ТООЛОР КУЛАГАНДА
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
Тамашага жыргап күлүштү. Андан соң иш боюнча сөз жүрдү.
Аким өзү сүйлөп жатты. Анын айтымына караганда араб байлары тоо бүркүттөрү менен шумкарларын жанындай жакшы көрүшөт, ошондуктан Үзөңгүлөштүн алгыр куштарын Кудай деп алып кетишет. Ушундай болгон соң белек тартуулоо аземин ойдогудай уюштуруу керектигин айтты. Ошо салтанатта томоголонгон бүркүттү таш кол кап кийген меймандын колуна колдон берет. Антпесең бүркүт чочуп кетсе, же бөтөн кол экенин туйса, сөзсүз, мыкчыйт, анда эле иштин бүткөнү, арабың өлүп-тирилип, Коконго чейин кокуйлайт. Айтор, тартуу өз жолу менен болору айтылды, бирок ал качан болгону ылайык, меймандар Туюк-Жарга келгендеби, же кетер кездеби? Ошондо Таштанафган сөзгө кошулду. Ханзадалар өздөрү самаган иштен алагды болбошу керек, алгыр куштарды аларды узатар аземде өзгөчөлөнтүп берген жакшы, салтка да туура келет деди. Мындагы аркы-беркини көргөн нускалуу аксакалдар да ошону туура көрүштү. Райаким Жанышбаев өзүнүн ойлоруна да, бу жердегилердин сөздөрүнө да ыраазы болуп турган, Таштанафган ошону туйдубу, же пикири колдоо тапканына талпынып кеттиби, айтор, куш тартуулоону салт боюнча жасоо керек, мындай учурда бакшылар болушу кажет, алардын бири аңчылыкка тиешелүү дубаларды айтышы кажет деди.
– Андай бакшылар бизде бар, бийлешет, зикир чалышат, бүркүттөр жөнүндө дуба окушат. Мына Арсендин өзү турбайбы, тигилерге бүт баарын которуп берет, алар бүркүт жөнүндөгү дубага кызыгышат. Айтор, алар менен алдын-ала сүйлөшүп, өйдө-төмөнүн түшүнүп алган да оң.
– Макул, макул, аны көрөмүн, – деди Арсен Саманчин анча-мынча жактырбаган маанайда. Чыны Таштанафган эмне болуп жатканын түшүнгөн да жок. «Айнып калдыбы, же жанагы жөнүндө дагы бир нерсе таап жатабы? Анда бардыгы болот» – деди ичинен. А Таштанафган дагы эле жанагыл бакшылар жөнүндө айтып жатты:
– Бизде, Корчубек Алтаевич, тамашаны угуңуз, бир мыкты бакшы бар. Сиз, Бектур ага, Шамалбашты билесиз да, Арсен деле уккан болушу керек, андай бакшы башка жакта жок. Бир берилсе токтолбойт, укмуш ойнойт, эч токтобойт. Зикир чалганы укмуш, бийлейт, секирет, кыйкырат, бирөөлөрдү чакырат, айтор, шумдук.
Көзүңөр көрбөй турабы,
Тоолор урап жатканын.
Көзүңөр көрбөй турабы,
Бактар кулап жатканын.
Көзүңөр көрбөй турабы,
Суу тескери акканын.
Бу дүйнөнү мен билем,
Малдай айдайм баарыңды,
Короого койдой киргизем.
Касиетим ушундай,
Жыгылгыла бутума.
Шамалбаш бакшы мен болом,
Өзгөртүп баарын мен коём!
Айтор, ушундай! – дегенде баары күлүп калышты.
– Ошол Шамалбашты меймандарга көрсөтсөк болобу?
– Жок, – деди шеф Бектур ошо замат. Жакын жолотпош керек! Шамалбаш айкырыпкыйкырып жиндерин чакырат, калчылдап-титиреп, алкынып-жулкунуп, көзү-башын акшыңдатып өлүп кайра тирилет. Анын баарын тигилерге которуп отуруунун кереги барбы? Башаламан болот го?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.