Казат Акматов

Архат (экинчи бөлүм)

Казат Акматов

Дейде бир кыйла билим деле бар, эгер Лама Цу кааласа ага азыркысынан жогорураак даража берип деле коймок. Негедир ошону Дей өзү да, лама да элес албайт. Ошон үчүн сары чапанчан Дей дайыма сары чапанчан.

- Ээ, мырзалар! Мынакей, алыскы мусулман өлкөсүнөн окуйм деп келген мейманыңарды кайрадан апкелдим. Денесиндеги силер салган көгала тактар али кете элек. Эгер ошол тактарга дагы бир жаңысы кошула турган болсо храмдын эшиги ачык! Ким каалайт окуудан кетишти? Айткыла, ким каалайт?!

Дей балдардын ар бирин кекетип чыкты эле, бешөө тең баштарын чайкашты.

- Анда эмесе уккула, азыр Мани Ясо алдыңарда ант берет.

Мани Ясо өзүн тепкилеген балдарга канчалык өчү кайнап турса да билгизбестен мурдатан даярдап алган, «көзүм жарык дүйнөнү көрүп, буттарым катуу жерди басып тургучакты адамдарга, жан-жаныбарга, канаттуу куштарга, курт-кумурскага, өзүмө окшогон тирүү жандыкка кыянаттык кылбайм...» деген жазуусун күңкүлдөп окуп берди.

- Лама Цу сага ыраазы болот, - деди Дей анын ийнине колун коюп.

- А бирок жыланды өлтүрүп койбодубу?! - деди балдардын атаманы Жавва.

- Силер уктап аткан адамдын койнуна муздак жылан салып ийип чочутпаганда, ал «кара чаар досуңар» өз койнуңарда эркелеп жүрө бермек. Лама Цу айтты, Мани Ясодо күнөө жок деди. Уктунарбы? Балдар «уктук» деп айтышкан жок, бирок унчукпай жер карашты.

 

***

 

Дем алыш күнү Мани Ясо дене тарбия сабактарынан жана тоого барып дары чөптөрдү терүү жумушунан бошотулду. Лама Цу көпкө кыйналып отуруп агасы Таштан менен жолугушууга арандан зорго улуксат берди, бирок бала храмдан чыгып  баратканда катуу эскертти:

-Уулум Ясо, сиз быякта окуй тургандыгыңыз тууралуу чечим кабыл алгансыз. Ал чечимге агаңыз таасир этпейт деп ишенем. Баланын астрологиялык таржымалын билбегендер көп убакта окууга жолтоо болот. Бирок сиз улуу Миларепа жөнүндө эч кимге айтууга тийиш эмессиз. Мен сизди сөзүндө турган, эрки бекем адам деп ишенем.

Ошон үчүн гана улуксат бердим. А чынында бизде окуунун биринчи жылында окуучуга ата-энеси же туугандары менен көрүшүүгө тыйуу салынган. Силер ал тартиптин мааниси эмнеде экенин азырынча түшүнбөйсүңөр. Ошон үчүн сизге ырайым кылдык. Кечки табынуу убагында жолугабыз.

Мани Ясо храмдын дарбазасынан чыкканда, чынында эле камалган тордон эркиндикке чыккандай жүгүрүп жөнөдү. Таштан мейманканада экен.

- Ой! Адилет! - деди ал инисин кучактай алып бооруна кысып. Эмнеге окшоп калгансың?!

Адилет көпкө дейре байкесинин кучагынан чыкпай өрөпкүп турду. Баланын ызасы да, сагынычы да, баарысы бирге келип, көздөрүнө жаш толуп, бирок ыйлай албай муунуп калчылдады.

- Кой, антпе. Сен чоң жигитсиң да, Адилет! Бала акыры байкесинин кучагынан чыкты да, керебетке шалак этип боюн таштады.

- Мен Адилет эмесмин. Мани Ясомун, - деди ал көздөрүнө толгон жашты аргасыз сүртүп.

 - Мани Ясо? Сонун ат беришкен турбайбы!

Таштан ошентип баланын көңүлүн убактылуу көтөргүсү келди.

- Эмнеси сонун? - Адилет таарынгансып сурады.

- «Ману» деген буларда биздин «Адам» сыяктуу биринчи жаралган адам. Ясо болсо...

-Бишкек менен сүйлөштүңбү, байке?

- Сүйлөштүм. Сенин окууга өткөнүнө кубанып атышат.

- Башка эч нерсе айткан жоксуңбу? Апам кандай экен?

- Айткан жокмун. Анткени адегенде экөөбүз чечели. Сени чыдамсыз күтүп атам. Мен ойлогом, сен быяктан беш жылча окуп, Тибет догдуру болуп алып эле кайра элине кайтып барасың деп. А көрсө булар бир кирген адамды кайра чыгарбайт го сыягы? Кандай дейсиң?

- Менин элим кайсы?

- Кыргыздар да! Кайсы болмок эле?

 - Булар менин элим, сенин элин дебейт экен.

- Кандай десе буларың ошондой дей берсин. Ал өздөрүнүн проблемасы. А биз экөөбүз катуу ойлонолу. Мен сени окууга өт эле өт» деп кыстап, быякка апкелип алып, же үй бүлө, же бала күтпөй, дүйнөдөн кечил өткүдөй сен биротоло булардын кишиси эмессин да.

-Мен булардын кишиси экем, байке.

- Тамаша кылба!

-Мен булардын кишиси экем, байке. Бирок калганын айта албайм.

- Эмнени айта албайсың? Айтсаң эмнени айта албай атасың? Тыюу салыштыбы?

12.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.