгөн вазипага туш болот да, анысын өз денеси, кан-жаны менен аткара берет. Убактылуу өлүмдү унутат. Күн артынан күн өтүп, балапан бозум түлөк жашка жеткенде асманга атып чыккан экен.

Жерде жаткан монах балапан бүркүттүн улам өйдөлөп, улам бийиктеп, андан ары нечен мейкиндерди сабалап учканын көзү көрбөй калгыча тиктеп жатып ыраазы болот да, кайрадан өлүмдү эстейт. «Аз болсо да жакшы иш аткардым окшойт.

Куш төрөсү бүркүттүн бир балапанын асырадым. Мындан артык эч нерсе колуман келбейт. Жайыма жүрүп кете берейин» деп ойлойт да, кайрадан сүкүткө отурат. Деп ошентип ал демин жайлата баштаган кечте баягы бозум түлөк абаны жара шуулдап, монахтын үстүнөн бир нече мерте каргып учат да баш жагына келип конот. Монах көзүн ачып караса жанында өзү сындуу дагы эки үч жаш бүркүттөр бар экен. Бардыгы тең шаңдуу, бардыгы тең канаттарын таранып, ойносо оюнга,

учса асманга тойбой турган чагы экен.

«А, тууруна кошулдуңбу балапаным» - дейт кечил монах өз баласын көргөндөй сүйүнүп. Ал өмүрүндө үйбүлө күтпөгөн соң аталык мээрими деле жок болчу. Ошентсе да, бу бала бүркүт анын табигат берген, бирок уктап калган сезимдерин козгойт. «Атаганат мунумдун туйгун болгонун көрсөм болот эле» деп арман кылат. Андан соң туйгунум кыраан болсо деп, кыраан бүркүтү кадимки канаттуунун сырттаны болгонун көрсем деп арман кылат. Анан ал ошол арманы бүт арылганча жашап туруп бир күнү баягы таштын үстүндө жан берет. Оо, ал арада канча жыл өттү? Монах өлөм деген күндөн баштап туйгуну шырп алдырбас кыраан болгуча, жер шарын айланып учуп бүткүл канаттуулардын сырттаны болгуча оголе көп жыл өмүр сүргөн экен ал монах.

Ошентип ал көз жумган соң баягы сырттаны жолдоштору менен асмандан шукшурулуп түшүп келет да, төрт метр келген кошканатына жаткырып алып, монах «атасын» асманга көкөлөтүп алып кеткен болот.

Ошентип монах бу дүйнөдө да, тигил түбөлүк дүйнөсүндө да тилегине жеткен экен.

- Түшүндүм урматтуу Лама Цу! Түшүндүм Адилет иним! -деди айтым сөздү бүтөөр менен Барлас өтө толкундана ордунан туруп.

 — Эмне кылышым керек, айткыла! Мен баарына макулмун.

 

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

______________________________________________________________

 

Тибет автоном районунун диний жана бийлик жетекчиси Далай-лама Жохан храмында билимин өркүндөтүп жаткан Мани Ясону белгилеп койгон мөөнөтүнөн мурда, шашылыш кабыл алмай болду. Андай буйрукту алаар менен өзгөчө Лама Цунун тынчы кетти, анткени алдында дагы бир ай мөөнөт бар эле да. Ошого ылыйык даярдап жаткан болчу өспүрүмдү. Азыр эми бир айлык ишти бир жумада бүтүрүү керек болду. Анын үстүнө белгисиз - Далай-лама эмне максат менен шашылыш чакырды? Кандай милдет таккан турат Мани Ясого? Же болбосо, канча жашырышса да болбой кабары дүң этип, будда өлкөлөрүнө угулуп кеткен Мани Ясону өзү эле тездетип көргүсү келдиби. А балким кошуна өлкөлөрдүн жетекчилери ага суроо сала башташкандыр. «Силерде Миларепа кайра жаралдыбы?» деп.

Ошон үчүн Далай-лама шашып калдыбы? Өзгөчө, өткөн айда эки полицай камакка алынгандан кийин Мани Ясону уурдого болгон аракет угулду да туш-тушка.

Учурда андай кабар жерге жатпай калсын. Кыскасы, ансыз да күнүгө он сааттан иштеп атышты эле, Лама Цу анын үстүнө дагы үч саат кошууга аргасыз болду.

Мындан эки ай мурун, Далай-лама Ясону кабыл алам дегенде эле Лама Цунун бүткүл иш пландары бузулуп, өзү эки-үч күн бою маанайсыз жүрдү. Анткени Мани Ясо ыраат боюнча эң маанилүү, узак мөөнөткө кетчү оккульттук көнүгүүлөргө жаңы эле киришкен болчу. Эми болсо алардын баарын токтото туруп, Далай-лама эпадам карп-курп берип калчу ар кандай суроолорго даярдык көрүш керек болуп калды.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.