ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Кубалаша кеткен күндөр анын көңүлүн тынчыткандай болду. Мектептен соң ал пединститутка тапшырды, ошо жайда чыйкандай болуп согуш дегени чыгып кетпедиби. Наташка экөөнүн ортосу ошо бойдон тунжурап калган, бар болгону эки ирет жолдон кездешип, а бирок баягы бийдеги сөздүн чет-бучкагы да айтылган эмес, кандайсың деп ал-жай сурашканы болбосо, сүйүү түгүл башка деле сөз болбогон. Неге экенин ким билсин, ушундай болгон, а Сергий болсо жолуккан сайын ичинен бийдеги сөзгө кайрылабызбы дей берчү, андай болбоду, экөөнөн тең ошол сөздүн учугу чыкпай койду. Чын-чынында ал ишти унутуп койсо деле болмок, а бирок аскерге чакыруу кагазы келгенде ал кургуруң бүт баарын будуң-чаң түшүрбөдүбү. Не болгонун ким билсин, Сергий кагаз алгандан кийин эле токтоно албай калды, жерге батпай ээлигип Наташка жашаган көп кабаттуу үйгө барды да, тигини чыгып калар бекен деп зарыга күтүп, толкунданып, кайра чыдамынан чыгып кете берсемби же күтө берейинби деген олку-солку ойдун туткунунан бошоно албай жүрө берди. Акыры күткөнү күйгөн шам болуп балбылдап келатат. ...Ушуну эңсеп, ушуну күткөн беле, кош көңүл жолугушуп, сыпайы адамдарча сүйлөштү. Жалыны бүтсө, от да өчөт, кайрадан аны алоо жалынга айлантыш үчүн кургак чырпык зарыл го. Сергий ага жакшы эле жан тарта сүйлөдү, аскерге баратканын, анан ошондон улам коштошкону келгенин айтты. Кыз муну күндө болчу иштей эле кабыл алды, тынчсызданган да жок, кайра ага азыр бүт баарын фронтко алып жатат, адресиңди мага жибер, кат жазып турамын, азыр болсо убактым жок, шашылып баратам деди. Негедир Сергий кат жазышып турууга убада алышканы келгенсип, анысы оңунан чыккансып аябай кубанды. Бир чети көзмө-көз сүйлөшкөнгө караганда кат аркылуу көңүлдөгүнүн көбүн, батына албагандардын баарын айтса болот. Ошентип ал кызга катары менен үч мертебе кат жазды, а бирок алардын бирине да жооп алган жок. Кат күткөнүн айтпа, ал тургай кайра жооп жазарын дегдеп, дилинде кызга арнаган жылдыздын баласындай сөздөрдү тандап жүргөн. Жаш баладай үмүтү өчүп, аскер турмушу менен алагды болуп жүргөндө Вероника эжесинен кат алды. Бүт баарын билип алыптыр, билген адамдардын айткандарына караганда Наташка турмушка чыгат экен, анысы өзүнөн бир кыйла улуу, өткөн жылы аялы каза болгон, фронттон бронь менен калган адам экен. Мунусу аз келгенсип: «Сережка, сен ага кайгыланбагын, кагылайын. Мен сени билем го, романдардын баарын окуй берип, бүт бардыгын ошондогу жазылгандай түшүнөсүн, санаага батасың. Сен антпегин. Билесиңби, сен деген такыр башкасың, ал экөөңөр эки башка адамсыңар. Сен аны күнөөлөбөгүн, күйөөгө чыгабы, чыкпайбы өзүнүн иши. Мага ишенчи, экөөңөр бир адам боло алмак эмессиңер. Айтор, аман-эсен эле үйгө келсең экен, согуш дегени эрте эле бүтсө экен, сени менен бир айдай кыз бактылуу болоруна өзүмдөн артык ишенем. Ошондуктан сен таптакыр өкүнбөгүн, бир гана суранарым ушул. Тезирээк үйгө келип кал. Согуш бүтсө экен, тез эле бүтүп калса экен...» – деп жазыптыр. Минтип безелене кайгыргандай ал экөөнүн ортосунда эч нерсе деле болгон эмес да. Ошентсе да эжеси Сергийдин көөнүн жайкап койгусу келген.
Наташа менен болгон ошол опаасыз окуя элес-булас эсте калган түш сыяктуу, он тогуз жыл жашаган өмүрү берген турмуш сабагы иретинде өттү да кетти. Согуш майданына баратат, али кагылып-согула элек ак көңүлдүгү менен кокустукка ишенүүгө даяр болгон сезимдеринен бошонуудагы жеңилдөө жана өкүнүчтөн турган татаал сезимдери менен, өзүн өзү түшүнө албаган бойдон кетип баратат. Көчөдөгү кыз-кыркын менен балдардын узатуусунда балалыгы калган шаары менен коштошуп, түз эле согушка кетип баратты. Ошо учурда узаткандардын арасында Вероника эжесинин болбогонуна аябай өкүндү, анткени ал булардын фронтко шашылыш кетерин билгенде жүз көрүшүп коштошууга кандай да болсо келмек.
Бу дүйнө өзү керемет тура, эжеси менен көрүшпөй кетип жаткан Сергийге тагдыр башка жактан берейин деген окшойт. Бу жөнүндө ал элес деле албаган, качан гана вагонго отуруп, көңүлү тынчып, жол үстүндө ойлоду.
Катарынан жазбаган жоокерлер вокзалды карай баратышканда аларга жакын чуркап келип жатышкан аялдардын арасынан бир цыган аял көрүндү. Ошону айтсаң, бу Саратов шаарында жайындасы цыган аялдар жайнап эле кетет, а бирок мунун бул жерге кантип келип калганын бир Кудай гана билбесе... Чуркаган сайын жез сөйкөлөрү ары-бери силкцлдей берген, эски кооз жоолугу ийнине түшүп калган, жер чийген узун юбка кийген бул аял көргөн көздү ирметпес кара торунун сулуусу эле. Цыган болуп жаралган соң суктантпаса болорбу. Ал көпчүлүктүн шарданында жоокерлердин колоннасын жандай, бир нерселерди кыйкырып, кимдир бирөөгө кол булгап, катардагылардан кимдир бирөөнү издеп жаткансыды. Жоокерлер эч нерсе түшүнүшпөй, бири-бирин капталга түртүп, бири-бирине ээк кага көз ымдап, бу цыган сени издеп жүргөн жокпу деп баратышты. А турсун бирөө:
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.