ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Согуш деген мына ушундай. Өлтүргөн тарап жеңет, а чындык дегениң ошол жеңген тарапта болот. Согуш чыккан ошол күндөн ушул күн ар дайыма ушундай болуп келет, эми да ушундай болот.

Апасы талашкан да, бирдеме деп каршы чыккан да жок, баш чайкап гана тим болду. Анан кошуналар коштошолу деп кирип калышты, таежеси да балдарын ээрчитип алып келди. Вероника мындайда тынч отурчубу, шаша-буша чуркап келди да, апасына жардам берип, анан алар түн бир оокумуна дейре божурашып отурушту.

Сергий эми апасын да, атасын да аяп жиберди, энеси эч кимди өлтүрө көрбө дейт, а атасы болсо муну өлтүрө турган душманды бул өлтүрүш керек, согуш ошону талап кылат дейт. Көкүрөккө кусалык келе баштаган го, үйдөгүнүн бардыгы сапарда эсине түшүп, жанына жакын нерседей, аларды жоготуп алчудай сезилип, эт жүрөгүн тызылдатып баратты. Тамыры каккан сайын өткөндөр улам алыстан, арт жакта калып жаткандай туюлду. Негедир анын эсине Саратовдун бөксө тоосунун этегиндеги Волга дайрасы түштү. Жай келгенде андан өткөн жер болбойт, жашыл арчалары, күнгө чагылыша мелмилдеп аккан дарыя бир керемет көрүнөт, анан калса жел кемелер жайнап чыкчу. Бирок ал бала чагында дарыяга салынган темир жол көпүрөсүнө аябай кызыкчу. Анын бийиктигинен баш айланат, дарыянын боюнда туруп алып, чалкалай калып, ошо көпүрө менен өтүп бараткан поезддердин шака-шагына маашырлана кулак түрүп, өткөндөргө соңуркап, кечке чейин карай берер эле. Баарынан да ага бул учунан тиги учуна үн жетпеген көпүрөнүн эки жагындагы асманга тие жаздаган, бири-бирине чатыраштыра карматылган темирлери поезддер өткөн убакта каар жаңырта гүүлдөп, коркунуч чыгара титиреп жиберчү, а Сергий болсо ошо Волганын кереметине керемет кошуп, китептерде гана жазылган бир укмуш өлкөлөргө бараткандарга улутуна суктанып кала берчү.

Сергийдин эсине кайрадан балалыгы түштү. Алардын үй-бүлөсү жаңы жылда кар баскан талаа менен ар дайыма мунайзат жалбырттап күйүп турган, бийик орнотулган түтүккө барышчу. От асманда алоолонот, анын жарыгында кар зампарлап жаап турчу. Жалынга жааган карды от тынымсыз аймай берчү, а отко ашык болгон аппак кар да кайра-кайра жаай берчү. Жалын өчпөй жалбырттап, кар жабалактап басылчу эмес.

Жылдар менен кошо көп нерсе кетет экен, өзгөрөт экен. Эми минтип согушу башталып, өлтүргүн, өлтүрбөсөң өзүңдү өлтүрөт дегени чыкты. Ушундай экен, башка жол жок. Азыр ал дал ошол өлүү менен өлтүрүүнү гана билген согушка баратат. Касындай карышып турган караңгылык койнунда апасын, атасын, Вероника эжесин эстеп үн чыгарбай ыйлап жиберди, уктап аткан солдаттардын арасында ал билгизбей ыйлап жатты. Үйүндөгүлөр менен кубана кол кармашып алып, кар жамынган талаа менен уюган түндүн уйкусун качырып баягы асманда алоолонгон жалын-отко барууну кандай гана кусалана самады.

Дөңгөлөктөр рельстерди така-так айтып сабап баратат, а вагондор куш болуп сызат. Түн койнунда үргүлөгөн күңүрт жарыктан улам кайсы бир чакан станциялар көзгө илешпей артта калууда. Жоокерлер менен курал-жарактарга жык толгон бу эшелон түнөргөн түндү жара тилип, өлтүрүү менен өлүү экөө тең бирдей күткөн тарапка алып учуп баратат. Сенин өлүмүң сенин эркиңде эмес, эч бир жан өлүмгө туш болууну самабайт жана ошонун өлүмгө кабыларын да жан адам билбейт. Өлтүрүү деген кара мүртөздүктүн эрк-оюнун иши, а согушта болсо ал иш ар кимдин зарыл, мойнуна тагылган милдет иш. Ошенткен менен өзүңө өлтүрөйүнбү, өлтүрбөйүнбү деп кантип айта аласың.

...Дөңгөлөктөр рельстерге урунуп: «Өлтүр-өлтүрбө, өлтүр-өлтүрбө, өлтүр-өлтүрбө» – деп безене какшап баратты...

Көзүн жаш чайган Сергий үргүлөп баратып кызыл кыргын согушту, ал жактан кимди өлтүрөт, кантип өлтүрөт, аны эмне, атып өлтүрөбү же мушташып жатып өлтүрөбү, айтор, аргасыздан ушуларды жана да душманды өлтүрүүнү жай бою Волга боюнда үйрөтүшкөнүн эстеди. Анан ал өзүн өлтүрө турган адамды, анын кантип өлтүрөрүн көз алдынан өткөрүүгө аракет кылды. Ал тургай ошо душманды – немисти, фашистти да элестетип көрдү. Бирок анысынан майнап деле чыккан жок, андай адам кандай экенин элестетүү чыны ага кыйын өңдөндү. Атасы айткан окуя боюнча кеменин жанында эч нерсе болбогонсуп карап тургандардын көз алдында деңизге чөккөндөрдү да эч бир элестете албай койду. Алсырагандарды албуут толкундар жутуп, дит баккыс көрүнүш көзгө сайып турган эле. Жаным аман калсын деп кемеге жан талаша жакындагандарды тигилер атып турушту. А алар ыңжыңсыз иримге житип кетип жатышты...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.