СААДИ
Бустан: «Өлтүрөм» деп, «көргөзөм» деп башкаруу – Өз тамырын өзү кыркып жатканы
СААДИ
Перс адабияты үчүн Саадинин ысмы кыргыз адабияты үчүн Алыкулдун ысмы кандай мааниге ээ болсо ошондой. Ирандыктар азыр да эне тилин Саадинин чыгармалары боюнча үйрөнүшөт, ал эми батыш университеттеринин студенттери ирандыктардын руханий дүйнөсүнүн сырларын таанышат. 1654-жылы немис саякатчысы Адам Олеарий «Гүлстанды» – Саадинин эң популярдуу чыгармасын – немис тилине которгон. XVII-XVIII кк. Европада бул китептин көп сандаган кайра иштөөлөрү пайда болгон. Ал эми XVIII к.а. анын чыгармалары орусчага которулган.
Шейх Абу Абдаллах Муслихаддин Саади аш-Ширази классикалык перс адабиятынын бардык алдыңкы жанрларында поэтикалык жана прозалык мыкты чыгармаларды жараткан, жана анын адабий мурасы биздин күндөргө аман-эсен жеткен. Анын өмүрү жөнүндө ишенимдүү маалыматтар көп эмес, бирок ал өз китептеринде өзү баштан кечирген окуялар жөнүндө көп тарыхтарды айткан. Чынында, ал өзүн окугандарды алдап жатканын билүү кыйын.
Саадинин өмүрүн үч мезгилге бөлүү кабыл алынган: окуу жылдары, жер кезүү жылдары жана чеберлик жылдары. Ирандык авторлорго ылайык акын 1183- жана 1190-жж. арасында Фарс провинциясынын башкы шаары Ширазда төрөлгөн жана кичине кезинен эле окуй баштаган. Кийин ал уруп-сабап болсо да аны билимге ынтызар кылган өз устаттарын мактоо менен эскерген, анысы үчүн кудай Саадиге улгайган кезде жакшы үлүш жана каалоолорунун аткарылышын берген. 12 жашында жетим калган баланы Фарстын өкүмдары халифаттын борбору Багдадга жиберген, бул жерде ал мусулмандык Чыгышта атактуу Низамийе мектебинде окуусун уланткан. Анда сабактар араб тилинде өтүлгөн. Саади ошол кездин түшүнүктөрү боюнча кесипкөй акын жана адабиятчы үчүн милдеттүү болуп саналган фундаменталдуу жана ар тараптуу билим алган.
Иран жерине монгол жапырыгы башталган XIII к. 20-жж. Фарс да талануу коркунучуна кептелип, дүйнө Саадинин сөзү менен «негрдин чачтары сымал тик турганда», ал өскөн жерин таштап, мусулман дүйнөсү боюнча башаягы 30 жылга созулган саякатка чыгат. Ал Сирияда, Египетте, Месопатомияда, Кичи Азияда болот, Мекеге бир нече жолу ажылыкка барат, кээ бир маалыматтар боюнча Индияга чейин жетет. Ага Дамаск шаарынын аянтында насаат айтып курсак тойгузганга да туура келет. «Гүлстандын» барактарында Саади кантип «өлүү жүрөк адамдарга кайрылганын», «төөлөрдү жакшылыкка үйрөткөнүн» жана «сокурлардын алдына күзгү койгонун» көңүлсүз эскерет. Ал дин аалымдарынын окумал диспуттарына катышат, бирок, суучу болуп иштөөгө да туура келет. Бир жолу кресттүүлөргө туткунга да түшөт жана Алепполук тааныш көпөс бошотуп алганга чейин Триполидеги согуштук сепилде аң казат. Бардык ушул жылдарда Саади аны турмуш жолуктурган өкүмдарды баш айлантма-мактоочу касыдаларда даңазалап, ашыктарды ширин тилдүү газелдерде ырга салып жана мүмкүн, дидактиканын болочок жыпар жыттуу «бакчалары» – «Бустан» менен «Гүлстан» үчүн жазуу жүргүзүп, жазып келет.
1256-ж. гана улгайып жана атактуу акынга айланып, Саади туулуп-өскөн Ширазына кайтып келет. Кийин ал акылманга эки өмүр керек: бири – тажрыйба топтоо үчүн, башкасы – аны колдонуу үчүн деп белгилейт. Мекенинде анын экинчи өмүрү жана биографиясынын үчүнчү мезгили – жетилген чеберлик жылдары башталат.
Шираздын өкүмдары Абу Бакр ибн Саад ибн Занги (ал монголдорго өз ыктыяры менен багынып, мунусу менен шаарды талоондон сактап калган) Саадини жылуу тосуп алат, ага аксарай акынынын ордун сунуш кылат. Бирок баштан көптү кечирген саякатчы Шираздан алыс эмес суфий турагынан орун алып, шакирттерге насаат айткан жана акылмандыкты издөөгө жол көрсөткөн шейх катары жашоону артык көрөт. Ал өлөр-өлгүчө поэтикалык ишмердүүлүгүн токтотпойт. Шираздагы Саадинин күмбөзү көп ирет кайра курулуп, бүгүнкүгө чейин сакталып жана улуттук ыйык жай, сыйынуу орду болуп саналат.
Ширазга кайтып келип, Саади 1256-1257-жж. «Бустанды» («Жемиш багы»; перс тилинен сөзмө-сөз которгондо «жыпар жыттуу орун» дегенди түшүндүрөт) – көлөмү төрт миң бейттен ашык поэтикалык трактатты жазат. Бул чыгарма маснави формасында, б.а. жубу менен рифмалашкан жарым ырлар – мисралар менен ыр – бейттерде жазылган. Ал мистиктин акыйкатты издөө жолундагы жүрүм-турум эрежелерин сүрөттөгөн суфийлик дидактикалык поэма менен адамзаттык жалпы жашоо жөнүндө баяндаган динден тыш насыят поэмаларынын салттарын бириктирген.