ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Ошол жылдыздарга ошол көз ирмемдерде Арсен Саманчин да карап турду. Анын да ошо жакка кеткиси, эч качан эч нерсе ойлобой жашагысы келди...

Ойлонбой коюуга мүмкүн эмес экен, кайрадан ойлонду, ойлонгондо да тапанча жөнүндө, аны бир тууган агасы Ардак Саманчинге айтып таптырып алса болобу деп ойлонду. Анын соода тармагындагылар менен байланышы жакшы, тааныштары да көп. Мурда врач-терапевт эле, азыр ит багат, Орто Азия тукумундагы овчаркаларын кармайт, Европага, көбүнчө Германияга сатат. Кардарлары кара таандай көп. Иттерине документ камдаганды билет, анан ошолордун акчасы менен жашайт. Бир кыз, эки уулу бар, үчөө тең мектепте окуйт, аялы Гүлнара башта медсестра эле, азыр күйөөсүнүн жардамчысы. Айтор, булар базардын көзүн жаңылбай таап кетишти. «Иттердин жардамы аркылуу базар менен көнүшүп калдым», – деп калат Ардак тамаша-чыны аралаш. Шаар четинде короосу менен үйү бар, ит баккан жайы да ошерде. «Жигулиси» турат.

Ардак түз жүргөн, бирөөгө жамандык санабаган, мээнеткеч, көп окуган адам. Болгону тигил Туюк-Жардагы туугандары ушунчадан ит бакканы эмнеси, ал үчүн мына биз уят болуп жатабыз дешет, айтор, анын бизнесин жактырышпайт. Жогорку билимдүү врач болсо, диплому чөнтөгүндө турса, анан мунун көрүнгөн жерде ит сатканы эмнеси деп нааразы болушат. Айрыкча буга айылдагы Кадича эжеси туталана намыстана берет да, Ардактын иши жөнүндө кеп башталса эле чыдабай кетет. Чын-чынында ит сатат деген сөз айылдагылардын көбүн айраң калтырат. Мындайды бир да жолу көргөн-уккан эмесмин, короосу толо ит, кааласаң тандап ала бер, койдой эле багат экен, эми мышыктарды, анан келемиштерди багып сатып калбасак эле болду деп калышат анын үйүнө барып келгендер. Чын, бул айылдагыларды жака кармата турган иш. Ушундан улам айылда уу-дуу кеп, а Ардак болсо аларга түшүнөт, чыдайт, ошол үчүн айылга кемде-кем барат, болбосо жок.

Агасы катары Арсендин бой жүргөнүн жактырбайт, сөз удулу келгенде канчага чейин жалгыз жүрө бересиң, тезирээк үйлөнбөйсүңбү деп калат. Ылайыктуу кыз-келин шаарда эле эмес, айылда да толтура. Болуптур, өткөн өттү, кеткен кетти, алдың, ажыраштың, анан эми өмүр бою эле аялы жок жалгыз жүрө бересиңби? Билем, сен европалыктардай ой жүгүртөсүң, алардын тилдерин да билесиң, элге белгилүү журналистсиң, көз карандысызсың, бардык жер чакырып турат, тапканың өзүңө деги жетет, ошентсе да кежиринен кетпеген кечил болбогондон кийин үйлөнүш керек деп калчу.

Бул жагы ушундай, а куралга келгенде иш кыйынына оойт, эмне үчүн тапанча керек, аны сен эмне кыласың, кимди атасың деп такып сурашы бышык. Врач дегендериң так, тыкан болот эмеспи, бул да ошондой, кээде эле ичип койгону болбосо прокурор мүнөз, анан ушундай зарыгып турган кезде андан бир нерсе чыгат дейсиңби?.. Кокус бир нерседен шекшип калса, анда иштин бүткөнү.

Түн жарымынан ооп калган кезде ушуларды ойлонду. Аны болсо терезеден асмандагы жылдыздар карап турду. Жайындасы жылдыздар көбөйүп кеткендей көрүнөт. Ушулардай жарык чачып, көйгөйүң жок жашасаң, аттиң...

 

V

Эртең менен аны безилдеген телефон ойготту. Ордунан туруп барып телефонду алганча чок баскан тооктой чырылдак басылып калат деп ойлоду ал, таттуу уйкусун таштап басып кеталбай. А чалган адам көшөрүп туруп алды. Бир чети ага ушул жакшы болду, дил-кыялдын чындык дегенге жакындашпаган ой жүгүртүүлөрүнөн, ишке ашпаган түштөрүнөн кийин ал чыныгы турмушка келди, адегенде эле телефондон издегендер башталды. Бул ыракматы атасынын бир тууган иниси Бектур аке экен. Канткен менен ал кыйышпас жакын тууганы эмеспи, телефонду көп чалчу. Бүйрө адам, элди билчү, кечээ жакынга чейин, алардын чарбасы тараганга дейре, ал ошо Туюк-Жар колхозунун башкармасы болуп келген. Андан кийин да бош калган жок, кырдаалга туура келер деп эч кимдин башына келбеген мергенчиликти таба койду. Ошентип, Үзөңгүлөш тоолорунан аң уулоочу «Мерген» фирмасын түздү, иштин жүрүшүп кетиши үчүн ар кандай бизнес-пландарды, сунуштарды жасап, анан ошонун аркасы менен акыркы жылдары буга келгендердин саны көбөйдү, чет өлкөлүктөрдүн изи суубай турган болду. Чет өлкөлүк мергендерди чакыруу документтерине, жанагыл жарнама дегенине Арсен Саманчин да көп жардам берди. Акыры иш ойдогудай болду.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.