ТООЛОР КУЛАГАНДА

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

ТООЛОР КУЛАГАНДА

Райаким Жанышбаев көңүлү толуп кетти. Бектур ага баарын ойлоптур. Аким жергиликтүү мамлекеттик администрациянын атынан меймандарды тосуп алат, куттуктайт, тартуу, белек-бечкек тапшыруу иштин жүрүшүндө билинет. Айтор, алакандай Туюк-Жар ааламдын бир бурчунан бир бурчуна таанылмай болду.

Алар райакимди түн түрө узатып чыгышты, Жанышбаевдин жөнөкөйлүгү, өз кишидей жүргөнү жакты. Ошондон уламбы андагылар акимди кучакташып, кайра-кайра кол кысышып узатышты. Жакшы киши экен:

– Чай ичтик, сүйлөштүк, акылдаштык. Аябай жакшы болду, санаам тынч, көңүлүм жайында. Камылга жакшы экен, «Жаабарс планы» өзүнчө эле стратегиялык план экен. Бектур аксакал, сизге ыракмат, ийгилик болсун, аэропорттон жолугушканга чейин эсен болуңуздар, –  деп коштошту.

Арсен Саманчин айылдаштарынын ачык маанай кең пейилдүүлүгүнө ыраазы болду. Ошол эле учурда бизнестин максатын билген, нефтини суудай көрбөгөн миллиардчылардын марттыгынан да бир нерсе үмүт кылып жатышканын байкады. Бүт бардыгы, жетекчилик да бул ишке өздөрүнүн тиешеси бар экенин билдиришти. Жашоо ыңгайы, турмуш шарты ушундай болсо эл кызыл кар жааган күн келерин күтмөкпү. Бул жагына мейли го, таңгалтканы Таштанафган. Жанагы кежир, акыр заманды азыр эле апкелем деген афганчы жок, сылык-сыпаа. Ишке кызыгы кызылынан түшүп, ой-пикири орундуу, айткан-дегендеринен кыянаттык иштин кылдай жиги билинбейт, бир алаамат салбас бекен деп шекшүүгө да себеп бербейт. Кызыталак, бул жагынан кыйын окшойт, же ал дил тозогунан кутулган, балээни баштайм дегенинен баш тарткан өңдөнөт. Түшкө чейин кызыл кыргын саламын деп оолуккан, түштөн кийин, анан кечте башкача болгон бул оёндун оюнун кандайча түшүнсө болот? Кудай өзү колдосун, ишибиз ийги, оң болсун деди Арсен Саманчин ичинен. Ошентсе да буй түшкөн көңүл-туйгусунун айынан ошол ишти тактап сурагысы, болорун, же болбосун билгиси келди, а бирок антүүгө ыңгай келген жок. Анын үстүнө эс-көөнүнөн Элес кетпей туруп алды, эмне болуп жатты экен, эмне кылып турду экен деп санаасы тынчыбай койду. Бир туруп ага телефон чалгысы келди, а бирок Таштанафган кеткени жатат, ошону менен бир сүйлөшүп, жанагы жанды кейиткен ишти дагы бир тактагысы келди. Таштанафган тигине, атын мингени туру, жете барды:

– Токтой турчу, –  деди ага. – Аскер шапкеңди кандай кыласың? Киесиңби?

– Коркпогун. Бардыгы ойдогудай болот.

– Ойдогудай? Аның кандай?

– Мен сага коркпо деп айтпадымбы! Эмне, түшүнбөй турасыңбы? Мен кеттим, шашып жатамын.

Таштанафгандын кайпытып айткан табышмак сөзүнүн кайсы учугун кармаарын билбеген Арсен Саманчин азыткыдай арсар ой менен алышып жалгыз калды. Бу Кудайдын арканын үзгөн макоопезди кандай түшүнсө болот? Азыр эле дилиндеги күнөөсүн мойнуна алып, көк алдында чөгөлөп, жаман оюнан кайткандай көрүнүп, бүт баарын сөзү менен ишендирбеди беле?! Мына ачып көздү жумганча башка, жанагыл сылык-сыпаалыктын бири жок, сүйлөшкүсү да келбейт, өзү түгүл үнү да, сөзү да өзгөргөн. Балким, көптөн бери ойлоп жүргөн планынан кайтыш ага оңойго турбагандыр түшүнүш керек. Эмне болсо да ойлонуп, аңчылык-бизнес жагынан Жаабарс баатыр болсун. Эсине келер, Кудай бар эмеспи. Айтор, ага кыйын болду, тилсиз түндө тигиге түшүнө албай, бир ынанып, бир айнып, нес киши болуп турду. Базар экономикасы деген мамиленин иши экен, керек дегенди кезинде жасап калбасаң, анда аны башкалар баштап жиберет. Аңчылык-бизнес деле ошондой, бардык жерде базарга кирип, өзүн өзү көрсөтүп жатат. Турмуш-жашоо ошого байланган, ошол үчүн ага жанталашып кызмат кылышууда. Экология дегендин көзүн бизнес дегени тазалап салды, азыр табият кырсыгы деген сөз жок. Айтор, базар экономикасы адамдардын акылы менен дилин, адеби менен ыйманын да басып алды. Мындан бир аз эле мурда шеф Бектурдун өзү аларга бир кызык окуяны баяндап берди. Айылдаш эле адамы экен, иш-жайын сурап, кенен сүйлөшөйүн деп келиптир. Анан мөңгү барстарын айтып отуруп, бул майда, түбөлүктүү нерсе эмес, андан көрү тоолордогу карды, мөңгүнү сатуу керек дейт. Муну уккан Бектур таң калат, а тигил болсо, дүйнөдө баары сатылат, сатылып алынат. Тоолордогу карлар бул биздин өзөндөрдөгү суулар. Бүт Орто Азия аймагы биздин мөңгүлөрдүн эсебинен жашап жатат. Тоолор биздики, андагы карлар менен мөңгүлөр да биздики. Түздүктөгү суулар асмандан түшө калган жок да. Бизден топтолуп, бизден агып жатпайбы, суу биздики. Ошондуктан суу үчүн акы төлөөнү башкалардан талап кылышыбыз керек. Эмне үчүн мунайзат, газ, дагы эмне, башка энергия дегендер сатылат, болгондо да кымбат баада сатылат, жеңилдик да берилбейт. Ал эми биз болсо сууларыбызды бекер берип жатабыз, суусуз талаа-чөлдө жашоо жок, аны тигил пайдаланып жаткандар абдан жакшы билишет, билип туруп бизге ыракмат да айтышпайт. Түздүктөрдө жашагандар бизди тоолуктарды адам катары көрүшпөйт. Ошондуктан биз аларга суу сатабыз, барстардын артынан кубалап жүрөбүзбү, ал бир күнү жоголот. А суу, мөңгү, кар түгөнбөйт. «Мерген» фирмасы аңчылыкты эле эмес, сууну да өздөштүрсүн, суу сатсын деп, ойго келбес идеяны айтат. Айтор, алар ары кетип, бери кетип жатышып тил табышат, Кудайдын элге бергенин жайына коймой болушат. Бирок идеяда базардын жыты бар экен, андай болсо кызык эле иш болмок.

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.