Казат Акматов
Архат (экинчи бөлүм)
Ага караганда уктап аткан адамдын койнуна жылан салып жибериши бу балдар үчүн ашып эле кетсе кумурсканы алаканга салып койгондой жеңил тамаша. Андай тамаша түккө да турбас!
Жанына кимдир бирөөнүн келип отурган жеңил шоокуму угулганда Мани Ясо көзүн ачты. Бирок ким экенин ажыратып биле алган жок.
- Уулум Ясо, сени мен өз бөлмөмө алып кетейин деп келдим. Азыр сени көтөрүп жөнөшөт. Каршы болбогун, макулбу? Мани Ясо башын ийкеген сыяктанды. Андан башка ишарат күтүш мүмкүн эмес эле, себеби бала али да оор ахвалда жаткан.
Ошондон туура бир жума өткөндөн кийин гана Мани Ясо Лама Цунун жеке дарылоочу бөлмөсүндө жалгыз жатканын түшүндү окшойт. Анткени, бүгүн устатынын үнүн дана укту.
- Мына эми кан басымың ордуна келди. Аны билиш үчүн билегинди өзүндүн чыкыйыңа басып көрсөн болот, деди Цу баланын жүзүнө үңүлүп.
Мани Ясо устаты айткандай кылып көрүп жылмайды.
- Ата, - деди андан соң бала, биринчи жолу устатына «ата» деген сөз менен кайрылып, - мени храмдан кууп салышабы?
Лама Цу балага жакын басып келди:
- Бу маселе азыр талаш. Мен сиз менен сүйлөшүшүм керек. Көп нерсени тактайлы. Андан кийин чечебиз. А бүгүн туруп баскыңыз келсе бөлмөнүн ичинде баса бериңиз. Бирок сыртка чыкпаңыз. Жылаанды өлтүргөнүңүз үчүн сизди дагы да жазалайбыз деп күтүп жүргөндөр болушу мүмкүн...
Мани Ясону адегенде Лама Цу жалгыз өзү гана дарылачу, экинчи жумага кеткенде бул ишке Дейди койду. Дей балага досундай болуп калган болчу. Бирок жылаан өлтүргөндөн кийин ал дагы чочуркагансып, Мани Ясону шектүү карап калды.
- Силерде топозду же жылкыны атайылап өлтүрүп, анан этин жейби? – деди ал бир жолу Мани Ясону алая карап?
Мани Ясо жооп бере албай такалып турду. Анткени кокусунан жылаан өлтүргөн үчүн эле мыкаачы атка конуп, храмдан куулганы араң турса, анан топоз менен жылкыны союп жейбиз дегени кандай болоор эле? Оңбой калмак!
Ошондуктан бала жаратына шылтап онтолоду, аңгыча башына бир ой келе түштү.
- Бизде жылаан үйгө кирип келсе алдына сүт, айран чачат, - деди кыргыз эл жомокторунан окуганын эстей коюп, Дей буга абдан таңыркады.
- Бизде да ошондой. Окшош турбайбы. Анан өлтүрбөй эле койсоң болмок.
- Коркуп кеттим. Жылаан кайра келип мени чагып алат ко деп. Эми мени храмдан чыгарышабы?
- Аны билбейм. Лама Цуга айт. Эгер күнөөң жок болсо ал кечирет. Күнөөн болсо эч качан кечирбейт. Бул храмда Лама Цукандай айтса бардыгы ошондой болот.
Эртеси эле Дей аны Лама Цунун илимий иш бөлмөсүнө ээрчитип барды.
Мурда Мани Ясо кирип жүргөндөн башка бөлмө экен. Лама Цу өзүнүн табынуу жайынан чыга элек болгондуктан Мани Ясо бөлмөнүн дубалдарына боёк менен тартылган, кээси жибек полотнолорго түшүрүлгөн сүрөттөрдү карап турду. Жапыз айнек столдордун үстү толо журналдар, китептер, жалтылдаган статуэткалар, жазылган кагаздар.
Айнек графинде барпайган гүлдесте. Мани Ясо акырын кол тийгизип көрсө гүлдөр кагаз экен, Мани Ясонун көз алдына Шоола кыз келди. Анын колундагы гүл кагаз эмес эле....
- Мен кечээ күнү сиздин агаңыз менен сүйлөштүм, - деген Лама Цунун үнү балага капыстан угулду. Ал артына жалт бурулуп устатына кол куушурду. Агаңыз сизди көрүүгө улуксат сурады эле бере алган жокмун. Эгер баары жакшы болсо эмдиги жумада көрүшөсүңөр.
-Рахмат, ата. Таштан байкеме мен өзүм барып жолуксам болобу?
- Болот.
- Рахмат, ата.
-Таштан байкеңиз терең ойлонгон илимпоз адам экен. Анын айтуусунда сиз эч убакта жылаан өлтүрмөк эмессиз. Демек, чочуп кетип, корккондон бул ишке барганыңызга ишенгим келди. Атайылап эмес, капилет болгон ишке кечирим. Бирок «Танжур» китебинин онунчу главасында жан-жаныбарларга кандай мамиле кылуунун эрежелери жазылган. Ал жерде ант берүүнүн тексти да бар. Ошолорду жакшылап окуп туруп, анттын эрежесин жаттап, анан мага айтып берсеңиз деген өтүнүчүм бар. Ошондон кийин сүйлөшөлү.
Лама Цу таптакыр мурдакыдай эмес. Мани Ясого жылдызын төкпей, сустайып турду. Мунун өзү Мани Ясого онбогондой катуу тийип атты. Кечээ эле, атүгүл жанжал окуядан кийин деле устаты ата мээримин төгүп турбады беле, а бүгүн кара!
Дей тупатуура билет экен. Бардыгы Лама Цу айткандай болду - Мани Ясо «Танжур» китебиндеги эрежелердин англисчете кыскартып которулганын окуп келип, андан кийин анттын мазмунун кайталап айтып берген соң, улуу Лама балага мунапыз берди.