Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

 -Байке, сураба.

 - Эмнеге сурабайм? Али маселе биротоло чечиле элек. Окуйсуңбу, же оку байсыңбы - ошону чечиш керек адегенде.

Адилет агасын кабак алдынан тымызын карап коюп ойлонуп отурду да, акырын унчукту:

- Атам мени дайыма «артыкбаш», «керексиз» деп тилдечү эмес беле. Таштан тайсалдай түштү. Эмне жооп айтаарын дароо таба албады.

- Хе! Атана таарындыңбы?! Атаң деген сүйлөй берет да!

- Таарынган жокмун.

- Анан эмне?!

- Атам туура айтыптыр.

- Былжыраба, Адик! Таарынчынды атаңдан чыгарба!

- Атам туура айтыптыр, байке!

- Сен адатынча көкмелтейлигинди карматканы турасың го. Бирок бул жерден карматпа. Өмүр бою храмда камалып каласың Ошону унутпа.

- Атам туура айтыптыр, байке! Мен сага үч жолу кайталадым.

Таштан эки тизесин чаап жиберип, керебеттен турду да, тамеки пачкасын апчып алып сыртка чыгып кетти. Ал ачуу түтүндөн аптыга соруп-соруп алып, кайра кирсе иниси баягы калыбынан былк этпей катып отурат.

- Сен доюрсун! -деп кыйкырды Таштан. Жалаң доюрлугуң үчүн биринчи окуган мектебинен чыккансың андан кийин еврей мектебинен чыкмаксың эгер Жылдыз эжейиң болбосо! Эми бул жерде доюрлугуңду карматпа! Бул жер деген бөтөн эл, бөлөк жер!

 - Булар антип бөтөн эл, бөлөк жер дебейт экен. Адилет башын көтөрбөй агасына күңкүлдөдү эле

Таштан ого бетер бакырды:

 -Буларды эмне кыласың сен?! Өз тагдырынды чеч! Мен сени кечил болсун деп апкелген эмесмин быякка. Эгер андай болом десең ата-энеңе бар да улуксат алып кел. Менин улуксат берүүгө акым жок! Болду, сөз бүттү! Мен сенин атаң же энең эмесмин!

Таштан инисине өмүрүндө биринчи жолу кыжыры кайнап калчылдады. Адилет болсо өмүрүндө биринчи жолу агасына боору ооруп, аяп отурду. Экөөнүн жаны башынан бир эле да. Экөө уялаш болбогон менен чогуу бир үйдө өсүп, боор эттери бир бүтүн болуп калган да. «Бала туугандыкы эмес тутунгандыкы» дегендей, бу баланы Айзада тууса да буту баскандан баштап ал Таштанды ээрчип чоңойду. Таштан агасы да, атасы да сыяктуу. Бала бакчага, мектепке да колунан жетелеп алып барган ушул агасы. Метрикасы жок экен деп бала бакчага албай койгондо Таштан эки апта бою бакчанын залын кооздоп, дубалдарына сүрөт тартып берип атып алдырган болчу. Ошондон баштап ал Адилеттин билим алышына катуу аракет кылды. Эң оболу эле англис тил мугалими менен ысык мамиле түзүп, кез-кези колунда болгон акчасын берип жүрүп акыры мектепке бараарда Адилетти англисче эркин сүйлөп, эркин жаза турган кылып алган. Ошол өзү студент болуп жүрүп жетишкен бул чоң ийгилигин иниси аябай актаган.

Анткени биринчиден төртүнчүгө дейре классташтарын бардык сабактар боюнча алыс таштап, болжолу сегизинчи, тогузунчу класстын билимине ээ болгон. Таштан байкеси терип-жыйып келген көп китептерди талашып окуп жүрүп өз алдынча көп нерсеге көзү канык. Экинчи класста экенинде эле класс аттатып төртүнчүгө, анан алтынчыга көчүрүп окуталы дегенге баланын ата-энеси көнбөй, андан соң биринчиден баштап окуткан Жылдыз эжейи да адегенде көңүлсүп барып, кийин макул болгон эмес.

Акыры жүрүп Бишкектеги орус мектебинин кыргыз классында окуган Адилет ак менен караны ажырата баштагандан тартып, көбүнесе мектептеги адилетсиздикке көп жолу тушуккан соң көңүлү кайт болуп кеткен. Кечээки эле эчтемени этибар албай, кубалашып ойноп жүргөн баланы курбулары сөөмөйү менен көргөзүп «керексиз» деген атка кондурушкан.

Балдар ал сөздү чоңдордон угат да. Чоңдордун ичинен деле бул сөздүн төркүнү эмне экенин билгени-билбегени бар, бирок жакшы окуган баланы бир чети көрө албаган көр сезим менен айрымдар жактырышчу эмес. Анын үстүнө баланын көздөрү караган кишини сүрдөтүп турчу «Жашабай жатып караганы тимеле шилиңден өтөт», - деп көчөдөгү келин-кесек тер кадимкидей ушак-айың кылышчу. Балким ушул өңдүү нерселер себепчи болдубу, айтор Адилетти тезирээк Бишкектен башка жакка алып чыгып кетүүнү Таштан көңүлүндө тымызын эңсеп калган. Жер которуу адамдын тагдырын өзгөртөт.

 Бирок эми момундай торго чалынам деп Таштан кайдан ойлоптур. «Шамбала» деген сыйкыр сөз аны өзүнө тартып туруп албады беле.

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.