ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Кызык, Сергий кысынмак түгүл сүйүнүп кетти:
– Макул. Ачыш керек болсо, төлгөңдү ача бер, – деди да, баштыгын буттарынын ортосуна коюп, автоматын мойнуна илген бойдон алаканын ача оң колун ага сунду.
Түшөр вагон жанында, бир взводдогу теңтуштары жарданып карап турганда анын тагдыр балы ачылды. Цыган аял анын алаканындагы сызыктарга жандилин төшөп, бериле карап кирди да, эриндерин кыймылдатып күбүрөнүп, анан башын чайкады:
– Ой-бо-ой! Жаман, кара кыргын, кызыл сүргүн согуш болот. Оо, Жараткан, бул эмнең! Мына ошондо кан чачырап жетпеген жалгыз гана күн калат, чылбыр сүйрөп, ээсин жоктоп окуранат качкан ат, – деп эч кимге кайрылбастан өзүнчө күбүрөндү да, анан Сергийдин көзүн тик карап: – Түшүнүксүз бир сүйүү башыңдан өткөн экен. Ал сага күйүт бериптир, куру убайым тарткансың. Сен жазылбаган ак кагаздай тазасың, – деди.
Ошо замат оозун ачып аңырайган жоокерлерге жан кирди:
– Биздин наристенин жолу болбогону түшүнүктүү да!
– Койсоңорчу! – деди андагылардын бири тигилерди жемелей. – Силерди шылдыңдатып эле койсо. Эй, биздин кечилдин тагдыры айтылып жатат, анын дил күйүтү менен ишиңер жок, а тиги болсо куйругун булгап, көздөн кайым болуптур. А мында эмне күнөө, таза болчу, ошол бойдон калыптыр.
– Сен буларды укпай эле кой, жигит, сен менин айткандарымды ук, – деди цыган тигилерге кол шилтеп, эми сол колуңду бергин да, алаксыбай угуп тур.
Ошентти да, Сергийдин алаканын үңүлө карады да, анан саамга тунжурай калып, анан кубана үн катты:
– Мен билгем да, жүрөгүм сезип турган да! Сен өлбөс адамсың. Карачы, сен өлбөс адамсың. Сенин жылдызың ошондой. Мен ушуну билгем. Ошон үчүн артыңдан келдим да.
Жана тегеректеп тургандар дымып калышты эле, азыр аларга да жан кирди. А Сергий болсо кубанарын, же күлөрүн билбей, а балким, сыпайгерчилик үчүн ыраазылык билдирип, тамаша иретинде ага ийилип коюш керек беле, айтор, ал мыйыгынан жылмайды да, цыгандын колунан колун тартып алмакчы болгондо туурадан чыккан туз баштык болуп баягы Кузьмин пайда болду. Адаты ушул, бирөө-жарым туура эмес сүйлөп койсо эле ошого ач кенедей жабышат да калат, тыйын майдалаган адамдай мээ жеме маңыз. Таз чачындай акылы алты күн айтса түгөнбөйт.
– Коё тур, цыган эжекеси, коё тур, бул жакшы эмес. – Ал өкүнгөндөй өктөм баш чайкап: – Сен таптакыр тескери кеттиң, ойду айтам деп тоону айттың. Өлбөс адамсың дегениң кандай? Өлбөс адам да болобу? Ушундай адам бар деп уктуңар беле? Жандуунун баары күнү бүткөндө өлөт, а бул гана жалгыз өлбөйт экен. А биз болсо, кудага бараткан жокпуз, согушка баратабыз, а согуш деген кандай калчарын өзү билет, тагдырды жалгыз ок чечет. Сенин төлгөңдү ал уруп да койбойт. Керекпи, бирин калтырбай кырат. Түшүндүңбү, сен биздин башыбызга май кайнатпа.
– Кой, эй! Мен баш айланткан жокмун, тагдырды айтып жатамын. А мунун жылдызы чынында эле өлбөс жылдыз. Бешенесине жазылганы ошондой. – Цыган аял тигиге моюн берген жок. Тескерисинче, анчалык ишенерлик болбосо да, андагылардын көбүн ынанткан мындай сөз айтты: – Сен дагы билип кой, тагдыр деген өлүмдөн улук. Ошон үчүн тагдырдан тагдыр жаралат, а өлүмдөн эч нерсе уланбайт. Бул жигиттин жылдызы тагдырдан өлбөс жаралган.
Кузьмин өзүнүн бабырлыгын карматып, цыгандын сөздөрүн туталана жокко чыгарып жатты, а жоокерлер болсо анын айткандарын туура көрүп турушса да, негедир алар тиги аялга жан тартышты. Акыры жөнөр кез да келди, вагондорго отурмай башталган маалда аердегилердин көбү аял менен жакындардай кол алышып-коштошту, а цыган болсо ордунан жылбай телмирип, перрондо тура берди. Качан гана поезд ордунан силкине жулунуп козголгондо казганактаган баягы балдар менен аялдарга кошулуп ал дагы жанынын жарымы вагондо кетип жаткансып эшелонду жандай чуркап, Сергийге колун булгалай кала берди...
Топурак түтөп, таш күйгөн ысык. А түнү да кирпик илинген жок. Жер чапчыган дөңгөлөктөрдүн шака-шагы уюган түндү чыкыйга чаап уктатпай, бир жагынан паровоздун маал-маалы менен көк түтүн бүркө жер жарып, азабойду дүркүрөтө өңгөчүн үзө кыйкырганы жалгызсыраган жаныңды жанчат, жүрөктү мыжыккан сагыныч санаа тындырбайт. Ушундай, дүйнөлүк согуш дегенге тагдыры айдап бараткан Сергийдин ою он бөлөк. Бир туруп жанагыл цыган аялды, анын айткандарын эстейт. Эстейт да «кан чачырап жетпеген жалгыз гана күн калат, чылбыр сүйрөп, ээсин жоктоп окуранат качкан ат» дегенин дилинде кайталайт. Бул эмне дегени? Түшүнүп болбойт, таш табышмак, сырдуу сөз. Кан чачырап жетпеген жалгыз гана күн калганда кай кыямат болушу мүмкүн? Ээсин жоктоп качкан ат окуранганычы? Жылдызың өлбөс дегеничи? Ал кандай жылдыз? А балким, мунун баары калжың сөздүр? Деги бу жылдыз дегендин адам тагдырына кандай тиешеси бар? Жылдыз көктө да, адам жерде, байланышы болчубу? Анткен менен тагдыр дегендин бар экени чын. Ошол үчүн адам менен тагдырдын тамыры бир. А тагдырдын өзү эмне? Тагдырдан тагдыр жаралар жайы кандайча?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.