Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа
Мамат САБЫРОВ
Айылдан карындашым келгенде мен япон жазуучусу Тэцуо Миура менен «ооруп» жүргөн кезим болчу. Айрыкча «Кызыл юбка» аттуу аңгемесин кайра-кайра кайталап окугандан тажачу эмесмин. Окуган сайын кабыргам кайышып, көзүмөн жаш кылгырат. Анан ошол маалда кудум Хидэдей болуп карындашым келип калып атпайбы.
Келерден үч күн мурда апам телефон чалды.
– Пул бере алган жокпуз, – деди улутунуп. – Мен жылдагыдай эмесмин, кышы менен ооруп чыктым. Жалгыз атаңдын тапканы жегенибизден ашпайтат. Пешенеси ачылса өтүп, окуп калар. Өтпөсө дароо кайра жөнөтвер. Күнүгө жуучу келеверип шаштирди. Кыз бала окуп, министр боловеле. Лайыктуу жер чыкса берверевиз. Атистат алар замат эле берейли десек жок, окууга барам деп делгирип калды. Майли эми, барса барып, шаар көрүп келсин.
* * *
Бул кабар мени кадимкидей санаага батырып, түйшүккө салды. Иш издеп шаарга келгенден бери мен Төкөлдөштө, бир татар кемпирдин чоңураак кишинин көчүгү айланбаган «ит кепесинде» жашачумун. Ал кемпирди «Кыргызстан» мейманканасынын чыгыш жак капталындагы кулактандыруулар илинчү досканын жанынан жолуктуруп калгам. Күнүгө бир маал котологон кишилер менен кошо мен да күтүп туруп, жарнама тактага илинген жаңы кулактандырууларды карап келчүмүн. Кулактандыруулар күнүгө он-он бир ченде илинет. Үймөлөктөгөн кишилер даректерди шаша-буша жазып алышат да кээ бирлери автобуска отуруп, кээ бирөөлөрү болсо такси менен издеп жөнөшөт. Мен да ошондой даректердин он чактысына барып көрдүм. Бирок таң калыштуусу – элдин алды болуп мен келдим го деп барсаң сенден мурдараак бирөө жеткен же эчак кирип, жашап аткан болот. Кийин билсем, шылуундар даректерди тааныштары аркылуу машинкага басылып атканда эле билип алышат экен. Ошондуктан, кийин мен эч жакка барып убара болбой батир берүүчүлөр ушул жерге келишин күтчү болдум. Ал күнү да күтүп тургам. Менден арыраакта үстүнө майда гүлдөрү бар көгүш көйнөк кийген кемпир ар кимди карап коюп турган. Жанына барып: «Квартира бербейсизби?» – деп сурамакчы болдум эле бирок сурагандардын бир-экөөнө баш чайкап койгонунан барган жокмун.
Бир маалда кемпир менин жаныма басып келип, башкалар укпасын дегендей акырын шыбырады:
– Балам, сага квартира керекпи?
– Керек. Каерде квартираңыз?
– Төкөлдөштө.
Квартира табылганына сүйүнүп кеткеним менен дарегин укканда ойлоно түштүм. Төкөлдөш чоочун киши ээн-эркин баса албаган криминалдуу район эсептелчү.
– Жүрү, үйдү барып көрөсүңбү?
Барганга бутум тартпады. Бирок не бар, не жок деп дарегин жазып калдым.
– Сөзсүз бар, ээ? – деди кемпир жалдырагандай үн менен. – Мен чарчадым, балам.
Дагы бир жумадай жарнама тактанын жанында туруп, квартира таппаган соң татар кемпир берген дарек боюнча Төкөлдөштөгү батирди издеп жөнөдүм. Назира апай ижарага бермекчи болгон квартира узуну да, туурасы да үч метрдей келген, кичинекей терезеси бар жапыз бөлмө экен. Асты полдонбогон, ар кайсыл жерин желе басып, дубалынын бурч-бурчун жөргөмүш желелеген бөлмөгө эки адамдык керебет коюп коюшуптур. Кыязы, бул мурда отун же буюм-тайым сакталган кампа болгон окшойт. Бирок канча күндөн бери квартира издеп тажаганыман ушунусуна да шүгүр деп жашап калдым. Анан калса, башка жактан мындай арзан (айына 15 сом) квартира табыш кыйын. Ишке орношуп, акча таба баштасам түзүгүрөөк квартирага чыгып кетермин деп ойлодум.
* * *
Үйдүн ээси Равиль аттуу татарга эмес, кавказдыктарга түспөлдөшүп кеткен жашы алтымыштардагы чүңүр көз киши. ТЭЦте от жаккыч болуп иштейт экен. Кудайдын куттуу күнү мас болуп келип, кемпирин сабап кирет. Назира апай менин жаныма качып келет да, Равил байкенин зөөкүрдүгүн айтып, күйөөсү уктаганча даттанып отурат. Биринчи күйөөсү экөө кантип ажырашканын божурап берет.
Мен окуп аткан китебимди терезеге коём да канча жолу уккан икаяны дагы угумуш болуп калам. Күйөөсү экөө жаңыдан баш кошкон кезде Сибирге иштегени барышкан экен. Күйөөсү карагай кесип, өзү болсо карагайчыларга тамак жасап, эки жылда аябагандай көп акча табышат. Барар замат там сатып алабыз деп үлкөн-үлкөн пландарды түзүшөт. Бирок тапкан акчалары экөөнү бардар турмушка жеткирип, бактылуу кылмак турсун, тескерисинче, ажыраштырып тыныптыр. «Эки күн кассада билетке кезек күтүп, үчүнчү күн дегенде араң поюзга отурдук. Күйөөм сумкадагы акчаны мага берди да: «Бекем кармап отур, мен азыр келем» – деп кетти. Эки күн вокзалда отуруп чарчаганбыз. Сумканы башыма жаздандым да уктап кетипмин. Бир маалда бирөө түртүп ойготту. Көзүмдү ачсам күйөөм экен. «Сумка кана?» – дейт. Карасам сумка жок. Бирөө эски фуфайкени башыма жаздантып коюп, сумканы уурдап кетиптир. Жини кайнаган күйөөм чачыман кармады да (такымыма жете турган узун чачым бар эле) тамбурга сүйрөп барып, поюздан ыргытып ийди».
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.