СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК

Зинакан Пасаңова

СЕН ЭМГЕН ЭМЧЕК

 

(аңгеме)

Ноябрдын он бешинде бейшембиден жума күнгө оогон түнү сени эмчектен чыгардым, уулум. Ушул түнү атаңа бөлөк төшөк салып берип, өзүңдү койнума алып жаттым. Балалык турмушуңдагы эң таттуу жыргалың болгон эненин ак сүтүнөн ажырардын алдында кумарың канганча ээмп алсын дедим. Баламды акыркы жолу эмизип жатам деген ойдон өзүмдүн каңырыгым түтөп, ыйлагым келип турду. Бирок, эне баланын өмүрүндөгү бул жоготууга биз дагы баш ийишибиз керек.

 

Сенин эмчектен чыга турган маалың келди, уулум. Бир жарым жаштан өтүп, алдыма алып отуруп эмизгенге ылайык келбей торолуп калдың, Көргөндөргө да өөн учурайбы: «Эмдигиче эмизесиңби?!» — деп чочуп кетишет. Сенин гана эмчектен көңүлүң калбады. Чоңойгон сайын «Ма?» деп көкүрөгүмө көбүрөөк жабышчу болдуң «Ма» деп эмгиң келгенде айтчысуң.

 

Сенин эмчек эмишиң не деген сулуулук эле! Жамгыр жууган карагаттай кирсиз капкара көздөрүң мени сүйсүнө тиктеп, быйтыйган колдоруң менен көкүрөгүмдү сылагылап, узакка мээрлене соргонду жакшы көрчүсүң. Ушул маалда наристе жытыңа тоюп, балапандыкындай кичинекей жүрөгүңдүн түрсүл какканына, сүт эриңдериңдин назиктигине ичим элжиреп, энелик бактыма мас болуп турчумун. Кымындай денең жыпжылуу болуп боорума кысылып, кичинекей толмоч буттарыңды тыбыратып, алып түнкүсүн да ээмп чыгасың.

 

Оозуңа толо түшүп жаткан ак сүтүм аркылуу сага жашоо азыгын, балалык ырахат, жылуулук тартуулай турган энелик касиетим үчүн төбөм көккө жете түшөт. Эне балага бала энеге бере ала турган бул кудуреттүү сезимди баштан өткөргөн гана билер.

 

Уулум, сен төрөлгөндө да апаңды эң биринчи эмчек сүтүнөн тааныгансың. Экөөбүздү табыштырган ошол улуу мүнөттөр ачуусу, таттуусу аралаш жүрөгүмө терең батып калган.

 

Сени узакка толготтум балам. Отуз омурткамды сыздатып, жан терге салган ачуу толгоо күндүзү чак түштө башталып таң атаарга чейин созулду. Мени төрөтөм деп түнү бою шайы оогон акушерка аял: «Өзүң аман калсаң болду» деп көздөрү чачырай баштады. Операцияга түк ынабадым. Балам жарык дүйнөгө өз жолу менен келсин дедим. Сөөктөрүмдү улам быркыратып ажыратып, кайра мыкчып жууруп жаткандай жан чыдагыс оорудан кыйналганда жашоодон аша кечким келип турду. Бирок, илингеним сен болдуң. Денемде түйүлгөндөн баштап энелик сезимим бүчүр ачкан тогуз айдын ичинде өзүң жөнүндө тынымсыз кабарлап, белги берип, менин бүткүл ой-санаамды ээлеп, төрөлөр күнүңдү күттүрүп, ага даярдап келсең анан канткенде ара жолго калтырайын. Мен ушул чексиздей сезилген оор сааттарда өзүмдүн гана эмес, эки адамдын өмүрү, төрөлө турган баламдын жаны, соолугу үчүн күрөшүп жаттым.

 

Мага кубат берип, колдоп турган дагы бир нерсе болду. Төрөт залдын терезесинен көрүнбөсө да сырткы дүйнөдө мен сүйгөн өрүк гүлдөрү бажырайышып сүйүнчү күтүп жатышкансыды. Апаппак болуп текши гүлдөгөн өрүктөрдү кечээ мен «тез жардам» машинесинде төрөтканага келатканда көргөн элем. Ошто өрүктөр гүл ачып калыптыр. Бул мага өтө жагымдуу жанылык болду.

Акыркы күндөрү оордошуп, үйдөн чыгалбай жүрүп жаздын келгенин да байкабапмын. «Тез жардам» менен шаардын четки көчөлөрүн аралап баратканыбызда өрүк гүлдөрүнө көздөрүм тойбой сонуркап тиктеп, көңүлүм көтөрүлө түшкөн. Булутсуз көпкөк асмандан жаадырап тийген күндүн таза нурлары аларды өзгөчө аппак нурга боеп туруптур. Бул сулуулук мага жакшылыктын жышаанындай туюлду. Кыйналбай көз жарып алат экенмин деп жорудум. Кыз болсо атын «Жазгүл» коем деп ниет кылдым. Жанымда үн-сөзсүз санааркап келаткан атаң менен бул ички туюмумду бөлүшкүм келген жок. Мен үчүн өтө аеолуу терең сыр катары көңүлүмдүн түпкүрүнө катып койдум.

 

Төрөтканага жеткенибизде эшиктен кирерден мурун өрүк гүлдөрүнө дагы бир саамга бурулуп тиктеп алдым. Алар мага көзү өтүп кеткен апамды жоктоп жалгызсыраган сезимиме ортоктош болушуп, агынан жарылган аппак тилектери менен муңайып узатып жаткансыды. Эреркеп кеттимби, көздөрүм жашка толо түшүптүр. Каректериме орноп калган аппак гүлдөр төрөт маалында нечен жолу көз алдыма тартылып, үмүттүн ак жоолугун булгалап турду. Мен аларды кайрадан көрүүгө кумарландым. Кийин ойлосом бул жашоонун чакырыгы, сенин периштең болгон экен. Ошентип, мага өзүм өзгөчө жакшы көргөн маалда, өрүктөр гүл ачкан апрель айынын башында эне болуу бактысы буюруптур.

22.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.