Казат Акматов
Архат (экинчи бөлүм)
- Эмне сүйлөбөйсүң? - деди Таштан инисине сөз жаңыртып.
Адилет болсо бутунун учун тиктеп унчукпай отурат.
- Бүгүн кечке бошсуңбу, же азыр кетесиңби? - деди Таштан.
- Кечке. -Анда жүрү Потала сарайын көрсөтүп келейин. Же тоого чыгасыңбы?
- Уктап алайынбы?
- Эмне, уйкуң канбай жүрөбү? Адилет башын ийкеди да, керебетке жата кетти. Таштан базардан өткөн жумада сатып келген жарым кило топоздун этинен кыргыз кесме жасоого киришти. Ошону менен ал бүгүн инисин конок кылмак. Адилет беймаалда катуу уктап, түшүндө Шооланы көрүп жатты. Шоола экөө Тибеттин көпкөк асманында каалгып учуп жүрүшкөн экен.
(уландысы бар)
Биринчи бөлүмдү бул жерден окуй аласыз:
https://meikin.org/proza/arxat
12.01.2026