ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Күн сайын өз үйүрүнөн алыстай берген Жаабарс өзүнөн өзү кыжыры кайнап, жалгыз баштын жан кыйнаган азабы үчүн кашык каны калганча бир өмүрдүн бир болор тагдыр кегиндей кармашын тамырдын кагышы сайын кекене эңсеген безери жырткычка айланды. Аскалардын коңулунда жашаган көзүнө көрүнгөн эле жаныбарлардын артынан чабыт кумарын эмес, кыжырын чыгармакка сая түшүп, жегиси келбесе да канжар азуусун канга жууп, кең омуроо, барак төш баштагыдай мөңгү жиреп кеткиси келип, тентимиш турмушка кабылды. Ошолбу, ошол эмеспи, айтор, жебе көзү жеткенге ок болуп тиет, алкымынан кызыл жаян кан атып, төрт туягы тыбырчылап, бир туруп, кайра жыгылып жатканына каарын чачып карап, моокумдан кана ырылдап тура берет да, анан болгону булоолонгон ысык кандан аптыга жалапжалап алып басып кетет. Кан эңсеген ачтыктан эмес, эч басылбай кан кайнаткан өткөндөн калган өксүгү үчүн ушинтет.
Күндөр кайрылбай кетти, кар менен мөңгү жамынган аскар тоолор гана түбөлүк турчу ордунда турат, андагы аба ырайы да алмашты, а бирок сыртынан эч нерсеси өзгөрбөгөн, бул аймактын падышасы болуп келген Жаабарс гана жалгыз каңгып жүрө берди. Анан мурда такыр болбогон деми кысылган күндөр көбөйдү...
Тагдыр анын акырындан чабытын ала баштады. Ошондон улам ал азыр эликтердин суу ичер жеринде Кудай деп оңутун күтүп отурат, анткендиги чабыт эске түшкөнгө чейин эле деми кысылмайы кармап, төрт аягын бууп салган. Болбосо баштагыдай кылмак, каны каткан кийиктер сууну кана ичкенче күтүп, анан алардын чаңкоосу басылып, магдырай түшкөн кез болот, ошону билип, аларың дене жыйганча чабуулга чагылгандай өтмөй оң. Бул азыр кыял болуп турган кез. Кээде аларың сен күткөндөй болот, кээде башка жактан чаңкоо кандырмакка кетип калышат. Андай учурларда алардын артынан жыт алдырбай аңдып, жыландай жылып жакындап, илерге көзү жеткенде гана ок болуп атыл, андан аркысы буйруктун иши.
Бул мертебе Жаабарстын денекул кылмак тагдырга таарына турган жолу жок. Башкалар басып баралгыс шаңкайган тоонун бүр чөбү менен сан түркүн бадалдын миң түркүн ашын тандап оттогон аркар-кулжалар букма жайда бугуп жаткан Жаабарстын түз өзүн беттеп, теребелден темененин көзүнчөлүк шек санабай келе жатышты. Алар анын бар-жогун алыс жактан эстебей, жакын жерден кол саларын эч сезбей, ичмеликке бейкапар тизиле калышып, жайбаракат суу ичүүгө киришти.
Жерге житкен ок болуп, башкага түгүл өзүнө өзү жок болуп, букмада бугуп жатты. Канынан кашкөйлүк али кетелек, ар кыймылды карегинен өткөрүп, кылтактап-талдап отуру. Баары жайында, жазмышы жана бир жазуусун чийген өңдөндү, эми күтүү гана керек. А бирок жер солкулдата демиккени, ага кошулуп көкүрөгүнүн кырылдаганы кыр аша кетип жаткандай болду. Карылыкпы, ашууларда жулунган суук аларын алган окшойт. Аны буктурмада ушул кыйнады.
Келтирери кезин келтирди, четирээк турган үйүр баштоочусу, шаа мүйүз кулжаны көзгө илешпей эки секирип жетип, жонунан апчып жыгарда дем кысылмасы каргаша болду. Жетерин жетип, тырмактары апчуур болуп ачылып, бүт тулкусун кол күчүнө салып чабарда тигил андан ыкчамдык кылып ойт берип кетти, кара жерди жара чаап, казанбак башын ташка уруп жатып калды. Ылдамдык ылдамдыктан утулду. Дем жетпей калды. Кыжырланган Жаабарс ордунан шарт туруп кайрадан ага секирди, дагы да тигини шамдагайлык куткарып кетти. Аркар-кулжалар жер көчүрө жүрүп беришти...
Артынан жебедей сайыла түшүп, жеткенин желкеден алып жыгылса болмок. Ошентти, ызанын күчү дем берип жетеринде муунткан ачуу аны ого бетер демиктирип, Жаабарстын күчөнгөнүнө карабай алкымын кысып жиберди. Мындай мүңкүрөткөн мүшкүл иш анын башына алгач ирет мына ушунтип түштү, ызалыктан улам боору таш тагдырдын алкымын аткып бир чайнап, боорун эзип, өтүн ичип жибергиси келди. Андан өткөн, Кудай башка салбаган өксүктү жанагы үйүр баштагыч көргөздү. Алыстай барып артка бурулду да, ага айбат көрсөтүп, мүйүз кезеп, туягы менен жер чапчып сес көрсөтүп, анан кайрылбай кетти, баарынан да ушунуку өттү. Жырткычтын ырыскысы бутунда деген чын экен, бут эми басканга гана жарап калабы?.. Мурда деле мындай майда оңунан чыкпоолор болчу, бирок анда курчтук менен пайын келтирүүдөн кетирчү. А мында... Жараткандын бергенин тагдыр алган экен.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.