ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Өзүнөн өзүн жоготкон Жаабарс сабыры суз, ааламда жалгыз калгансып, курчу качкан көздөрү менен эки жагын жалдырай карап, жерге батырбаган демиккенин басалбай, башы оогон жакка каңгып баратты...
Гүлдүйнөсү күбүлүп бүткөн экен. Негедир ал ушу азыр мурдагы жантүгөйүн, аны менен акыркы жолу үйүгүшө чагышканындагыдай күндүн ага күлүмсүрөгөнүндөй нурун, шаркыратмалар менен токойлордун бир керемет сыр каткан доошун, гүлдүйнө күүсүн, ургаачы барсынын мурда эч качан болбогон ыракат жыргалына баткандагы үнүн угууну көкүрөгү ачыша энседи. Бирок дүйнө кереңдей тунжурап турду...
Каңырыгы түтөгөн Жаабарс – аскар тоолордун кезмети бүткөн падышасы, кайда барарын билбей каңгып барат. Жанга баткан жалгыздык акыры бир өмүрдүн соңуна чыгарарын сезип, күнү бүтүп, түнү түшкөн бир кезди күтүп, асканын коңулунан өзүнө жатар жай издеп барат. Ошентип барат, ошол үчүн анын өмүр-күнүнүн соңундагы ажырыктын тамырындай чиеленишкен тагдырын тукуму бир жырткычтар эмес, адам баласы тең бөлүшөрүн ал таптакыр билген эмес. Ооба, Жаабарсты адамдар көргөндүр, ал аларды көргөн эмес, кээ-кээде тынч тоолорду жаңырта ок атуулар чыкканда адамдардын келгени деп түшүнчү, тарса-турстан кулагы тунуп, алардан желе-жортуп алыс кетүүгө шашылчу. Ошол үчүн ошол күндөн ушул күн ал адамды көргөн эмес.
Жаралганда Жараткан маңдайга эмне жазса жан аттуунун бардыгы ошону көрөт экен, ал акыры адам менен кез келди.
II
Кээде кайсы бир окуянын болоор жери, өтөөр сааты, анан калса башкысы ага катышкан адамдын тагдыр-турмушун ойдо туйбас окуяга арга жок жерден мөгдүрөтө багынткан жагдайлары боюнча да биринен бири ажырабас окуялар болот, анын сыры, жандырмагы табылгыс бойдон кала берет. Бул жолу да дал ошондой обол-мурун ойго илинбеген иш болду. Болору анын санаасында да жок эле. Дилкыйноого салган бул абал акыры акыйкаттын жеңиши менен аяктайт деп ойлогон. Ооба, акыйкат дегендин өлүшү мүмкүн эмес да. Ошондуктан жүрөгүң согуп, тамырың кагып турганда сен ошо акыйкаттык үчүн жашай бил да, сен ошо акыйкаттыкты корго, анткени сени Жараткан жарык дүйнөгө ошол үчүн жараткан. Ушундай, а бирок ошо акыйкаттык деген эмне? Ал өзү кандай? Кептин баары мына ушунда жатыры.
Жума күндөн ишембиге караган түнкү турмуш агымы негедир бүгүн демейдегиден эрте башталды. Арсен Саманчин каш карая баштаган маалда адатынча ресторанга келди да, жанына жагым тартуулаган көнгөн орунуна отуруп, ич жылытар бирдемелерге заказ кылды, анан адатынча маашырлана тамекинин ыракатына кирген жок. Ооба, ал ушу пайдасынан зыяны ашкан чылымды биротоло таштаганы турат. Ошол үчүн өзү менен өзү күрөшүп, өзүнүн эркин өзү сынап отуру. Анткен менен тагдырына бириккен тамекинин кумары анын темирдей эркин талкалап, чылым чегип жаткандагы магдыраткан жанжыргал абалды кайра-кайра эс эңшерип эңсеттире берди. Анын үстүнө бир нерсени көз тешилте зарыга күткөн учурда, көңүлүң чөгүп, көкүрөк күйгөн кезеңде ар дайыма ушундай абал өзүңдөн өзүңдү азгырары айкын иш. Азыр да ошентип туру. Көз байланар маал эле, сырт тарапты карады да, көчөдөгү жарык шамдар жымыңдап, бу калаанын кан жрлу менен суудай аккан автомашиналардын жарыгы анын карегинде бирде күйүп, бирде жалп өчүп жатты.
