Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

- Бай өрдөк турбайбы!

- Куйругун жулуп коёлучу! - дешип тигини кордой беришти эле

- Эй, ымтыраган чимкирик! Жооп бербейсиңби буларга! Өзүңдү коргой албасаң кийин сен кимге адилеттик алпераласың! - деген бир монахтын үнү чыкты арка жактан. Көрсө ал Дей экен. Ошондо бир күтүлбөгөн окуя болду.

 Дейди бир карап алды да, кичинекей шеле чыйрала түштү, боксёрдун турпатын ала коюп, өзүн аябай мазактап аткан ортодогу балага бир секирип, колунун сырты менен моюнга чаап жыкты. Калгандары ооз ачпай далдырап калышты. Болгону бир гана бала кете баштаган кичинекей шелеге катылмак болгондо ал дагы кокого бирди жеп, жерге кулады.

 - Эй, бала, сен адам турбайсыңбы! - деп Дей кыйкырып жиберди аңгыча. Көрдүңбү, кандай азамат экен! -деди ал карап эле турган Мани Ясого кичинекейди көрсөтүп. Аңгыча чоң балдар качып жок болушту.

- Уулум! Сенин акылың канча экенин билбейм, бирок кол күрөшкө мыкты өнөрүң бар экен. Сен эми ушул өнөрүңдү жамандыкка эмес, дайыма жакшылыкка жумшап жүр. Мына бул балдар өтө тентек эле, эми сага эч убакта катылбайт. Бирок булар башкаларды кордошу мүмкүн. Эгер ошентсе сен сазайын бере бер. Адилеттик сен жагында болот.

Дей кичинекей шеленин башынан сылады да, Мани Ясого көзүн кысты. Аны бир жашыруун сыр айтчудай болуп бери чакырып алды:

 - Мани Ясо, мен азыр эле Лама Цудан келатам. Ал сени эртең менен өзүнүн бөлмөсүндө күтөт. Мен сага барып ээрчитип жүрбөйүн, өзүң эле бар.

 - Качан барышым керек? Убакыт жок да.

- Эртең мененки табынуудан кийин бар.

- Жетишпейм да

- Ээй, маңыз! Маңыз турбайсыңбы. Болуптур, мен өзүм ээрчитип барам. Бирок эртең менен мен жарыкты күйгүзгөндө дароо ойгон. Капталга бирди жемейинче ойгонбойт экенсин!

-Макул.

Мани Ясо кечинде төшөгүнө жатаар менен Таштан байкесин эстеди. Андан эмнегедир таптакыр кабар жок. Телефон аркылуу Бишкек менен сүйлөшөм деди эле. Сүйлөштүбү же жокпу. Эгер сүйлөшсө атасы менен апасы эмне деп айтты экен? Окусун дедиби, же окубай кайра келе берсин дедиби? Айтор ошолорду билиш керек эле. Күндүз болсо булар жөнүндө ойлоого чолоо жок. Эртең менен Лама Цуга барыш керек. Ал эмнени айтаар экен. Балким ал «Уулум, ата-энеңден кабар келди. Окубасын дептир», - деп эртең Бишкекке жөнөтүп жибереби. Ал жакта болсо Шоола күтүп жүрөт Адилетти. Барып эле ал кызга «Мен Адилет эмесмин. Мен Мани Ясомун», алдына - деп Шоолага кол сунса, ал эмне дээр эле? Адилет кыздын элесин көз кармап, жылмайган бойдон уктап кетти.

 Канча убакыт өткөнүн билбейт, бир кезде эле кулагына чуру-чуу түшүп, шарактаган күлкүлөр  угулду. Аңгыча чала ойгонгон Мани Ясо мойнуна бир муздак нерсе оролуп атканын сезет. Чочуп кетип апчып алса - жылан! Так орто ченинен кармаган экен, башы соймондоп кайрадан баланын билегине ороло кетти. Мани Ясо бакырып ийди да, жыланды полго бир чапты. Ал боюнча калбай төшөгүнөн атып турган бойдон эси оой түшкөн жыландын дал башын согончоктоп эзип ийди.

- - Ээй! Кармагыла! Өлтүргүч! Өлтүргүч! Сен мыкаачысың! Сени храмдан кубалаш керек! Жазасын алсын!

 Жанатан шылдыңдап күлүп аткан классташтары бир паста Мани Ясону тепкилеп жиберишти. Адегенде бир топ каршылык көрсөткөн Мани Ясо акыры полго жыгылып түшүп, өлгөн жыландын жанында канжалап жатты.

Күтүлбөгөн бул окуя эртеси эле бүткүл храмга угулуп, чоң жанжалга айлана турган болду. Мани Ясо храмдан куулуш керек, анткени жылан өлтүрдү! Тирүү жандыкты атайылап өлтүрүү, лама дининде эң чоң күнөө. Ал тургай тибеттиктер малды союп жешпейт, кырсыктан өлгөн гана малдын этин тамакка пайдаланышат. А жылан, бака, коңуздар өтө эле аялуу жаныбарлар болуп эсептелет.

Мани Ясо сабагандар өздөрү көтөрүп жаткырып койгон өзүнүн төшөгүндө эс учу жок жатты, ал эми анын классташтары болсо өлгөн жыланды көтөрүп алышып храмдын эң башкы ламасы жүргөн - Панчен лама Делиге чейин барышты. Балдарды баштап жүргөн индус баланын аты Жавва. Класстагы жашы да чоң булчуңу да күчтүү, астрологиялык картасы боюнча ал дагы «мурунку бир заманда жашап өткөн ламанын кайра тирүү жаралышы» деген атака конгон өзгөчө бала эле. Жавва баштаган балдардын бүткүл аракети -адам баласы жасаган эң чоң күнөкөр, тирүү жыланды түптуз эле алардын көзүнчө өлтүрүп жиберген кайдагы бир ата-жыты белгисиз мыкаачы Мани Ясо деген немени лама мыйзамы боюнча оор жазага тартыш болду.

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.