ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Арсен жиптин сүрдүү эшигин ача калды эле кайран Бектур агасы жылуу жылмайып жерге түштү да, бекем кол алышып кучакташа көрүштү. Ооба, ал дайыма жаркын маанайы менен, келбет-өңү менен, жарашыктуу чокчо сакалы менен да өзгөчөлөнүп турчу, ийе, булардын тукуму ушундай, сырт турпаты келишимдүү, зыңгыраган немелер, болгону Арсен гана сакал-мурут койгон жок. Алар бири-бирине эки колун сунушуп, бекем-бекем кысышып, кубана жылмайышып, ызаат-сый көрсөтүштү. Бектур ага шадылуу колун көкүрөгүнө коюп, мындай деди:
– Кудага шүгүр, аман-эсенбиз. Өзүң кандайсың? Көрүшпөгөнүбүзгө канча болду, Арсен, эки ай болуп кеттиби, же андан да көппү?
– Ооба, байке, үч айдай болуп кетти го?
– Көрдүңбү! – Бектур ага коюу кашын серпе калды. – Мен шаарга келип эле аттым, а сен колго тийбедиң. Болуптур, эми сен керексиң, биз менен көбүрөөк бирге болосуң. Билесиң да.
– Билем, байке. Мен ар кандай иштер менен жүрбөдүмбү. Болбосо кезигишмекпиз, аны өзүнчө айтып беремин.
Ийе, Айдана экөөнүн иши эмне болгонун, ал кимдер менен катышып жатканын, кимдер анын сүйгөнүнөн улам аны коомчулуктан түбөлүккө сүрүп чыгууну көздөп турганын, а өзү болсо аларга эмне кылганы жатканын, албетте, айтпайт дечи. Не дегенде алардын сөзү башка. Бектур ага да ошол зарыл иштин айынан Туюк-Жардан келип туру.
Боору бир жакындардын агынан жарыла амандашып турушу көргөндүн көзүн тойгузду, булардын жанынан өтүп бараткан кошуна-колоңдору да ал экөөнө жетине албай жылмая сүйүнүп жатышты. Чолок шымчан эки бала ары-бери ит жетелеп, короодо ойноп жүрүшкөн. Бектур аганын жалтыраган кара жибине суктана карашып, жол тандабаган бул машина аларга аябай жагып калды көрүнөт, бирин бири капталга түртүп, бирдемелерди шыбырашып калышты. Кыязы бул тентектер ушундай кубаттуу машинага итин да салып алышып зуулдата айдап баратышса, баатырларга көчөдөгүлөр таң кала карап, ал тургай колдорун булгалап да жиберишсе деп турушту окшойт. Мунун баарын Арсен ойлоп жиберди, таппаганы жок.
Бу жашоонун жакшылыгы менен кубанычы көз алдында турган кезде көңүлүң таңдай тазарат. Ошол чын, жай мезгилдин шашкесиндеги күн да негедир демейдегидей чакчайып тийбей, жер үстүндөгү жан-жаныбар аттууга бейпил өмүр тартуулап, тоо-талааны күлүмсүрөп эркелетип турду. Ооба, күн жарыктык да адамдардын жылдызы жанган бир керемет учуруна аралашып кетти. Бу жарыктыктын жашоосу ар дайыма ушундай эриш-аркак төп келип, өз жайында болбойбу! Анткен менен булуттардын арасынан кандайдыр бир түнөргөн көз жердегилерди жекире карап турат имиш деп айтып калышат. Ага эмне керек? Эмне үчүн антет? Мейли, караса карай берсин...
Маселе боюнча сүйлөшүп жатканда мурдагыдай эле Арсен Саманчин өзүндөгү ишенимдүүлүктөн кайткан жок. Анын үстүнө Бектур агасы көзү жеткен, болор ишке гана киришкен, киришкен соң аягына чыккан адам. Ошондон улам бул адамдын айткандарын угуп, далил-сунуштарына баш ийкеп, ыгы жок билерман болуп талашпай, каршы да чыкпай тура бергиң келет, не дегенде анда адамды муюткан, ал тургай пикирлерине шыктанткан кандайдыр бир тартып алар касиети бар.
Ооба, Бектур ага ушундай кылмак, аңчылык кылуу документтери бүт экен, лицензиядан баштап, бизнес планы, аны өнүктүрүү жолдору, эң негизгиси барстарды атууга уруксаты, айтор, киреше, салык жана башкалары так көрсөтүлүптүр. Жанагы келе турган араб ханзадаларына булар жөнүндө, фирманын милдети туурасында маалымдаптыр.
Ии, унута жаздаган турбайбы, өткөн жылы алар менен контракт түзүлгөн, ага Арсен Саманчин өзү жардам берген. Ошол боюнча азыр иш жүргүзмөк. Анткени Бектур Саманчин Туюк-Жар аймагындагылардай эле ингилиш менен таптакыр иши жок, ошол жагы, араб мырзалары менен сүйлөшүү, аларга тил боюнча кынтыксыз кызмат көрсөтүү тарабы толугу менен Арсен Саманчинге жүктөлөт. Бектур агасы ушундай чечкен. Ооба, ал бизнес адамы, эң оболу пайда жагын ойлойт, ошондуктан мындай жооптуу ишке, араб ханзадалары менен сүйлөшүүгө жана да ортомчулук милдет аткарууга Арсен гана ылайык эле. Не дегенде араб ханзадаларына, ийе, королдук статусу бар меймандарга, катардагы тилмеч эмес, алардын андай-мындайын билген, бул жакты да айткандай айта алган деңгээли бар адам керек болчу. Ошон үчүн ал Арсенге гана токтолгон, ошон үчүн ал Арсенге келип отуру.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.