МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

ЗАРЛЫК

МУКАЙ ЭЛЕБАЕВ

— Эмесе чыныңды айт.

— Чыным ошо, ууру эмесмин. Соодагерлердин дүкөнүн бузуп бул алгыдай алым турабы? Мындайды өлүп баратсам иштебеймин да…

Андай болгондо кызга барып келе жатып уктап калсаң керек!

Ушинтип туруп, бир кезде мындан экөө бөлүнүп күбүрөшө түштү да, кайта келип бирөө мындай деди:

— Бар эмесе, экинчи көзгө түшчү болсоң, балам!..

* * *

Базардын борбор көчөсү менен батышты карай кет- кенде чоң суунун боюнда бир бийикче келген, төбөсү тунукелүү кызыл үй бар эле. Бул Отднароб . Башка мекемелерден алые да, жалгыз да. Муну Зарлык биринчи көрүшү.

Үстүнкү кабатына чыга бере, жүргөн элден жөн сурай, бир үйгө кирип барса, төркү терезе түбүндө, салмактуу келген гана бир адам отурган экен. Зарлык мышыктай жыла басып келип, столдун бир жак Капталына тура берген кезде, тиктеп отурган бирдемесин коё коюп, «кулагым сенде» дегендей шашпай гана салмак менен бир жагына бурулуп койду да, кийин жагынан адамдын сыртына өтүп кетчүдөй акылдуу, сабырлуу көк көзү Зарлыктын бутунан башына чейин бүткөн боюн бир сыйра чолуп өттү.

Мунун кыясын байкап алган соң Зарлык да кидирген жок. Тиги киши кыргызча шар кетпегени менен тилди дурус түшүнөт. Бул арага келгени айдан ашык болгонун, ошондон бери жүрүп эч бир жерге орношо албаганын, көргөн күнүн, өзү жетим экенин терип-тепчип, бир топ арыз-арманын сүйлөп келип аягында:

— Ушинтип, эми сизден гана бир айла болор деп келдим. Тагдырым сизде гана калды,— деди Зарлык…

Бул кезде Караколдо «казыналык окуу» дегенден интернат гана, Зарлыктын дарты ушул экөөнүн бири. Булардан башка да бирин-серин курстар боло турган. Аларга жарабайт.

Ушунун баарын баштан-аяк айтып чыкканча Зарлыктан бир эли көзүн албай, ырайымдуу, жылуу жүз менен барлык назарын салып унчукпай гана кадалып отурду. Ал сөзүн түгөткөндөн кийин, эми бардык абалына көзү жетип, түшүнүп болгондой каламын кармаган боюнча баятан бери чекесин таянып отурган колун тартып алып, бир ооз кеп сурабастан, алдына кагазын оңтойлоп, бирдеме жаза турган болуп келди да, кайтып ойлонуп туруп мындай деди:

— Бир айдан кийин кел. Сени…

— Ага дейре мен өлүп калам го, садагаң кетейин!— деп салбырай түшүп жалдырап жүзүнө карады.

Киши дагы ойлонуп калды.

— Андай болсо бир жерге дайындап коёюн. Ошондо жүрө тур.

Бир аялды сыртка жумшап жиберип, ал кайра келгенден кийин Зарлыкка:

— Күтө тур. Ушул жерден кошуп берем ал кишиге, — деди.

Мунусу мекеме тарай турган мезгилде гана келди. Бетинде сепкили бар, мурдунун учу кыпчып койгондой кууш, сары сакал, тартайган жонумдуу киши. Бул да бир жерде кызматкер экен.

Зарлыкты колмо-кол тапшырып көздөтүп койгон соң, кечикпей ушунун артына түшүп жөнөп берди.

Үйү Отднаробдон ары беш көчө, шаардын чет жагында экен. Бүлөсү көп эмес, аялы, 15-16 жашар кызы болуп, өзү менен үч баш. Өзүнөн аялы картаңыраак. Малдан үч-төрт уй, эки, ат, чочкосу бар.

Келгенине бир жума болбой жатып, Зарлыктын араба кошконун, жумуш кылганын — баарын жактырып калып:

— Сен оруска малай көп жүрсө керек,—деди бир күнү.

— Жүргөнмүн.

— Ошондой. Жумуштуку баарым амал билесиң. Дагы күч көп сеники…

Бирок мындан Зарлык алымсынгандай деле жумуштун кебетеси жок. Күндө эртең менен туруп, уйларды бадага кошуп коюп үйгө кайткан соң мал короону тазалайт. Самоорун өздөрү коюучу. Чайдан кийин бир аз отун кесип салат. Ушундан кийин кечке жуук гана барып аттарга чөп чаап келгенге дейре кол бош өңдүү. Күнү бою тынбай кыймылдаган кездер аз.

Аялы муну бир сапар араба айдатып алып, Кызыл Сууга барып келди. Кай бир жедеп зериккен күндөрдө базар жакка басып келүүчү. Отднароб — ушул көчөдө. Ары-бери өткөн сайын көзүнө жылуу көрүнөт. Жатса-турса да бул оюнда.

Көбүнесе эшик алдында, көпүрөгө жаңсай чыккан бир жоон терекке жөлөнөт да, көчөдө бирин-серин өткөн-кеткенди эрмек кылат. Бар көңүл ачары ушул.

— Ух, жалгыздык!

Туура бири деген күнү эртең менен салып отуруп Отднаробго келди. Бул түнү уйку көргөн эмес. Бирок баягы киши жок экен. Сыртта, баскычта бозоруп күтүп олтурушат. Тоонун башы боз чаңгыл тартып билинер- билинбес жел аралаш күн дыбырттап турган.

30.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.