ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Жырткычтар да кайдадыр житип кетишти...

Уюлгуй чыгып, көктү көздөй созулган түтүн тумандана тарап, чылк чытырман токойду кызыл жалын аралап, даулдаган от чача чачырап күйүп, өчөшкөн өрткө айланды, канча бир жылды тамырына жан кылган карт дарактар коркконунан кокуйлап кулап, кылда учу көккө сайылып, кылымдан кылым жараткан карагайлар жан кейите качырап барып жыгылууда. Ой-талаанын топурак-ташын сапырган бомба менен миналардын жарылуулары, танкалардын бетме-бет атышуулары, артиллериянын баш көтөртпөс мөндүрдөй аткылоолору кара жерди калчылдатып турду. Жан чыгарган жарылуулар сууларды да нугунан чыгарды, алар агымынын абазын, тунуктугун жоготуп, туш келди жылжып, чөөт-чөөткө айланып калды. Агын суу сиңип каймак болгон жерге танканын бири чөгүп, замбирегин көккө созгон бойдон жалдырап жатат.

Ушунун баары күн сайын болбой койбос көрүнүшкө айланган эле жана анын токтотулушу да мүмкүн эмес эле, себеби аскер сөзү менен айтканда, бу жерде согуш айкашы күчүнө кирген кез эле, эрегишкен эки тарап кан жута тирешип турган. Алар бири-биринин коргонуусун талкалап, баш көтөртпөс аёосуз чабуулга өтүп, душмандын оң канат, сол канат колун жексендеп, тылын тыптыйпыл кылып, аскерин кызыл канга айлантып кетиши керек эле. Ушундан улам ар бир тарап душманынын коргонуусун бузуп, чабуулга каршылашынан мурун өтүүнү көздөп жатышты. А бирок андай мүмкүнчүлүктү эч кимиси бири-бирине берген жок, ошондон улам оңутун тапкан ок жаадырып, бомба таштап, чабуул талаш согушу жан мойсоп, чыккан күндү батырып, баткан күндү чыгарып, чычаладай кызарып жатты...

Кандан качкан күндөр күндү кубалап өтө берди. А бул жер күйгөн аймакта атышуулар күнү да, түн тынган жок, Жер эненин боорунан кочкул кан агып солкулдап жатты. Алаамат айды боздоткон ушул жайга ушул жылы уясына куштар кайтып келген жок, тебелендиде, ок-дарынын күйүк жытына ууланган чөптөр жалбырагын жазалбай жалдырап калды...

Биринин канын бири ичкиси келген душмандардын согуш штабдары шашылыш пландарын иштеп чыгышып, жоготуулар жөнүндө, окко учкандар менен катардан чыккан жарадарлардын сан-эсеби туурасында жашыруун билдирүүлөрдү беришип, эки тарап тең Жогорку командачылыктан душманга кыйраткыч сокку уруу үчүн кошумча аскер күчүн, техниканы, ок-дарыны чектөөсүз сурап жатышты. Эки тарап тең өздөрү турган жерди коргоо менен касташын каршылык кылган аймактан сүрүп чыгып, жаңы согуштук өңүт мейкиндигин ээлеш максатында бекем турушту. Алардын талабы жогорку жактан канааттандырылып, жаңы толуктоолор келип жатты, чабуул талаш согушу кайрадан өз билгенин жасап аскер күчүн сурап турду, соргонунун ордуна жаңылар келип жатты, жеңишке да, жеңилүүгө да эмес, өлүмгө келип жатты...

Тамыр-гүлүн согуш соргон жай мезгили бул жерден эрте картайды, ошондон уламбы, айтор, эки тарапка тең чабуул талаш уруштун көрүнөө керез айттырган акыркы мөөнөтү – аскер күчүн өкүрүк чыкпас өлүмгө бирме-бир берип, көчүгүнөн көк түтүн чыккан бар тобокел согушу жетерине жетти. Мына ушул улуу казатка, адам менен жан-жаныбар аттуунун чачыраган ысык каны аалам жууп, жалгыз гана Күнгө жетпей калар күнгө, кайберен качып, куш учкан дал ушул кыямат-кайым аймакка тагдыр деген жазмышы бүтчү адамдарды атайлап айдап келгендир... Мүмкүн.

Маңдайына жазылганын билбеген ошондой адамдардын бири Кудайына ишенип ушул жакка, аскер эшелону менен Азиянын аптабына балкыган Волга боюндагы Саратовдон келатты, Эшелондогулардын бардыгы кан майданга келатканын билишчү, а бирок кайда барышат, кандай тагдыр күтүшөт, аны алар эмес, жогорку жактагылар гана билет, а булар кайда айдаса каршылык жок, бара бермей. Ошентсе да, аларды Москвага алып барат экен деген сөз угулду, андан аркысы белгилүү, Москвада ойнотмок беле, ошерден ар кайсыл фронтко бөлөр... Ооба, акыры ошондой болот.

Саратовдон түш оогон кезде чыгышты да, анан түн бою думуктурган сапар сазайына чыдашып, жай аптабы куйкум кылып куйкалап, көкөйү көзгө сайылган эринчээк Волга боюндагы кунары качкан ач талааны да артка калтырышты эле, мына, темир жолдун эки жагынын алыс-жакын аралыгынан жашыл бадал-шактар, а тургай ийне жалбырактуу токойлор да башталды, тим эле таберикке айланган эски сүрөттөгүдөй ажайып дүйнө, моокумуң канып, караган көзүң тешилет. Жоокерлер менен курал-жарактар толгон вагондордун ачылган эшиктеринен жан сергиткен салкын желаргынын илеби келе баштады да, андан соң алып учкан бул поезд жашыл токойдун койнуна кирип кетти.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.