Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа

Мамат САБЫРОВ

Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа

Көрөөр күнү, ичер суусу бар экен Назира апай тоголонуп барып, калың карга сайылып калыптыр. Темир жолду караган жумушчулар аны ошол жерден таап, ооруканага жеткиришет. «Кантип издеп таап алганын билбейм, көзүмдү ачсам күйөөм турат. Үстүнө ак халат жамынып алып, күнү-түнү кроватымдын башында кечирим сурап отурду. Бирок ичим ушунчалык муздап калган экен, такыр кечире албай койдум» – дейт.

Андан кийин дагы бир күйөөгө тийип, экөө отуз жылдай чогуу жашашат. Анан 5 жыл мурда ал киши катуу орууга чалдыгып, кайтыш болуп кетет. Назира апа ТЭЦтин ашканасында иштечү экен.

Ошол жерден Равиль байке менен мамилелеш болуп жүрөт да, бир күн анын үйүнө көчүп келип алат. Экинчи күйөөсүнөн бир баласы бар экен. Жашы отуз бештердеги кейпи аракечке окшогон жигит айына бир жолу, Назира апа пенсия алар күнү пайда болуп калчу. Анан апасын алдап-соолап, болбосо тилдеп, акыры акчасын алган соң кайра көздөн кайым болот. Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апа.

 

* * *

 

Эртең менен кроватта жатсам Назира апа кирип келди.

– Улым, тур. Жүр мени менен.

Назира апа алдыга түшүп жөнөдү, мен артынан ээрчидим. Күйөөсү экөө жашаган үйгө кирген соң отура калып мештин оозун ачты да он чакты бош шишени алып чыкты. «Тройной одеколондун» шишелери экен.

– Атыр ичеди, – деди Назира апа. – Ар бир шишесин үч сомдон сатып алады.

Равиль байке менен учурашканда дамамы атыр буруксуп турат. Мен өзүм мурда сакал-мурутумду кырынган соң одеколон сүйкөп койчумун (мурда дегеним, азыр атыр да дефицит болуп кеткен).

Байке да кырынган экен го дейин десем сакал муруту дегеле устара көрбөгөндөй саксайып жүрөт. Анан эки эрининин ортосундагы тырмактай жери кара так болуп турчу. Көрсө, атыр ичкенде куйкаланып күйүп калат тура.

Назира апа мага жалдырай баштады.

– Сен айт. Равиль агай, ичпе де. Ажейди урба де.

– Макул.

Бирок бул сөздү Назира апаны сооротуш үчүн эле айтып койгонум менен алтымыштан ашып калган кемпир-чалдын, болгондо да өзүм жашаган батирдин кожоюндарынын үй-бүлөлүк чыр-чатагына кийлигишейин деген ниетим жок болчу. Назира апа мынчалык мага үмүт артып калган соң ыгы келгенде бир ооз ичпеңиз деп суранса суранып көрөйүн. Бирок кемпир андай ыңгайлуу учур болушуна жеткирбей, ошол эле күнү кечинде мени колуман сүйрөгөн бойдон үйүнө жетелеп барды.

– Че, этого пацана привела? – деди Равиль байке мени көргөндө келекелегендей.

Кыязы, Назира апа күйөөсү дагы сабаганда: «Азыр бирөөнү ээрчитип келип, сага көргүлүктү көрсөтөм» – деп коркутуп кеткен окшойт.

– Улым милийса, – деди Назира апа. – Тынч жатып калбасаң азыр алпарып камайды.

Назира апанын бул сөзү мен үчүн күтүүсүз нерсе болду. Бир жолу каерде иштейсиң деп сураганда, милицияда деп койгом (Ошол күндөрү чындап эле ИИМдин «Бетме-бет» гезитине ишке кирмекчи болуп, чуркап жүргөм. Бул редакцияда иштеген журналисттер офицердик наам алып, кадимкидей форма кийишет. Бирок мына-мына буйрук чыгат деп атканда башка бирөөнү алып коюшту). Эми бурчка камалып, артка жол жок болуп калган соң өзүмө мүнөздүү болбогон ролду ойноого туура келди.

– Байке, эмнеге чыр салып атасыз? – дедим кабагымды карыш салып. Эң кызыгы, бул тактика таасир этти. Равиль байке менин иш таппай жүргөн бир байкуш экенимди билчү эмес. Эртең менен папкамды колтуктап алып, чыгып баратканымды гана көрүп калчу.

Андыктан, Назира апанын улым милийса дегенине ишенди окшойт. Эми эле кирген буурадай албууттанып, буркан-шаркан түшүп аткан киши бир заматта жоошуп, жайпаңдай түштү.

– Кел, Мырза, отурчу. Иштериң кандай болуп атат?

Мен отурган да, суроосуна жооп берген да жокмун.

– Байке, экинчи эжеге кол көтөргөнүңүздү көрбөйүн, – дедим ого бетер кабагымды салып. – Уктуңузбу?

Равиль байке мени кучактап калды эле оозунан кайра атырдын жыты «бур» эте түштү.

– Болду, болду... Отурсаң, чай ичели.

 

* * *

 

Криминалдык район деп коюшканы менен Төкөлдөштүн ичи тынч эле экен. Мен кечке жуук квартирама келатканда уйгурлар жолдун боюнда эки-үчтөн болуп карта чабышып аткан, же дутар чертип, ырдап отурушкан болот. Мага эч ким тийишмек турсун катуу айткан да жок. Тескерисинче, кечинде сыртка чыга калсам кошуна жашаган уйгур аялдар ал-жайымды сурашып, чайга чакырышчу.

07.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.