СААДИ

Бустан: «Өлтүрөм» деп, «көргөзөм» деп башкаруу – Өз тамырын өзү кыркып жатканы

СААДИ

Киришүүдө, жанрдын талабына ылайык, Жаратканга, Мухаммад пайгамбарга, төрт адилет халифке, бийлик башындагы өкүмдарга, керек болсо анын уулуна да, мактоо камтылган. О.э. китепти түзүүнүн себептери жөнүндө айтылган. Ал адамдын бактысы үчүн курулган аксарайга салыштырылган жана кирүү үчүн он дарбаза салынган, б.а. он баптан түзүлгөн. Биринчи бап, «Адилеттик жана дүйнөнү бийлөө эрежелери жөнүндө», – бул падышалык дарбаза. Ага кирген адам өкүмдарга кеңештер жана насааттар жөнүндө билет (ушул эле тема исламга чейинки мезгилдеги перс авторлорунда да бар).

Мисалы, өкүмдар Жараткандан коркууга, душмандардан коркпоого, букараларына кам көрүүгө, иштерде акылман жана адилет болууга тийиш. Ал эми жерлерди жеңип алууга умтулганда ал баскынчы-падышанын башсөөгү аны таап алган календерге эмне айтканын унутпашы керек:

Мен дагы көп аймакты каалар элем,

А бирок минтип болдум курттарга жем.

Экинчи дарбаза адамдарды «Жаратканга жакшылыгы үчүн марттык менен төлөөгө» үйрөтүү үчүн; үчүнчүсү «сүйүүдөн ырахаттануу» жөнүндө айтуу үчүн, жөнөкөй адамдардын канындагы сүйүү эмес, сулуулукту Жараткан үчүн сулууларды унуткан суфийлердин жүрөгүн өрттөгөн сүйүү жөнүндө, ачылат. Бирок асмандык сүйүү идеалдары жерлик сүйүүнүн баарына бийлик кылуусу жөнүндөгү колориттүү баяндардын ичинде ачылат. Төртүнчү, бешинчи жана алтынчы дарбазалар окурмандардын алдында жупунулук жана момундук кодексин таанууга жол ачат.

«Тарбиялоо жана ылайыктуу жүрүм-турум жөнүндө» деп аталган жетинчи бапта ойлонбой сүйлөөдөн унчукпоонун, жакшы сөздүн заар сөздөн артыкчылыгы көптөгөн мисалдар менен көрсөтүлөт.

«Алкыш жөнүндө» сегизинчи дарбаза адам «адамдын колдору кайсы күч менен кыймылга келерин» бир мүнөт да унутпасын үчүн, жана кандай кайгыга батса да жөнөкөй адамдарды жашырын жолдор менен алып жүрүүчү Жаратканга жүз эсе мактоо айтсын үчүн ачылат. «Тобо кылуу жөнүндө» деген бапта камтылган баяндар өмүрдүн кыскалыгы жана эртеңкиге калтырбай бүгүн жакшылык кылуу, күнөөдөн арылуу, анткени «кечээ» өтүп кетти, ал эми «эртең» эч кимге белгисиз экендиги жөнүндөгү жалпы идея менен бириктирилген. Онунчу дарбаза – «Дубалар жана китептин тыянагы» – насыяттардын пайдасын көргөн ар бир адамды «кылымдар кулпу билбеген» эшикке кирүүгө жана дубаларын Жаратканга багыштоого чакырат. Эгер Ал өз жоомарттыгынын чени менен кечирсе, жерде күнөөкөрлөр калбайт эле, эгер өз күнөөсүнүн чени менен жазаласа, анда баарысы тозокко бармак. Демек, адамга – үмүттөнүү менен көз жаш калат, ал эми Жараткан эмне кыларын өзү жакшы билет.

Бир жылдан соң жазылган Саадинин экинчи дидактикалык чыгармасы «Гүлстан» (1257-ж.) авторго адегенде улуттук, анан дүйнөлүк даңк апкелген. Ал канзада Саад ибн Абу Бакр ибн Саадга (анын ысмын Саади өз тахаллусу үчүн тандап алган) арналган. Бул чыгарма жөнөкөй жана көркөм ритмикалык проза – садж менен жазылган жана ыр түрүндөгү кириндилер абдан көп.

Ал мезгилге карата поэтикалык жана прозалык «күзгүлөрдү» түзүү салтына Иранда көп кылым болуп калган. Саади топтолгон тажрыйбаны бүт пайдаланат, бирок аны насыят эмес, насыятты бекемдеген тарых кызыктырат, моралдык насааттарды ал айтылгандан чыгарылган афористтик тыянактарга айлантат. «Гүлстан» ташка тамга баскандай корутундулар менен жабдылган турмуштук анекдоттордун жыйнагы болуп калат. Мында окуялардын каармандары коомдун ар түрдүү катмарларынын өкүлдөрү жана ар түрдүү шаарлар менен өлкөлөрдүн тургундары – падышалар менен министрлер, колөнөрчүлөр менен жөнөкөй эмгекчилер, кедей дервиштер менен суфийлик шейхтер, окумуштуу-философтор менен мусулман дин аалымдары, көп учурларда китептин авторунун өзү да болуп калат. Так ошондуктан «Гүлстан» перс дидактикасынын шедеври да, Жакынкы Чыгыш орто кылымдык шаарларынын турмуштук адебин чагылдырган тарыхый булак да катары бааланат.

Батыштык окурман Саадинин ысмын негизинен «Гүлстан» менен байланыштырат, бирок перс адабий таасири бар өлкөлөрдө (Иран, Афганистан, Түркия, мусулмандык Индия) шейх «газелдин пайгамбары» катары да даңазалуу. Саади мистикалык ырларынын эмоционалдык чыңалгандыгын сүйүү ырларынын чеберлиги жана кынтыксыздыгы менен бириктирген.

07.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.