АБЫЛАЙ ЖЕТИМ

ТУРМУШТУК ЖОМОКТОР

АБЫЛАЙ ЖЕТИМ

 

 

Илгери-илгери өткөн заманда бир кемпир чалы өлүп, эки жашар уулу менен жесир калат. Баласы экөө эптеп күн көрүп, баласы чоңоюп он экиге чыгат.

Күндөрдүн биринде баласы энесинен:

– Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби? – дейт.

– Кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен.

Бала энесинин жообуна катуу ичи күйсө да, экинчи атасын көрө албай турганына көзү жетип:

– Эне, менин атам эмне кесип кылчу эле?

– Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармачу.

– Анда атамдын торун мага бериңиз, мен да куш кармап, мүнүшкөрлөргө сатып, көп алтын табайын.

Энеси макул болуп, баласын тоого жиберет. Бала карга кармап алып үйүнө сүйүнүп келет.

– Бул куш эмес, балам, куш кармоо азыр сенин колуңан келбейт го? – дейт энеси.

– Андан башка атам дагы эмне кылчу эле?

– Дарыядан балык кармачу.

Кемпир чалынын торун балага берип, ага балык кармаганды үйрөткөнү баласы менен кошо дарыяга келет. Дарыя балыкка бай экен. Алар көп олжо менен үйлөрүнө келишет. Бала күндө балык кармап базарга сатып, үй-оокаттарын оңдоп, дасыккан балыкчы болот.

Күндөрдүн биринде бала дагы көп балык кармап келип, энеси сүйүнүп балыктарды көрүп жатса, арасында эң кооз бир балык жүрүптүр. Балыкты ала коюп чакадагы сууга салса, балыкка жан кирип сууга ойной баштайт.

– Абылай балам, бул укмуш алтын балык биздин багыбызга торго түшкөн экен, муну ханга тартуу кылсак чоң олжого батабыз, – дейт энеси.

Айткандай эле эртеси бала айнек кумарага суу куюп, балыкты салып ханга тартуу кылат. Хан вазири экөө тең катуу кубанып, балага жүз дилде берип жөнөтөт. Абылай өмүрү мынча дилдени тапмак тургай, көргөн да эмес. Ал аябай сүйүнүп энесине келет. Алар базарга барып көп буюм, мал сатып алышат. Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары Абылайдын төрүнөн кетпес болот.

Арадан көп өтпөй эле хандын вазири алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт экен. Балыктын түгөйүн табыш керек, ал ошол гана баланын колунан келет дейт.

Хан вазиринин тилинен чыкпай, Абылай жетимди чакыртат. Хан канчалык адилеттүү болсо да анын вазири каардуу, баш кесер кара мүртөз эле. Ошентип балага бир ай мөөнөт берет.

– Эгер таап келе албасаң башың алынат, – дейт.

Бала аргасыз макул болуп, болгон окуяны энесине айтып келет. Эртеси энеси экөө тобокелдикке салып дарыяга чыгышат. Акыры айтылган мөөнөтү бүтүп, бала саргайып өңдөн азып, хандын алдына барчу таң да атат. Акыры үмүтүн үзбөй торун көтөрсө алтын балыктын элеси көрүнөт. Баланын кубарган түсү, алактаган жүрөгү ордуна келет. Ошентип ал балыкты ханга тартууга берип, бала эки жүз дилде алып үйүнө кайтат.

Күндөрдүн биринде ханды баягы вазири:

– Ханым, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумаранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Алтын-Көл чыгыш тарапта перилердин колунда болот деп уккам. Чоңдугу тай казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Бул кереметтүү көлдү эч уста жасай албайт, барып алып келүү Абылай жетимдин гана колунан келет, – дейт вазири.

Ушул эле дөөлөт жетет, жөн нерсеге бирөөнүн жетимин кыйнаганда эмне чыкмак эле, тим эле койгонубуз оң деген хандын сөзүнө макул болбой, вазири акыры ханды макул кылат.

Ошентип алар Абылай жетимди чакыртышып, бир жыл сүлүк берип, Алтын-Көлгө жөнөтүшөт. Ал дагы энесине акылга келет. Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын түгөл айтып, батасын берип, уулун Алтын-Көлгө жөнөтөт.

Туура алты ай жол жүрөт. Жолунан нечен укмуш жырткычтар, жылан, бөйөн-чаян кезигет. Жырткычтар Абылайдын жолун бөгөп, өтө албай турганда бир ак сакалчан карыя пайда болот. Ал жетим саламдашып андан болгон окуяны угат. Карыя балага боору ооруп, колундагы сыйкырдуу таягын берет.

– Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды. Мелтиреген талаада бир гана жашыл дөбө кезигет, жанында шаркырап аккан булак бар, ошол дөбө перилердин жыйын курчу жайы, айына бир гана келишет. Сен ошол дөбөдөн чуңкур казып алып жатсаң, а дегенде көгүчкөн болуп учуп келишет, жерге түшсө адам сөөлөттүү болот. Ошондо бирин эптеп жакадан алып кармап алсаң эле болду, жогуңду табасың. Эгер кармай албай көрүнүп калсаң, анда дагы бир жыл күтөсүң,– деп болгонун айтып карыя көздөн кайым болот.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.