ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
– Өлтүрбө дегениң эмне?! – Ал ачуулана айкырды. – Эч кимди өлтүрбө, эч кимдин канын агызба дегениң кандай?! Айтканын кара! Балаң кайда баратат? Согушка баратат, душманды өлтүргөнү баратат! Анан айтканын кара! – Адатынча ал махоркасын издей баштады. Анысын аялы ар дайыма катып салчу, антпесе капаланып кызууланса эле тамекисин ороп кирчү. Ошондон улам арык жана жини тез келгенине ушу тамеки себеп болууда деп түшүнчү.
– Тамеки чекпечи, Коля, өзүндү аясаң боло, – деп чебелектенчү.
– Сергийге айткан сөзүңдөн кийин кантип чекпей коёсуң. Ал эртең согушка барат, а сен эмне деп жатасың?!
– Мен деле ошону айтып жатпаймынбы, Кудай өзү билет да, мен айткандай болмок беле. Бүт баары эле өлтүр, өлтүр дешет. Душмандар бизди, биз аларды өлтүрөбүз дейбиз. Жер үстүндө анда кандай жашоо болот, жалаң киши өлтүргөндөр калабы? Мени билбейт дейсиңби, билемин. Сен өлтүрбөсөң алар сени өлтүрөт, ошол үчүн өлтүрүшүң керек, өлтүрөсүң, душманыңбы, баары бир адамды өлтүрдүң да, мен ошону айтып жатамын. Күйөө балабыз Анатолий эмне болду, тирүүбү же тирүү эмеспи? Аны өлтүрүп салыштыбы, же кишилерди ал өлтүрүп жатабы? Вероникага ушуну айткандан коркомун. Ушундай, атакеси, жүрөгүмдөгүнү жок дегенде өз балама айтып алайын. – Эне деген эне да, бук чыгараар буркурагын күчтөп тыйып, өз оюнан баш тарта албай көзүн жаштап отурду.
– Мына-мына! Ушул сөзүң үчүн сени эл душманы деп Сибирге айдап жиберет. Түшүнөсүңбү, жөн согуш эмес, бүт дүйнөлүк согуш болуп жатат. Ошондуктан кимди ким кырып жок кылат, же биз, же алар, башка сөз жок. А сен өлтүрбө дейсиң! Мен эмне, өз баламды же тигил Анатолийди аябайт дейсиңби?! Аяйм. Аяганда да кандай аяйм, а бирок башка арга жок. Жоокер өз жерин коргоп жатат, ошондой, коргогун деген буйрук алган. Эгер жоокер буйрук боюнчабы, өзүнүн милдети боюнчабы душманды өлтүрүп жок кылса, анда ал анын эрдиги болуп саналат. – Николай Иванович көшөрө сүйлөп жатты.
Апасы уулунун буюмдарын сала турган баштыктын жыртылган жерлерин жамап-жазгоо менен алектенип, унчуккан жок. Атасы басылчудай эмес, өзүнүн жаш кезин, эмне кылганын, дал он тогуз жашында, ушу Сергийдин курагында, Биринчи дүйнөлүк согушта суу асты менен жүрүүчү аскер кемесинде моряк болгонун айтып кирди. Айтор, анын сөзүнүн ток этер жери, согуштагы эң башкы иш душманды душмандай кырып жок кылуу керек дегенге барып такалды. Бир жолу алар суу алдындагы кеме менен Балтика деңизинде чалгын салып жүрүшүп, душмандардын согуштук-транспорттук кемесин аскер-маскери менен бүт чөктүрүп ташташкан. Адегенде алар ал кемени суу алдынан көпкө чейин акмалап-аңдып жүрүшкөн. Анан мерчеми келген кезде гана торпеда снаряды менен согушкан. Эки снаряд тең эсептегендей бутага таамай тийип, бортту талкалаган. Кемени кызыл өрт каптап, акырындан аны деңиз соруп бараткандай болду. Тигилер болсо суу ичине тереңдей кирип, бир сааттан соң кайрадан көтөрүлүшүп, перископ аркылуу деңиз үстүндө эмне болуп жатканына көз салышты. Баары жайында экен, кеменин тумшугу асманды карап, жарымы деңизге чөгүп кетиптир, анын жанында жанталаша чабак урган адамдар жайнайт.
Командир менен чини чоң офицерлер перископтон көз албай карап турушту, а алардын айткандарын радисттер ошо замат Кронштаттагы ставкага Морзе аркылуу согуштук тапшырманын так аткарылганын билдирип жатышты. А тапшырма дегениң – буйрук, болгондо да душманды жок кылуу деген буйрук, аны аткарыш үчүн өлөсүң же өлтүрөсүң, бүттү, башка жол жок.
Алар жанталашкан адамдардын деңизге кантип чөгүп жатышканын перископтон маашырлана карап турушту да, анан качан гана кеменин карааны көрүнбөй калган кезде айлана-тегеректе камындырбай кол салар душман жок экенин текшеришип, андан соң гана деңиз үстүнө чыгышат. Ошондо бүт баары кеменин палубасына чыксын деген команда болду, шашыла катар-катар тизилишип, командирдин азыркы иш боюнча алкыш жарыялоосун күтүп турушту. Ары жакта кемесинен айрылган душмандар биринин артынан бири деңизге чөгүп жатышты. Жан деген ширин тура, чөгө электеринин айрымдары булардын кемесине жан соога сурашып, сүзүп жетүүгө аракет кылышты, алдан тайып бүтүшкөнү албуут деңизге жутулуп, жакындаганын тапанча менен бирден атып турушту. Күүгүм кирердин алдында кагышарга кас таппаган азоо толкун бирин бири омуроолоп, чалкар деңизди көңтөрүп ийчүдөй долуланат. Кайрадан түнөргөн деңиз түбүнө кайтмай.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.