ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Кийин ошо Кудай урган Эрташ Курчалды өлтүрүү жөнүндөгү коркунучтуу ойлорунун таасири кайра өзүн капылет жерден бушайманга салды. Ошентсе да, ал эми жанагыл кайра жангыс өч алам деген дил-оюнан кайтпай, ой-дарты өлтүрөмгө гана байланып калган шоруң каткыр «кантип?» дегенге келгенде өзүнүн бир бечара экенин сезип, анан ушундан улам жогорудагыдай беймаза кыжырданууга алдырып ийдиби, айтор, бир кыйнаган өксүк алкымдан муунтуп, акыры ал өзүн баягы эле бир обон менен капканга чаптырып салды. Тагдырбы? Аны ким билсин! Баарыдан да баягы Хайдельбергде, сүйүүгө балкып, бакытка чалкып жүргөндө жаралган бир укмуш романтикалык идеялары акыры минтип аны киши өлтүрөм деген өгүздөй өжөрлүккө чынжырлап саларын, эски журтта жулунбай калган казыктай кылып коёрун, кара көзү кашайгыр, а кезде кайдан билиптир. Деген менен ошол азапка түшүп, жан кыйналган күндөрү деле кээде дили агара түшчү, ошондо Айдана Самарованы Кызкайыптан кечирим суроого көндүрүп, улуу тоолорго барып от жагып, баягы Хайдельбергдеги туулбай жатып туна чөккөн кооз кыял үчүн буркурап бугубузду чыгарсак деген тексиз ойлор эмнегедир аны кызыктыра берчү, а бирок Айасына телефон чалып, ала албай койду. Балким, анысы аны жарыла каткырып, шылдыңдамак, акылын таптакыр жоготуптур демек. Ошентсе да кыялынан баш тарта алчу эмес. Мүмкүн жазып-тайып аны менен Айа да тоого барып калса Кызкайыптын арбагына чөгөлөп табынып, тигинин көзүнчө асманды күбөгө чакырып – сүйүүнүн тагдыр тартуулаган түбөлүктүүлүгүнөн баш тартууга эч кандай себеп болбошу керек (дагы чексиз философияңа, түпсүз космосуңа кеттиң), анткени сүйүү деген сүйүшкөндөрдүн түбөлүктүүлүктү көздөй кеткен кошбирдиктүү жолу, ошондуктан түбөлүктүүлүктү талкалоо айааламдагы жашоонун өзүн жараткан Теңирди тааныбагандык болуп саналат. Чын-чынында сүйүүнүн бороон-чапкынын да ал жараткан, бу жарыкчылыктагы жашоону улантуунун түбөлүк күчү да мына ошондо. Ошондуктан сүйүүнү өлбөстүккө карай умтулуу дейбиз, а адамдар болсо ошо Кудай берген чыйыр менен кете берет, а кандай кетет, жолу кандай болот, ал өзүнчө кеп.
Мунун баарын бирөө укса кайрадан шылдыңдап күлмөк. Деги мындай ойлордун кимге кереги бар эле. «Голливуддашуу», ооба, ошо менен айыкпас болуп ооруган Айдана жөнүндө Эрташ Курчал фильм тартам деп жаткан имиш, тартсын, а бирок ал шоу-бизнестин жылдызымын деген неме кайдагы бир тоолордо арбактарга жалынып, Кызкайыпты күтүп, акча сапырар убактысын бекер кетирмек беле? Күлө турган киши жок.
Ошентип эртеңден үмүт калбады.
Тагдыр бул туурасында «Евразия» ресторанында ага өзү жөнүндө тапатак жана ачык-айкын түшүндүрдү. Ооба, иш астын-үстүн болду да, калды. Ушуга курал менен жооп берүү муктаждыгы чыкты, а аны болсо кандай да болсо табыш керек, башка жол жок. А бирок аны кайдан жана кантип табат? Көрдөн кайра тургузар көйгөй ишиң мына ушул! Эмне үчүн бул жашоо туңгуюктан туңгуюк болуп баратат? Башка эч нерсе калбады, непадам өлүп баратсаң акыркы сөзүңдү гана айтуу калды.
Ооба, бул түн Арсен Саманчинди түгөнбөс түйшүк азабына салган, өзү менен өзүн кармаштырган узун түн болду. Бут тарталбай уктап жаткан беш кабат үйдүн короосун караган, жарыгы жалгызсырап да, жалдырап да күйгөн терезесинин жанында туруп ызага буулукту, кайгынын уу тырмактарына жанын кейитти, киши өлтүрүүгө кадам таштабагын, эгер андай болсо эле анын артынан өзүн өзү жок кылуу болорун айтып, өзүнө өзү сот болуп жатты. Кек сактаган карасанатайлыктын акыры кылмыш менен бүтөрүн өзүнө айтып жатты, а бирок дил-ою менен азабоюн бийлеп алган өч алам өртүн ал эмнегедир баса алган жок. Кайрадан көгөргөн намыска алдырып ийди да, кайрадан кутултпас курал табуу керекке түштү. Кыжаалат ойлордун кыйноосуна түшүп, чайнала берди...
Ошол түнү жолу оңолбос Жаабарс да бийик ашуунун этегинде убайымга ууланып турду. Ал аймакта жалгыз гана ушунун көзү илинген жок. Бул дагы Кудай куткарбас санаага батып, ындыны өчүп, капага чөктү. Айласы кеткен кезде, не кыларын биле албай көк көргөзбөй жайнаган жылдыздарга карап улуду. Эмнегедир ал жер үстүнөн үмүт үзүп, жылдыздарга кеткиси келди, анткени алар кыштыр-жайдыр бири-бири менен жанаша жанат, бирин бири жек көрүп кууп жиберишпейт.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.