ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Өзүн өзү ушинтип тынчытып жатып, анан ошол эле учурда алданеге кайрадан өзүн жетелеп баргандай болду, ооба, Кызкайыптын алдында айыптуудай алайып, кечирим сурап актангандай, аны жалбарып жооткотуп жаткандай тейде турду. Кыялында экинчи өзү Арсендин эшигинин сыртында турган Кызкайыпка кайрылып, ага бир нерселерди эзиле шыбырап жаткансыды. Ал тигиге үн чыгарбай, а бирок ал түшүнгөндөй кылып эбиреп, Кызкайып, бүт бардыгы жайында болот, бир аз эле чыдай турчу, макулбу деп кечирим сурап жаткандай жалбара шыбырады. Кудай буйруса бир нерсе болот, ошондо мен силерди – сени, Айдананы жана классикага каныккан музыканы жолугуштурам. Айдана сахнада болот, а сен сахнанын артында анын жанында эле болосуң, бүт бардыгын көрөсүң, бүт бардыгын угасың. Ошол үчүн бир азга гана чыдай тур. Анан бул жерде Айдана күнөөлүүбү же жокпу, аны ойлон. Эгер билгиң келсе, ал өз ыктыяры менен бизди таштап кеткен жок, сен туура түшүнөсүң, анткени аны да куду сени уурдагандай уурдап кетишти, ооба, азыркыча азгырып уурдап кетишти, акча үчүн акчага сатып алышты. Ооба, ошентишти, мурда сулуу кыздарды эрк-оюна карабай атка таңып эле ала качып кетишчү, азыр болсо андайларды долларга ороп, атак-даңк менен арчындап алып кетишет, мындайда өздөрү эле чуркап барышат, байлык үйүрлөрүнө кошулушат, үйүрлөрдүн ээси миллионерлер, аларды доллар менен камчылап, долларды жем кылып берип, багып алат. Ушинтип жашап калдык. Башка жол жок, бардыгынын тагдыры базарга гана байланган. Эч ким күнөөлүү эмес, базар экономикасы дегендин арааны жүрүп турат, жашоо опур-топур, эртең эмне болорун эч ким, ошол байпагы манат байлар да билбейт, бул турмушка өзүбүз күнөөлүүбүз. Ой, кечирип кой, Кызкайып, мен негедир эл турмушун изилдеген саясат илимине кирип кеттим окшойт, ушундайым бар. Бирок сен муну жүрөгүңө жакын ала көрбө, санааркап убайым жебе. Кээде күйгөндөн ушуларды айтып жиберем, мени кечирип кой, Кызкайып. Анан эмне кылабыз, жашоо ушундай болуп калбадыбы. Мага өзүңө ишенгендей эле ишен, бир аз күтө туралы, күт, Кудай буйруса кубаныч менен кезигишип каларбыз. Азырынча күтө туралы. Ии, баса, бир мүнөткө сабыр кылып токтой турчу, дагы бир нерсени сага айтайын дедим эле. Бул менин жүрөгүмдү көптөн бери өйүп жүрөт, Кызкайып, сенден кантип жашырайын. Эч кимге билдирбей ичимден ойлоп санааркай берем, Айдана ал жерде кандай жүрөт болду экен, шайкелең кыздай көз ымдаган жарнамалар аркылуу даңазаланып жатканындай, сахналарда жылдызы төгүлүп, күлүп-жайнап, жаркырак менен кызыл-тазыл жарыкка тунушунча тунгандай ал чын эле өзүн бактылуу санайт бекен, өксүүгө толгон өмүрүн, анан өзүн бактылуу кылдым дээр бекен, же сыртынан ушундай көрүнүп, а ичинен, ооба, гүл талындай назик дили кырдаал берген тагдырдан улам жетим кыздай сыздап ыйлап, эркиндик, бакыт, сүйүү деп зар какшап муңканып жаткан жок бекен? Жандүйнө сырын жашырып, өзүнө өзү өкүнсө анда кыйын, тагдырдын трагедиясы. А бирок, менден качкан менен кайрылбас Хайдельбергдеги сейил бактагыларды эсинен чыгара албайт болуш керек, аны эстесе көңүлү түтөп, жүрөгү канаар, анткени ал экөөбүз аерде чогуу жүргөндө дүйнөбүз бир башкача өзгөрүлгөн, Кызкайып, аны сен өзүң көрбөдүң беле. Андан кийин... андан кийин да дүйнөбүз бир башкача өзгөрдү, эки ааламга ажырашып кеттик... Кечирип кой, Кызкайып, кайрадан өзүмдүн... Ушинтип калдым.
Кызык болду, өзүнөн өзү бөлүнүп, сүйлөгөн өзү, тыңшаган өзү болуп, дилинен шыбырай берди, анан ал селт эте калып, өзүн өзү акылга келтирүүгө тырышты. «Эсиңе кел, эсиңе. Айтканыңан кайтпаган көк мүнөзүң сени дагы кайда алып баратат? Кимге асыласың? Ким менен кармашкың бар? Басма сөздө деле өзүң жалгызсың, коколой башыңа кордук үйүп бирдеме жазымыш болосуң, аның аз келгенсип көп укканды көк мээ кылар философияңды айтасың, көрүнгөн бизнесмендерге ырылдап турасың, жанагыл ыңырчак минип, ит саткан өз агаң Ардак айткандай, азыркы долларбайлар дүйнөлүк базарда санаалашып-паралашып жүрүшөт. Сен да бирэки жолу бул сөздү пайдаланып, ошентип жаздың, тигилердин биринин да кылы кыйшайып койгон жок. Эмне үчүн антишти? Акча, базар оюнунан сырткарылардын бүт баары алар үчүн киши эмес, сен да ошондойсуң, адашкан селсаяксың. Билесиңби сен, ошол долларбайларга кээде Кудайыңдын өзү кызмат кылып жүргөндөй сезилет. Ооба, ооба, ал аларга Кудай катары көз салат да, алар менен кошо коррупцияланып жатпайбы! Анын эмнеси бар экен? Баары белгилүү, Кудайдын өзү да ай-ааламдын банкири болуп жатпайбы. Ой, токточу, кайдагыны келжиреп жатам? Жараткан, мени кечир, кечире көр. Кудайга акаарат айткан да болорбу? Кечире көр, Жараткан, жазала мени! Мага окшогон чөйрөгө ыңгайлаша албаган саркындынын изин ит таппас үчүн түз эле мухитке ыргытып жибериш керек. Бирок мындайлар адам бар жерде жарала берет...»
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.