ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Көйрөң күлкү ага карабайт экен, көңүл көтөргөн да кез болду.
– Ой, карасаң! Булардын кудуктары да башкача экен, үстүнө кооз чатырча салып коюшат экен. Укмуш эй, сонун көрүнөт экен, – деп Сергий дагы жандана калды. Мындайда тамаша тынчып калчубу.
– Сен кудукту, кооз чатырчасын эмес, ошол кудуктан суу алып жаткан кызды карасаң боло, байболгур! Жүрөгүң менен карачы, күн жалаган ак денеси азгырып, жел сылаган соорусу көзүңдү гана күйгүзөт го, чиркин. Жок дегенде ушуну карасаң боло. Эх, инок. Мен сенин ордуңда болсом тигил үчүн вагондон секирип түшүп... ай атаңдын көрү, анда мен дезертир болмокмун да.
Ушунда бир күлкү төгүлдү.
Ооба, чынында эле ал эл көргөндү көрбөй, эч ким көрбөгөндү көрүп алчу, ошондон улам анын мунусун жакшы көргөндөр кемчонтой, кечил, мадыра баш деп алышкан. Сергийди сыртынан карагднда кылдай кыйкым таба албайсың: бойсымбатты Кудайы аябай эле берген, кең далы, акыл-эси деле ордунда, тамашаны деле түшүнөт, а бирок телегейи тегиз болгонсуган менен уяң, тартынчаак, а турсун кээде апенди чалыш сүйлөгөнү боюнча, айтор, көп жагынан жаш балага окшоп кетчү. Ал өзүнүн бул жактарын жакшы билчү, билмек түгүл тигил өзү сыяктуулар эрезеге тез жетип, мурдуна суу жүгүртүп дегендей кыз-кыркынга кынала калгандарын көргөндө Сергий да, эркектана эмеспи, кадимкидей ойлонуп калчу, а бирок өзүнүн кечиккен жигиттигине өкүнчү деле эмес. Ошентсе да бир жолу көңүлүн көгүчкөн канат кылган бир керемет сезим башталарын башталып, анан эле аягын таптырбай кетти.
Кечээ күнү вокзалдан поездге отуруп жатышканда дагы кызыктай, мүмкүн күлкүдүр, а балким, андай эместир, айтор, ойдо жок бир окуя болбоспу. Ал ошону жол бою эстеп келди. Бул окуя да анын ичинде кылдай арамдыгы жоктугунан, эл аны бир көргөндө эле ким экенин билип, кечил дегендей эле тырмагынан чачынын учуна дейре таза экенинен улам болгон.
Таң куланөөк салганда алардын бөлүгүнө жолго чыгуу жөнүндө шашылыш тревога болду. Команда деген команда да, анын мынчалык шашылыш экенин айтуу кыйын, анткени согуш маалы, мындайда суроо-сопкут болбойт, болсо да ошол согуш менен түшүндүрүлөт. Бүт бардыгы дүрбөлөңгө түшүп камына башташты. Анан алар Саратовдун четиндеги лагерден бүт жөө аскерлер рота-рота болуп шаардын ээнирээк көчөлөрүнүн бири менен станцияны көздөй жөнөштү. Ошо колонналардын көбү аскерге чакырылган Саратбвдун балдары болчу. Алар түшкөн көчөдө ошо саратовдуктардын айрымдарынын үйлөрүнүн терезелеринин түбүнөн, кээлери иштеген жеринин дарбаза жанынан өтүштү. Айтор, Саратовдун балдары көчөгө батпай баратышты, ошентсе да эч кимиси катардан чуркап чыккан жок, андайга командирлер да жол бермек эмес. А бирок үйдөгүлөрүнө, же тууган-туушкандарына, жолдошторуна кетип баратканын билдирип коштошуп өтүү үчүн ачык турган терезелерге кыйкыргандар болду. Айрымдары колоннага жол бошотуп көчө боюнда турган тааныштарын атынан чакырып, жакындарына, үйүнөбү, айтор, дубай салам айтып жатышты. Ал аңгыча бирин бири бол эрте деп ээликтирген балдар көчөгө толуп кетти. «Солдаттар келатышат! Кызыл армиячылар согушка баратышат!» – дешип туш-тараптан тумандай каптап чуулдап жатышты. Анан көчөгө аялдар чыгышты, эже-карындаш, ким бирөөнүн түгөйү, кошуна-колоң, кыз-келин дегендей. Айтор, алар ушул күн, ушул саатты ушу күн, ушу саатка чейин чыдамдын чынжырында күткөнсүп, бирөө тапичкесин сүйрөп, дагы бирөөлөрү таптакыр жылаңаяк секирип, айрымдары башын жууп жаткан го, самын суу болгон чачтарын сүлгү менен орой салып, кээ бири жыртык юбкасы менен эле шашкалактап чыгышты. Кызык жери алар аңкыйып карап турушкан жок, катар басып бараткан жоокерлер менен жанаша желип чуркашып, согушка бараткандарга акыл-насаат айтышып, көңүлдөрүн көтөрүшүп, бардыгын бир Кудайга тапшырып жатышты. Сезим деген кыйын тура, мына ошондо алар бир туугандай, бир уяда чоңоюшкандай туюлуп, биринен бири өтүп алкап, Саратовго, ыйык Волгага, киндик кан тамган жерге, өз үйүңө тез арада аман-эсен жеңиш менен кайтып келгин деп ар бирине кайра-кайра табыштап айтышты. Кайгыдан улам каңгы баш болгон бир аял, белимчи белем, көзүнүн жашын көлдөтүп: «Сталинге даңк! Сталинге даңк!» – деп жер жара кыйкырып келатты. Алардын айрылышар жери станция эле, акыры ага да жакындап калышты, ошондо гана тигил аялдар акылына келишип, өзүлөрүнүн мындан аркы азаптуу тагдырларын ойлоп, чуру-чуу түштү, антүүнүн жөнү бар эле кайра кайрыбас кан майданга кеткендерди күтүп, бу шордуулар өмүр бою, кылымың түгөнгөнчө каралуу жесир күйүтүн тартып өтүшмөк...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.