Азырынча бу ресторандын казаны чындап кайнай элек. Жарым-жартылайы бош, болбосо кези келип, сааты чыккан мезгилде эл дегениң батпай чыгат. Дайыма ушундай, буга таң кала турган себеп жок. Жарп жазыша баарлашып, эл шаңында эс алууну каалагандар дал ушул жерге, Эмен сейилбагынын чет жагындагы ханзададан кадырлуу, акчага бай адамдар гана бара алчу, кийин эле мынабу 90-жылдары мурдагы офицерлер үйү аталган жайды Евростилге салып, кайрадан кирген чыккыс кылып оңдоп-түзөп, көз жоосун алгыдай жасалгалаган, анан да геосаясый мааниде өтө айырмаланган «Евразия» аталыш берилген, эң кымбат ресторанга бет алышчу.
Ал мына ушул жерде өзүнүн жылдызы жанар бир кезин күтүп отурат. Аны сыртынан сынай карагандар буга эмне болгон, дайыма келет, келгенде да жалгыз, жан адамга жарыгын чачпай, жылдызын ачпай келет да, кетет деп ойлошор. Кокус ал байлык үчүн эмне болсоң ошо бол деп башынан аша тобокелдикке барып, анан ошо кумар-оттун айынан бүт баарынан айрылып сормо саздан чыгалбай, жан айласын табалбай сыздап отурган, келкели кеткен ишкер болсо анда муну көргөндөр жүлүнү сыздап, жүрөгү ыйлап турганда арманды арак басат деп калган жан тура деп коюшмак. Жо-ок, анын тагдыры таптакыр башка адам эле, жакын досторун күтүп отургандай түр көрсөтүп, кун жетпес кымбат шараптан кайра-кайра кылт эттирип коюп отурган. Дилкөөнүндө күйгөн бир арманга ал каяктан минтип байланып калганын өзү деле анчалык жакшы билчү эмес. Ооба, ар качандан бир качан ала жүргөн кол сумкасынан кандайдыр бир кагаздарды алып чыгып, убакытты бекер өткөрбөгөн адамдарча аларды караган болуп, алдындагы шараптан ууртап коюп, бу жерден күндө жаңырган музыканы тыңдаган тейде көрүнүп, а чынында ал өзү жер көтөрүп, тоо чыдагыс тобокелге көзүн жуумп арга жок бармак болгонун ичинен түтөп түшүндү, а бирок анын алдында мындан башка жол жок калганын, дилиндеги гүлдөй үмүт-күтүүсү күбүлүп бүткөнүн сезип, соңку жолу багын сынап, жазмыш жазганын эртелеп көрмөк болуп туру. Антпесе ал эңсеген бакыттын келмейи кайдан, андыктан ага тартынбай жакын барып, оюнда от болгон сөздөрүн айтыш кажет. Ал ага кандай мамиле кылар экен? Анын үстүнө билгендер аны өлкөнүн ырчы жылдыздарынын чолпону аташат, болсун деген менен алар бири-биринин ким экенин жакшы билишет. Ошондуктан азыр ага ыңгайды гана өткөрүп жибербөө керек, дагы бир жолу таалайы жанар кез болуп, жанагыл өзүнүн акыйкаттык дегенин сактап калар мүмкүндүк турат. Кашайгырды карасаң, дагы эле баягыл акыйкаттыгын кармайт. Мунусун качан токтотот? Эми эмне болот? Ал азыр аны кандай кабыл алат, жүрөгүнө жетер жылуу сөз айтабы же,.. айтор, алдын-ала болжолдоп айтуу кыйын. Далай мезгил көөнүндө күйүп от болуп, ишеним-тагдыры болгон, тамчы сууга зар кылган эрме чөлдө азапка батып өлөсүң десе да жүрөгүнүн кагуусуна айланган ал ойлорунан баш тарткан эмес. А заман кыяматы таптакыр башка. Кыз кыялындай романтика дегенди да бу жашоонун чындыгы жокко чыгарып салган. Мунун болсо аны менен иши жок, ошол учкул кыялды тарамыштай тырыша кармап, ошо менен жашап, ошо менен өмүр сүрүп келет. Акыркы үлгүдө күзгүдөй салынган жол менен карегиңди күйгүзүп, көз отуңа илинбей учкан, баасына башың сайылса да жеткис чет элдик жеңил машиналарга жанталаша кол көтөрүп, а бирок анысынан айла табалбай турган бу кеңкелести ушу азыр аларың адам экен деп карап коёр түрү жоктой. Ошентсе да, дагы бир жолу тобокелге ишенди. Ушундан улам ал эринбей эрте камынып, ресторан ырчысынын көзүнө түз көрүнүп тургудай, аны менен маңдай-тескей жерди атайы тандап алды. Көз учура көздөгөнү ушул эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.